Режиссер Сенцовдун ачкачылык кармаганына 64 күн болду
Орусиянын түндүгүндө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан украин режиссеру Олег Сенцовдун ачкачылык акциясын жарыялаганына эки айдан ашты. МБХ-медиа уюмунун хроникасына караганда, бүгүн ачкачылыктын 64-күнү. 15-июлда "Крым.Реалии" сайты режиссердун ачкачылыкты баштагандан 18 күн өткөндөн кийинки видеосун жарыялады. Видеодо Сенцов Ксения Собчак жана Людмила Нарусова менен телефондон сүйлөшүп жатканы көрүнөт. Ошол эле видеодо дарыгер режиссер ачкачылыктан “жарыкчылык менен кош айтышпаса да” өмүр бою майып болуп каларын түшүндүрөт. Читать дальше...