103news.com
World News in Kyrgyz
Февраль
2018

Новости за 09.02.2018

Ошто энеси сабап койгон бала эсине келе элек

Azattyk.org 

Ошто энеси сабап койгон бала эсине келе элек. Бул тууралуу Ош облустук балдар ооруканасынын башчысы Ташбай Алиев билдирди. Дарыгердин айтымында, баланын абалы бир аз турукташып калды, бирок оор бойдон турат. Наристенин бөйрөктөрү жабыркаган жана мээсине кан уюп калган. Маалым болгондой, 4-февралда А. Д. аттуу келин Ош облустук ооруканасынын реанимация бөлүмүнө оор жаракат алып, эстен танып калган баласын алып келген. Ал 2 жаш 8 ай болгон баласын “тепкичтен кулап кеткен” деп түшүндүргөн. Наристенин денесин кароо учурунда ал денеси көгала... Читать дальше...

Олимпиада Бишкек убактысы боюнча саат 17.00дө ачылат

Azattyk.org 

Түштүк Кореянын Пхёнхчаң шаарында өтчү 23чү Кышкы Олимпиаданын ачылыш аземи 9-февралда, Бишкек убактысы боюнча саат 17.00дө башталат. Салтанатка катышканы бир катар өлкөлөрдүн президенттери, премьер-министрлери келишти. Алардын арасында  Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын карындашы Ким Йо Чон жана АКШнын вице-президенти Майк Пенс да бар. Андан тышкары, ачылыш аземин стадионго чогулган 35 миңдей киши да көрөт. Сууктан улам иш-чара эки саатка чейин кыскартылды. Уюштуруучулар чогулгандарга топуларды... Читать дальше...

Исаков: Кыргызстанда жашоо оңолуп баратканы үчүн эл Бишкекке көчүп атат

Azattyk.org 

Кыргызстанда жашоо оңолуп, жашоочулардын акчасы көбөйүп жатканы үчүн алар аймактардан Бишкек шаарына көчүп келип жатышат. Мындай пикирин бүгүн өкмөт башчы Сапар Исаков Бишкек мэриясынын коллегиялык жыйынында айтты: - Бүгүнкү күндө борбор шаарда миллион адам жашайт. Бул абдан чоң көрсөткүч. Кийинки жылдары ири урбанизация болду, биздин аймактардан көп адамдар Бишкекке көчүп келишти. Бул Кыргызстанда жашоо оңолуп баратканынын белгиси. Адамдар акча таап, борбор шаардан квартира, кыймылсыз мүлк, жер участогун сатып алып Бишкекте жашап жатышат. Читать дальше...



Назарбаев Казакстандын өкмөт башчысын зекиди

Azattyk.org 

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өкмөт башчы Сагинтаевди "өзүңөрдүн ишиңерди сындабайсыңар" деп зекиди. Бүгүн Казакстандын баш калаасы Астанада өкмөттүн кеңейтилген жыйыны өтүп, анда премьер-министр Бакытжан Сагинтаев сөз сүйлөп, өкмөттүн жетишкендиктери, экономикалык жана социалдык өсүштөрү тууралуу айтты. Сагинтаевдин сөзүнөн кийин президент: “Жакшы, жакшы сүйлөдүң, бирок өз ишиңерди сындабай жатасыңар” деди. Жыйында башка министрлер да президенттин каарына калышты. Банк тармагындагы кырдаал иш-чаранын негизги темасы болду. Читать дальше...

Эл аралык сот 45 орусиялык атлеттин арызын канааттандырган жок

Azattyk.org 

Спорт боюнча эл аралык арбитраждык сот 45 орусиялык атлеттин жана эки машыктыруучунун арызын канааттандырган жок. Алар Түштүк Кореянын Пхёнчхаң шаарында бүгүн башталып жаткан оюндарга катышуу укугунан ажыраткан Эл аралык Олимпиада комитетинин чечимине каршы сотко даттанышкан. Спортчулардын арасында кыска аралыкка чуркоо же шорт-трек боюнча Олимпиаданын алты жолку чемпиону Виктор Ан, биатлонист Антон Шипулин жана лыжачы Сергей Устюгов да бар. Эл аралык Олимпиада комитети бул спортчуларга кызытма... Читать дальше...

Нарын: этти экспорттоо кыялы

Azattyk.org 

Өкмөттүн Нарындагы өкүлү Аманбай Кайыпов ушул айдын башында Түркиянын Анкара жана Кастамону шаарларына барып, бийлик өкүлдөрү жана ишкерлер менен жолуккан. Иш учурунда ал Түркияга Нарындан эт экспорттоо тууралуу макулдашып келген. Бирок экспортко керектүү этти өндүрүүгө облустун мүмкүнчүлүгү жетеби? Нарындан өндүрүлгөн эт эл аралык стандартка жооп береби?

Адегенде жайыңды айт...

Azattyk.org 

Кыргыз тилинде бир эле сөз бир канча маанини билдирген кездер болот. "Сөз дайра" берүүбүздө мына ошол сөздөрдүн маанисин чечмелейбиз.

Караколдо сөз эркиндигине байланышкан жыйын өттү

Azattyk.org 

Каракол шаарындагы Кыргызстандагы сөз эркиндигин талкуулаган жыйынды Сөз эркиндигин коргоо комитети, анын төрагасы Адил Турдукулов уюштурду.  Ысык-Көл облусундагы жергиликтүү укук коргоочулар, юристтер, Каракол шаардык кеңешинин депутаттары катышкан тегерек үстөлдө аймакта болуп жаткан адам укуктарына байланышкан маселелер, мамлекеттик органдар менен карапайым адамдардын ортосундагы мамиле бузулуп жаткан жагдайлар тууралуу кеп болду. Мындан тышкары, учурда камакта жаткан саясатчылардын кандай жагдайда соттолгону... Читать дальше...



Уайт: АКШ Сирия өкмөтү менен чатакташууну каалабайт

Azattyk.org 

Кошмо Штаттар Сирия өкмөтү менен жаңжалдашууну каалабайт, бирок өзүн коргоого укуктуу. Мындай билдирүүнү АКШнын Коргоо министрлигинин өкүлү Дана Уайт бейшемби күнү кечинде Вашингтондо өткөргөн брифингде билдирди. Ал ошондой эле Вашингтон Улуттар Уюмунун Сирияда бир ай ок атышпоо мөөнөтүн жарыялоо тууралуу сунушун колдой тургандыгын айтты. Бул убакыт ичинде курчоодо калган аймактарга гуманитардык жардам жеткирилет.  8-февралда АКШ башында турган эл аралык коалициянын күчтөрү өлкөнүн чыгышындагы... Читать дальше...

Ошто мусулман аялдардын укугу талкууланды

Azattyk.org 

Ошто “Аялдардын үй-бүлөдөгү жана коомдогу ролу тууралуу ислам эмне дейт?” деген аталышта талкуу болуп өттү. Анда светтик өлкө болуп саналган Кыргызстандагы мусулман аялдардын укугу да кеңири талкууланды.

Өзбекстандан келген делегация Оштогу ишканаларды кыдырууда

Azattyk.org 

Өзбекстандын тышкы соода министри Жамшид Ходжаев жетектеген делегация бүгүн Оштогу бир катар ишканаларды кыдырууда. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди. Делегация мүчөлөрү Ош шаарында жашылча-жемиштерди кайра иштеп чыгаруучу “Келечек” акционердик коомунун, автоунаа кураштыруучу “Эстакада автоборборунун”, пластик жана алюминий эшик-терезелерди чыгарган “Имзо ЛТД” фирмасынын иштери менен таанышты. Коңшу өлкөдөн келген делегация Кыргызстандын экономикалык министрлигинин аймактагы өкүлчүлүктөрү... Читать дальше...

Өкмөт “жол мафиясы” менен күрөштү күчөтөт

Azattyk.org 

Өкмөт жолдо оор автоунаалардын жүрүшүнө себепчи болгон “жол мафиясы” менен күрөштү күчөтөт. Бул тууралуу вице-премьер Дайыр Кенекеев бүгүн Транспорт жана жолдор министрлигинин коллегиялык жыйынында билдирди.  - “Жол мафиясы” деген термин бар экен, ошол мафиянын өкүлдөрүнө менден салам айтып койгула. Биз ал мафияны тез эле таап, жазасын беребиз. Акыркы эле бир фактыны айтайын. Салмак габариттик көзөмөл пунктундагы кызматкерлер ашыкча салмак менен жолдо жүрүүгө уруксат берген. Алар биринчи пункттан өткөрүп... Читать дальше...

Бишкек мэриясы жаңы 52 троллейбус сатып алды

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын мэриясы жаңы 52 троллейбус сатып алды. Бул тууралуу калаа жетекчилигинин коллегиялык жыйынында борбор шаардын вице-мэри Ренат Макенов билдирди. Анын айтымында, троллейбустар 2018-жылдын июнь айына чейин келип бүтөт. Транспортторду тендерден уткан Орусиянын “Тролза Маркет” жана Беларустун “Белкоммунмаш” заводдору Кыргызстанга жеткирип беришет. Вице-мэр Ренат Макенов троллейбустар кайсы каражатка алынганын жана ар биринин баасын тактаган жок. Бишкек шаардык мэриясы билдиргендей, шаарда азыр 131 троллейбус бар. Читать дальше...

Иран тасмаларындагы доор үнү

Azattyk.org 

Бишкекте иран тасмаларынын жумалыгы өтүп жатат. 7-февралда башталган иш-чаранын биринчи күнүндө “Кыял чабытынын таттуу даамы” аттуу көркөм фильм көрсөтүлдү.

Араванда жазгы талаа иштери башталды

Azattyk.org 

Араван районунда жазгы талаа иштери башталды. Бул тууралуу райондун акиминин орун басары Тойчубек Сатыбалдиев билдирди. Анын айтымында, айыл-кыштактарда талаалар айдалып, суу арыктары чабылып бүттү. Дыйкандардын көбү картошка эге баштады. Капуста, түрп, шалгам жашылчаларын отургузуу да жанданды. Башка эгиндердин үрөндөрү камдалып, себүүгө даярдалып турат. Араван районунун климаты жылуу болгондуктан, Кыргызстандын башка аймактарына салыштырмалуу бул жерге жаз жыл сайын эрте келет. Жылда дыйкандар 20-февралдарда талаа иштерин баштаса... Читать дальше...

Олимпиада чемпиону Мария Кулчунова 60 жашта. Спортчу тууралуу 7 факты

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Бүгүн, 9-февралда, СССР спортунун эмгек сиңирген чебери, жеңил атлетика боюнча Олимпиада чемпиону Мария Жумабай кызы 60 жашка толуп, үй-бүлөсү, достору, замандаштары куттуктап жаткан учуру.

Султан: ТИМ Кореяга жеке иштери менен келгендерди тосуп алууга жумшап атат

Azattyk.org 

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан Тышкы иштер министрлиги элчиликти бул өлкөгө жеке иштери менен барган кишилерди тосуп алууга мажбурлап жатканын айтып чыкты. Элчинин айтымында, министрлик мындай тапшырмаларды расмий жөнөтүп жатканы мыйзамга туура келбейт:  - Негизи Тышкы иштер министрлигинен Түштүк Кореяга жеке иштери менен келген жарандарды тосуп алууну талап кылган тапшырма берилбеши керек. Анткени окууга же башка бизнес иштери менен келген кишилерди тосуп алуу элчиликтин милдетине кирбейт. Читать дальше...

Коррупция - мамлекеттин шору

Azattyk.org 

Коопсуздук кеңешинин 8-февралдагы жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөш натыйжалуу жүрбөй, мамлекеттик түзүмдөр өздөрү ага малынып, милдеттерин толук аткара албай жатканын сынга алды.

Ош, Жалал-Абад шаарларынын айрым райондоруна эки күн газ берилбейт

Azattyk.org 

Ош шаарынын Монуев, Масалиев, Асранкулов  көчөлөрүндө жана Жалал-Абад шаарынын Могол, Фабричная көчөлөрүндө эки күнгө газ берүү токтотулат. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады. Билдирүүдө айтылгандай, 9-12-февралдарга белгиленген өчүрүү оңдоп- түзөө иштерине байланыштуу киргизилди. Мекеме жарандардан жагдайды түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт. 2014-жылы Кыргызстандын “Кыргызгаз” ишканасы Оруcиянын “Газпром” ишканасына сатылып, “Газпром-Кыргызстан” ишканасы түзүлгөн. Читать дальше...


Музыкальные новости
Игорь Бутман

Радио Jazz представило Игоря Бутмана в составе жюри премии «Все цвета джаза»





Rss.plus
Дмитрий Медведев

Медведев предупредил мелкие страны НАТО: Останется "мокрое место"




Казань попала в топ-10 городов, где сохранились дореволюционные здания

Стоит ли отдавать ребенка в частную школу?

Дочь лидера «Хезболлы» убили в результате удара Израиля по Бейруту

Канчельскис сравнил Лондон с Москвой: «Британцы хотят сделать его резиновым. Но до нас пока далеко»




Ош, Жалал-Абаддын айрым райондоруна газ берүү эки күнгө токтотулат

Azattyk.org 

Ош шаарынын Монуев, Масалиев, Асранкулов  көчөлөрүндө жана Жалал-Абад шаарынын Могол, “Фабричная” көчөлөрүндө эки күнгө газ берүү токтотулат. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ишканасынын маалымат кызматы кабарлады. Билдирүүдө айтылгандай, 9-12-февралдарга белгиленген өчүрүү оңдоп- түзөө иштерине байланыштуу киргизилди. Буга байланыштуу мекеме жарандарды түшүнүү менен кабыл алуусун өтүнөт. 2014-жылы Кыргызстандын “Кыргызгаз” ишканасы Оруcиянын “Газпром” ишканасына сатылып, “Газпром-Кыргызстан” ишканасы түзүлгөн. Читать дальше...

Саясий ачкачылыкты бийлик этибар албады

Azattyk.org 

Жарандык коом өкүлдөрү саясий ачкачылык жарыялаган саясатчылар Бектур Асановдун, Кубанычбек Кадыровдун жана Эрнест Карыбековдун жагдайына бийлик көңүл бурбай жатканын айтып чыгышты.

АКШ талиптерге каршы күрөштөн күчүн аябайт

Azattyk.org 

Кошмо Штаттар Ооганстанга аскерий жана чалгындоо максатында колдонула турган учактарды жеткире баштады. Бул тууралуу Ооганстандагы америкалык күчтөрдүн жогорку даражалуу кол башчысы 8-февралда билдирди.

Кыргызстан бир жылда 400 миң тоннага жакын эт өндүрдү

Azattyk.org 

Кыргызстан 2017-жылы 395 миң тонна эт өндүрдү. Бул тууралуу Экономика министрлиги кабарлады. Бул көрсөткүч 2016-жылга караганда жети миң тоннага көп. Айыл чарба министрлиги Кыргызстан өндүргөн эттин миң тоннага жакыны гана чет жакка экспорттолорун билдирген. Мекеме ошону менен бирге Казакстандан, Орусиядан жана Украинадан да Кыргызстанга эт келип турарын кабарлаган. 19-январда парламенттеги жыйында айыл чарба министринин орун басары Эркин Чодуев Кыргызстан Кытайдан эт импорттоп келүүгө чектөө киргизгенин айткан. Читать дальше...

Кыргызстан бир жылда 400 тоннага жакын эт өндүрдү

Azattyk.org 

Кыргызстан 2017-жылы 395 тонна эт өндүрдү. Бул тууралуу Экономика министрлигинен кабарлашты. Бул сан 2016-жылга караганда жети тоннага көп. Маалым болгондой Кыргызстан өндүргөн эттин миң тоннага жакыны гана чет жакка экспорттолорун билдирген. Ошол эле кезде Казакстандан, Орусиядан жана Украинадан да Кыргызстанга эт келип турары кабарланган. 19-январда парламенттеги жыйында айыл чарба министринин орун басары Эркин Чодуев Кыргызстан Кытайдан эт импорттоп келүүгө чектөө киргизгенин жарыялаган. Читать дальше...

Улуттук банк акча алмаштыруучу жайларга 400 миң сом айып пул салды

Azattyk.org 

Улуттук банк Ош облусунун Кара-Суу районундагы, Ош шаарындагы жана Талас облусунун Манас районундагы акча алмаштыруучу жайларга 400 миң сом айыппул салды. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы кабарлады. Билдирүүдө айтылгандай, айып пул төрт кишиге чегерилди. Алардын үчөө лицензиясы жок иштеп жатканы ал эми бирөө банк мыйзамдарын бузгандыгы аныкталган. Айып пулдар боюнча тартип эрежелери былтыр киргизилген. Ага ылайык жазаналар дээрлик он эсе көбөйтүлүп, 100 миң сомдун тегерегинде деп каралган. Читать дальше...



Москва

Подведены итоги конкурса «Мы верим твердо в героев спорта»


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Сергей Собянин заявил о продлении наземного метро Москвы в Тульскую область



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Игорь Бутман

#внутриджаза: Московский джазовый оркестр Игоря Бутмана и портал «Культура.РФ» запускают сериал о жизни джазового оркестра в VK Клипах




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Олимпийские ценности: доступное жилье в Иваново сдадут по улучшенному стандарту

Подведены итоги конкурса «Мы верим твердо в героев спорта»

Подведены итоги конкурса «Мы верим твердо в героев спорта»


Марин Чилич

Эйсинг-777 // Марин Чилич стал самым низкорейтинговым чемпионом турнира АТР



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Подведены итоги конкурса «Мы верим твердо в героев спорта»



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России