Россиядагы футбол чемпионатына 3 миллиондон ашуун адам барган
Кечээ, 15-июлда Россияда футбол биринчилиги аяктады.
Кечээ, 15-июлда Россияда футбол биринчилиги аяктады.
Ашхабадда жана облустардын административдик борборлорунда спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынды. "Азаттыктын" түркмөн кызматы өз булактарына таянып жазгандай, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жогору жактын оозеки буйругунун негизинде соода жайларындагы алкоголдук ичимдиктерди конфискациялоодо. Түркмөнстанда бул жолу спирт ичимдигин сатууга каршы күрөш 5-июлда "Алкоголдун зыяндуу таасиринин алдын алуу боюнча улуттук программа" кабыл алынгандан кийин башталды. Күрөштүн алкагында жеке менчик дүкөндөрдөгү... Читать дальше...
Ашхабадда жана облустардын административдик борборлорунда спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынды. "Азаттыктын" түркмөн кызматы өз булактарына таянып жазгандай, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жогору жактын оозеки буйругунун негизинде соода жайлардагы алкоголдук ичимдиктерди конфискациялоодо. Түркмөнстанда бул жолку спирт ичимдигин сатууга каршы күрөш 5-июлда "Алкоголдун зыяндуу таасирин алдын алуу боюнча улуттук программа" кабыл алынгандан кийин башталды. Күрөштүн алкагында жеке дүкөндөрдөгү бардык алкоголь продукциялары конфискацияланууда. Читать дальше...
Жакынкы убактарда Кытай Тажикстанда үч заманбап мектеп курат. Тажик Билим берүү министрлиги менен "Power China" компаниясынын ортосундагы тиешелүү келишимге 3-июлда кол коюлган. Маалыматка караганда, 640 окуучуга ылайыкташкан бир мектеп Дангара районунда, 320 окуучу үчүн эки мектеп Бохтар жана Деваканд райондорунда курулат. Кол коюу салтанатына Тажикстандын билим берүү жана илим министри Нуриддини Саид, Кытайдын Душанбедеги элчиси Юе Бин жана "Power China International Group Limited" компаниясынын өкүлдөрү катышты. Читать дальше...
Эмгек жана социалдык министрлиги ачкан, балдардын укугун коргоого багытталган 111 номуруна бир жылда орто эсеп менен 12 миңдей бала чалат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси Бакыт Тодогелдиев билдирди. Бардык чалуулар жазылып, айрымдарынын жашан дареги такталып, тийиштүү көзөмөл органдарына кабар берилет. Балдарды зомбулуктан коргоого багытталган ишеним телефону 2015-жылы ачылган. (BCh)
2018-жылдын алгачкы алты айында Кыргызстанда өспүрүмдөр жана балдар аралашкан 600дөн ашуун кылмыш иши катталган. Анын 400дөн ашууну ата-энеси иш издеп миграцияга чыгып кеткен үй-бүлөнүн балдары экенин “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын балдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы, полковник Марат Сапаев билдирди. “Тартип сакчылары кылмыштын алдын алуу үчүн үймө үй кыдырып, ата-энеси миграцияда жүргөн балдарды каттоого алууда. Бирок өздүк курамдын күчү баарын эсептегенге жетпей жатат. Читать дальше...
Бүгүн Бишкекте эмгек мигранттарынын абалы тегерек үстөлдө талкууланат. “Замандаш” партиясынын төрагасы Жеңиш Молдакматов эмгек мигранттарынын пенсиялык фонду, Орусияда мигранттарды каттоо мыйзамынын катаалдашы, Кыргызстанга инвестиция алып келүүнү каалаган эмгек мигранттарына жеңилдик берүү сыяктуу маселелер талкуулана турганын "Азаттыкка" кабарлады. 27-июнда Орусияда чет өлкөлүктөрдү миграциялык каттоого алуу боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизилген. Ага ылайык, ишке келген мигрант жашаган жеринде гана каттоого тура алат. Читать дальше...
Дүйнө чемпионатына 46 өлкө катышты
Бүгүн Хельсинкиде АКШ жана Орусиянын президенттери Дональд Трамп жана Владимир Путин жолугушат. Трамп жекшемби күнү кечинде Финляндияга учуп келди. Саммитте эки өлкө президенттери көзмө көз эмнелер тууралуу сүйлөшөрү бүйүр кызыткан темага айланды. Тарыхта биринчи жолу дүйнөлүк эки өзөктүк державанын лидерлери алдын ала күн тартибин бекитпестен жолугуп жатышат. Буга чейин Трамп менен Путиндин жолугушуусунда Украинанын чыгышындагы жана Орусия аннексиялаган Крымдагы жагдай тууралуу сөз болору айтылган. Читать дальше...
Бүгүн Бишкекте медресени бүткөн балдардын келечеги жана алардын жумуш табуу мүмкүнчүлүгүн талкуулаган конференция өтөт. Бул тууралуу “Булан” институтунун жетекчиси Чолпон Орозобекова “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, медресени аяктагандан кийин окууда жана жумуш табуудагы кыйынчылык, тоскоолдуктар тууралуу сөз болот. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын эсеби боюнча Кыргызстанда исламий багытта билим берген 114 диний окуу жайы бар. Алардын тогузу институт, бирөө университет. Калган... Читать дальше...
Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовдун жактоочулары сот адилеттиги туура жүрбөй жатканын билдирип, президент Сооронбай Жээнбековго жана Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаевага кайрылуу даярдоодо. Бул тууралуу адвокат Сергей Слесарев “Азаттыкка” билдирди. - Тилекке каршы, Кулматов мыйзамсыз жана негизсиз абакта отурат. Ошондуктан биз президентке жана Жогорку соттун төрайымына кайрылуу даярдап жатабыз. Бул кайрылуу маалыматтык мүнөздө болот. Сот адилеттиги туура эмес, үзүл-кесил жана... Читать дальше...
Бишкекте батирдин баасы өткөн жылдын ушул айына караганда 6,2 пайызга, Ошто 12% көтөрүлдү. Ал эми 105, 104 жана 308-сериядагы жана жеке типтеги үч бөлмөлүү батирдин баасы салыштырмалуу бир аз арзандады. Мамлекеттик каттоо кызматынын турак жайды каттоо жана талдоо бөлүмүнүн башкы эксперти Айдар Сукенбаев “Азаттык” менен болгон маегинде буларды айтты: - Жалпысынан январь айына караганда баа көп деле көтөрүлгөн жок. Бирок былтыркыга салыштырмалуу өстү. Жайында эл эс алууга кетип, негизинен кыймылсыз мүлктү сатып алуу... Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости