Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Апрель
2018

Новости за 09.04.2018

Пентагон Cирияда абадан сокку урбаганын билдирди

Azattyk.org 

АКШ Сириянын Хомс провинциясындагы аба соккусуна тиешеси жоктугун билдирди. Бул тууралуу эл аралык агенттиктер америкалык аткаминерге шилтеме берип кабарлашты. Пентагондун билдирүүсүндө «ал маалда Коргонуу министрлиги Сирияда абадан сокку урган эмес» деп айтылат. Сириянын Хомс шаарындагы аскердик аэродромго абадан сокку урулганы тууралуу 9-апрелдин таңында сириялык маалымат каражаттары кабарлашкан. Алар тараткан маалыматка караганда, Сириянын абадан коргонуу системасы сегиз ракетаны атып түшүргөн. Читать дальше...

Германияда кол салууга шектүү катары алты киши кармалды

Azattyk.org 

Германияда "жекшембиде бычак менен элге кол салууну пландап жаткан" деген шек менен алты киши кармалганын Берлин полициясы билдирди. Немис басылмаларынын маалыматына ылайык, кармалгандар чабуулду  8-апрелде өткөн ири марафондо ишке ашырууну көздөп жатышкан.  Полиция азырынча бул маалыматты ырастай элек. Болгону шектүүлөр кармалганын жана тергөө иштери жүрүп жатканын гана бышыктады. Кармалгандардын бири 2016-жылы Берлинде жүк ташуучу унаа менен элди тебелетип кеткен Анис Амринин таанышы экени айтылууда. Читать дальше...



Сирия менен Орусия авиасокку үчүн Израилди айыптады

Azattyk.org 

Сириянын мамлекеттик медиасы аба базасына урулган соккудан бир нече киши өлүп, жарадар болгондор бар экенин билдирди.      Сирия менен Орусиянын маалыматына караганда Израилдин согуш учактары Хомс шаарына жакын жердеги Т4 деген ат менен белгилүү "Тайфур" базасына 9-апрелдин таңында сокку урган.       Израил мындай айыптоого дароо жооп берген жок.  САНА мамлекеттик агенттиги жабыркагандардын санын айткан жок. Британияда жайгашкан, адам укуктарына көз салган обсерватория өкмөттүн тарабында согушкан аскерлерден кеминде 14 адам өлгөнүн... Читать дальше...

Канада: хоккейчилер менен коштошуу зыйнаты өттү

Azattyk.org 

Канадада жол кырсыгында каза болгон хоккейчилер менен коштошуу зыйнаты жекшембиде Гумбольт шаарындагы хоккей аянтчасында өттү. 15 спортчунун жакындарына көңүл айтуу үчүн жүздөгөн адамдар чогулду.  6-апрелде "Humboldt Broncos" аттуу хоккей командасынын жаштар курамын жергиликтүү таймаштардын бирине алып бараткан автобус жүк ташуучу унаа менен кагылышып, автобустун ичиндеги 28 кишинин 15и ошол жерде жан берген. Аман калгандары ооруканага жеткирилип, үчөөнүн абалы дагы эле оор экени айтылууда. Курман... Читать дальше...

Роухани: АКШ келишимди бузса өкүнүп калат

Azattyk.org 

Ирандын президенти Хасан Роухани эгер Вашингтон 2015-жылы жетишилген эл аралык макулдашууну бузса, Кошмо Штаттар ага “өкүнүп калаарын” билдирди.  “Биз алар ойлогондон мыкты даярдыктабыз, эгер алар макулдашууну бузса, бир аптадан кийин жыйынтыгын көрүшөт”, – деди Роухани. АКШ президенти Дональд Трамп Тегеран өзөктүк жана курал программаларына жаңы чектөөлөрдү киргизбесе, Кошмо Штаттар макулдашуудан чыгаарын эскерткен.  Роухани “Америкада бийликке бул мырза келген 15 айдан бери анын сөздөрүндө... Читать дальше...

Шадиевдин кетиши - шахматтык жүрүшпү?

Azattyk.org 

Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев кызматынан кетүү жөнүндө арыз жазды. Ал бул кадамын “парламенттеги Айтматов атындагы сыйлыктын жоголгон акчасы боюнча иликтөө акыйкат жүрүшү үчүн кызматымды тапшырууну туура көрдүм” деп түшүндүргөн.

Таза сууга зыяндуу зат кошулганы тууралуу кабар чындыкка дал келбейт

Azattyk.org 

"Бишкек суу канал" жана "Ош суу канал" ишканалары таза сууга зыяндуу зат кошулуп кеткени тууралуу социалдык тармактарда тарап жаткан кабарлар чындыкка дал келбей турганын эскертишти. Соңку күндөрү "WhatsApp" аркылуу суу дезинфекцияланып, ага зыяндуу зат кошулуп кеткени тууралуу маалыматтар тарай баштаган. Анда "9-10-апрелде сууга суюлтулган хлор кошулаары, бул аралыкта суу ичүүгө мүмкүн эместиги" айтылган.  Аталган эки ишкана билдирүү жасап, сууга саат сайын тийиштүү нормада хлор кошулуп тураарын, ден соолукка зыян эмес экенин кабарлашты. Читать дальше...



Дыйканчылык аймактарда үшүк жүрөт

Azattyk.org 

Кыргызгидромет 11-12-апрелде Чүй жана Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде -2 градус үшүк жүрөрүн эскертти. Мындай аба ырайы эрте бышкан алманын, өрүктүн жана алчанын бүчүрлөрүнө зыян. Кыргызстанда 11-апрелге чейин жаан-чачын жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Өлкөнүн тоолуу жолдорунда кар көчкү коркунучу бар. Дарыяларда да суунун деңгээли көтөрүлүп, тоо этектеринде сел жүрүшү ыктымал. (SE)

Кыргызстан Орусияда тогуз дипломатиялык өкүлчүлүк ачууну көздөйт

Azattyk.org 

Кыргызстан Орусиянын аймагында дипломатиялык макамы бар тогуз өкүлчүлүк ачууну көздөйт. Жогорку Кеңеште эки өлкөнүн ортосунда миграция багытында иштеген өкүлчүлүктөрдү түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.  Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, келишимге ылайык, тогуз өкүлчүлүк Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматына таандык болот жана дипломатиялык макам берилет. Орусия да Кыргызстандагы эки өкүлчүлүгүн иштетет. Читать дальше...

Паспорттогу “уулу” машакаты

Azattyk.org 

Жумуш издеп Орусияга кетип, ошол жактан балалуу болгондор үчүн күбөлүк алууда маселе жаралып жатат. Кыздуу болгон мигранттар атасынын паспортуна карап “уулу” деп жазылган күбөлүктү оңдото албай убара болуп жатышат.

“Бир ишкер – бир көчөт” жашылдандыруу акциясы өттү

Azattyk.org 

ЖИА бизнес бирикмеси, “Элим барсыңбы?” коомдук кайрымдуулук фонду жана “АЗРА жемиштери” компаниясы 8-апрелде “Бир ишкер – бир көчөт” аттуу республикалык жашылдандыруу акциясын өткөрүштү. Уюштуруучулар “Азаттыкка” кабарлашкандай, премьер-министр Сапар Исаков катышкан өнөктүк “Таза жашоо” улуттук долбоорунун алкагында уюштурулду. Алар өлкө аймагына 3000 миң мөмөлүү жана кооз дарактардын көчөтүн отургузунуу пландашкан. 8-апрелде Бишкектеги акция карыялар үйүндө, Эне-баланы коргоонун улуттук борборунда... Читать дальше...

Сирия: Трамп Орусия менен Иранды айыптады

Azattyk.org 

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Сириядагы болжолдуу химиялык чабуул үчүн Орусиянын лидери Владимир Путинди, Орусияны жана Иранды айыптады. Ал Сирия Дума шаарындагы ондогон адамдардын, анын ичинде аялдардын жана балдардын өмүрүн алган болжолдуу химиялык чабуулду "акылга сыйбас химиялык чабуул" деп атады. Орусия менен Иран мындай дооматтарды дароо четке кагышты. 7-апрелде Сириядагы козголоңчулардын карамагындагы Дума шаарындагы болжолдуу химиялык чабуул тууралуу алгач ошол жактагы активисттер кабарлашкан.

Апрель соту: тутулгандар жана кутулгандар

Azattyk.org 

Апрель соту деген аталыш менен белгилүү болгон жараян дээрлик алты жылга уланды. Анда 28 адамга айып тагылган. Сот мурдагы өлкө жетекчилери баш болгон бир нече адамды өмүр бою эркинен ажыраткан. Бирок өлкө сыртында жүргөнү үчүн алар камакка алынган эмес. Ал эми учурда Апрель окуясы боюнча соттолгон үч адам жазасын өтөп жатат.

БУУнун Коопсуздук кеңеши Сирия боюнча шашылыш жыйынга чогулат

Azattyk.org 

Сириянын Дума шаарында химиялык курал колдонулганы тууралуу тараган кабардан улам БУУнун Коопсуздук кеңешинин кезексиз шашылыш жыйын өткөрөт. Аны Франция сунуштап, АКШ, Британия баштаган сегиз өлкө колдоду. Көтөрүлүшчүлөрдүн көзөмөлүндөгү райондордо иштеген Сирия-Америка медицина коому жана Сириядагы жарандык коргонуу кызматы 7-апрелде химиялык бомба жарылган маалда Дума шаарында 49 киши мерт болгонун билдирди. Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Сириядагы болжолдуу химиялык чабуул үчүн... Читать дальше...

Пакистанда миңдеген пуштун укуктары талап кылып митинг өткөрүштү

Azattyk.org 

Пакистандык жаш активист Манзур Пештин пуштундардын укуктарын коргоону талап кылып уюштурган митингге 60 миңдей адам катышты. Акция 8-апрелде Пешварада өткөнүн "Азаттыктын" Пакистан кызматы кабарлады. Нааразылык акциясына чыккандардын арасында аялдар да болду.  Жаш активисттердин "Пуштун Тахафуз" кыймылы өлкөнүн уруулар байырлаган аймактарында пуштундардын укуктары бузулуп жатканын айтып, аны токтотууну өкмөттөн талап кылышты. Алар аскерлер, коопсуздук күчтөрү пуштундарды бейчеки текшерүүгө алып, камап салган окуялар көп экенин билдиришти. Читать дальше...

Пакистанда миңдеген пуштун укуктары корголушун талап кылып митинг өткөрүштү

Azattyk.org 

Пакистандык жаш активист Манзур Пештин пуштундардын укуктарын коргоону талап кылып уюштурган митингге 60 миңдей адам катышты. Акция 8-апрелде Пешаварда өткөнүн "Азаттыктын" Пакистан кызматы кабарлады. Нааразылык акциясына чыккандардын арасында аялдар да болду.  Жаш активисттердин "Пуштун Тахафуз" кыймылы өлкөнүн уруулар байырлаган аймактарында пуштундардын укуктары бузулуп жатканын айтып, аны токтотууну өкмөттөн талап кылышты. Алар аскерлер, коопсуздук күчтөрү пуштундарды бейчеки текшерүүгө алып, камап салган окуялар көп экенин билдиришти. Читать дальше...

Актөбөдөгү кыргыз номурлуу автобустун каракталышы иликтенүүдө

Azattyk.org 

Казакстан Актөбөдөгү кыргыз номурлуу автобустун каракталышын иликтөөдө. Актөбө облустук ички иштер департаменти бул окуя боюнча тергөө амалдары башталганын билдирди. Мамлекеттик номуру B8451AI "Мерседес-Бенц" үлгүсүндөгү кичи автобуска 6-апрелге караган түнү Актөбөдө белгисиз кишилер кол салып, аткылашкан. Окуя Акшат кыштагында болгон. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен "Азаттык" радиосуна билдиришкендей, аткылоодо автоунаа ичиндеги бир адам - теги тажик орус жараны жаракат алган, буюмдары тонолгон. Читать дальше...

Акыйкатчы институту чек арадагы окуяны иликтеп жатат

Azattyk.org 

Жалал-Абаддын Аксы районунун тургунун Өзбекстандын чек арачылары атып салган окуяны Акыйкатчы институтунун Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгү иликтей баштады. Бул тууралуу Омбудсмендин басма сөз кызматы "Азаттык" радиосуна билдирди.  Аксы райондук Ички иштер бөлүмү окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен кылмыш ишин козгоду.  Аксы районунун Курулуш айылынын 34 жаштагы тургуну Фархад Мырзакалыков 7-апрелде өзбек чек арачылары аткан октон жарадар болуп, Кербен шаарындагы... Читать дальше...


Музыкальные новости
Баста

Главный тренер «СКА-Ростов» высказался о владельце клуба Басте





Rss.plus
Владимир Путин

Кадыров заявил, что встретился с Путиным в Москве и пригласил его в Чечню




Как погода повлияет на будущий урожай в Подмосковье и России?

ГИБДД раскрыла число ДТП с каршерингом в Москве

В сгоревшем доме в Истре находился нелегальный хостел

Петербург попал в топ-3 регионов России по качеству жизни




Казакстан Актөбөдөгү кыргыз номурлуу автобустун каракталышы иликтенүүдө

Azattyk.org 

Казакстан Актөбөдөгү кыргыз номурлуу автобустун каракталышы иликтенүүдө. Актөбө облустук ички иштер департаменти бул окуя боюнча тергөө амалдары башталганын билдирди. Мамлекеттик номуру B8451AI "Мерседес-Бенц" үлгүсүндөгү кичи автобуска 6-апрелге караган түнү Актөбөдө белгисиз кишилер кол салып, аткылашкан. Окуя Акшат кыштагында болгон. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен "Азаттык" радиосуна билдиришкендей, аткылоодо автоунаа ичиндеги бир адам - теги тажик орус жараны жаракат алган, буюмдары тонолгон. Читать дальше...

Президент Жээнбековдун Түркия сапары башталууда

Azattyk.org 

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбековдун Түркияга расмий сапары башталат. 9-10-апрель күнгө пландалган сапар алкагында мамлекет башчы түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган, өкмөт башчы Биналы Йылдырым жана Улуу улуттук кеңештин төрагасы Исмаил Кахраман менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Бүгүн президент Анкарадагы Ататүрктүн мавзолейине гүлчамбар коет.  Расмий делегациянын курамында тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, вице-премьер-министр Санжар Мукамбетов, экономика министри Артем Новиков, айыл чарба министри Нурбек Мурашев... Читать дальше...

Президент Жээнбековдун Түркиядагы сапары башталууда

Azattyk.org 

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбековдун Түркияга расмий сапары башталат. 9-10-апрель күнгө пландалган сапар алкагында мамлекет башчы түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган, өкмөт башчы Биналы Йылдырым жана Улуу улуттук кеңештин төрагасы Исмаил Кахраман менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Бүгүн президент Анкарадагы Ататүрктүн мавзолейине гүлчамбар коет.  Расмий делегациянын курамында тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, вице-премьер-министр Санжар Мукамбетов, экономика министри Артем Новиков, айыл чарба министри Нурбек Мурашев... Читать дальше...

Венгриядагы шайлоодо башкаруучу партия жеңди

Azattyk.org 

Венгрияда парламенттик шайлоо жыйынтыкталып, мурда болжондонгондой премьер-министр, ашынган оңчул Виктор Орбандын ФИДЕШ партиясы алдыга чыкты. Эксперттердин алдын ала жыйынтыгына караганда, ФИДЕШ партиясын добуш бергендердин 69 пайыздан ашууну колдогон. Бул жеңиш менен Орбан үчүнчү жолу өкмөт башчылыкка шайланат. 54 жаштагы Орбан бул шайлоо "Венгриянын келечегин чечет" деп билдирген. "Биз Европа Биримдигинин жана бардык эл аралык уюмдардын мүчөсүбүз. Биз өз өлкөбүздүн кызыкчылыгы үчүн аракет жасап жатабыз. Читать дальше...

Комитет башчылыгына Абдуллаевдин талапкерлиги көрсөтүлдү

Azattyk.org 

Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын кызматына Талант Абдуллаевдин талапкерлиги көрсөтүлүп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова “Азаттыкка” билдирди. 10-апрелде Жогорку Кеңештин тармактык комитети өкмөт көрсөткөн талапкерлерди карайт. Талапкерлер боюнча өкмөт башчы Сапар Исаков маалымат берет. Талант Абдуллаев учурда “Инфоком” мамлекеттик ишканасын жетектейт. Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин... Читать дальше...



Москва

«Лето. Москва. Шавасана» — в Москве пройдёт Международная Конференция Йога Журнала


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин исключил запрет для самокатчиков ездить по тротуарам в Москве



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Сергей Шнуров

У Шнурова появились вопросы к журналистам после появления информации о задолженности по налогам




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

В Нижнем Тагиле прошел десятый благотворительный забег ЕВРАЗа и городской спортивный праздник «Дай пять!»

Гонки на яхтах и практики лидеров рынка: предприниматели Татарстана станут участниками образовательной регаты в Москве

Чья компания сильнее всех?


ATP

Немец Зверев выбил россиянина Медведева из топ-4 ATP



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Архангельск

Сергей Собянин. Неделя мэра



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России