Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2018

Новости за 13.09.2018

“Датка-Кемин” долбооруна кеткен каражатты текшерүү сунушталды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты, Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев “Датка – Кемин” линиясына алынган насыянын пайдаланышын иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады. Эл өкүлү бул багытта протоколдук тапшырма берүүнү өтүнүп, төрага Дастан Жумабековго кайрылды. -Биз “Датка – Кемин” боюнча документтерди сурадык. Бул маселени комитетте карайбыз. Бишкек ЖЭБинен кийин ишенбей калдык. Ири насыялардын аткарылышын сөзсүз карашыбыз керек. Өкмөт кандай аткарды, жеп койгон жокпу? Читать дальше...

Мектепке мечитти каршы коюу керекпи?

Azattyk.org 

Азыркы президентибиз мурдагыбызга салыштырмалуу кыйла салмактуу сүйлөп, эми дагы эмне деп "балп" этип жиберет деп санааркабай калдык. Бирок мамлекет башчы жалпы коомдогу саясий жана рухий маанайга зор таасир этерин азыркыдан да жакшыраак түшүнүп, ар бир сөзүн аптеканын таразасына салгандай кылдат тандап сүйлөшү керек экендиги борбордук мечиттин жаңы имаратынын ачылышында даана сезилди. Бул ирет сөз жазгычтар менен кеңешчилер командасы өтө жоопкерчиликтүү текстти ийине жеткире иштей албады окшойт.

Калифорнияда кылмышкер беш кишини атып салды

Azattyk.org 

АКШнын Калифорния штатында шаршемби күнү кечиндеги атышуудан беш киши курман болду. Жергиликтүү басылмалар кабарлагандай, Бейкерсфилд шаарында транспорттук компаниянын кеңсесинде кардар жанындагылар менен уруша кетип, ок аткан. Андан соң ал өзүнүн аялын жана башка кардарларды да аткан.  Кеңседен чыккандан кийин жакынкы үйдөн капысынан чыга калган дагы эки кишини атып өлтүрүп, бирөөнүн машинесин уурдай качкан. Кылмышкер акыры өз жанын өзү кыйган. Ага мындай кадамга барууга эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Читать дальше...



14-сентябрдын аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

Кыргызгидрометеорология агенттигинин маалыматына караганда, 14-сентябрда Ош, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жана Кыргыз тоо кыркаларында жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарга кар жаайт.  Абанын температурасы:  Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7...12, күндүз 21...26; Таласта түнкүсүн 2...7, күндүз 19...24; Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10...15, күндүз 23...28; Баткенде түнкүсүн 12...17, күндүз 24...29; Ысык-Көлдө түнкүсүн 3...8, күндүз 18...23; Нарын облусунда түнкүсүн 3...8... Читать дальше...

"Кыргыз темир жолу" ишканасынын кызматкерлерине эки кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

Кыргызстандын Транспорт прокуратурасы "Кыргызтемиржолу" ишканасынын кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 221 ("Коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктардан аша чабуусу"), 173-берене ("Алдоо жана ишенимге кирүү менен мүлккө зыян келтирүү") менен кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 13-сентябрда кабарлады. Маалыматка караганда, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн иликтөөдө 2018-жылдын 1-январынан 30-апрелине чейин "Бишкек-Москва-Бишкек"... Читать дальше...

Деңизден ырыскы издеген Зафер

Azattyk.org 

Түркиянын үч тарабы деңиз менен курчалган. Балыкчылар деңизден жылына орточо 350 миң тоннадан ашык балык кармайт. Өлкөдө чоң кемелер менен балык уулоого белгилүү бир сезондо гана уруксат берилет. Ал эми кичинекей кайыктар менен балык уулаган балыкчылар жыл бою деңизден тамак-ашын издешет.

Евробиримдик орусиялыктарга каршы санкцияларын жарым жылга узартты

Azattyk.org 

Европа Биримдиги Донбасстагы жикчилдерди колдогон бир катар орус жарандарына киргизилген санкцияларды жарым жылга узартты. Бул тууралуу «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кабарчысы Рикард Йозвяк билдирди.      Европалыктардын «кара тизмесине» 155 киши жана 44 компания киргизилген. Алардын баары Крымдын аннексияланышы же Украинанын чыгышындагы жаңжалга тиешеси бар деп эсептелет. Тизмеге киргендерге Европа Биримдигинин аймагына кирип-чыгууга тыюу салынып, банк эсептери камакка алынат.    Евробиримдик... Читать дальше...

УКМК Сатыбалдиевди ооруканага чыгаруудан баш тартты

Azattyk.org 

Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупцияга байланышуу айыпталып, Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөө абагында отурган экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев ооруканага чыгарылбай турган болду.  Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов "Азаттыкка" билдиргендей,  УКМКнын Сатыбалдиевди ооруканага жаткыруудан баш тарткан жообу 12-сентябрда келди.  Атайын кызмат мындай чечимге Сатыбалдиевдин ооруканага жатышына кажет жок деген өздөрүнүн дарыгерлеринин бүтүмүн негиз келтирген. Читать дальше...



Бишкекте түрк тилдүү өлкөлөрдүн кино күндөрү башталат

Azattyk.org 

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кино күндөрү Бишкек шаарындагы “Манас” кинотеатрында бүгүн, 13-сентябрда саат 18.00дө башталып,16-сентябрга чейин уланат. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын “Кино анимация” боюнча алтынчы жыйынынын алкагында өтөт. Ага аталган комиссиянын төрагасы, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия парламенттеринин депутаттары,... Читать дальше...

Момбеков: өкмөт Бельяниновго жооп бериши керек болчу

Azattyk.org 

Евразия өнүктүрүү банкынын башчысы Андрей Бельяниновдун кыргыз өкмөтүнө карата айткан сынына премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзү жооп бериш керек болчу. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда парламент жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков билдирди. Казакстандын Алматы шаарында 6-сентябрда Евразиялык маалымат каражаттарынын конгрессинде Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасы Андрей Бельянинов банктын Кыргызстандагы ишмердиги тууралуу суроого жооп берип жатып, "сунушталган... Читать дальше...

Путин Лондондун дооматына үн катты

Azattyk.org 

Орус президенти Британия Скрипалдарды ууландырды деп айыптап жаткан эки орус жаранынын тек-жайы аныкталганын билдирди. Бирок Владимир Путин ал шектүүлөр расмий Лондон айткандай Орусиянын Башкы чалгындоо башкармалыгынын өкүлдөрү эмес, катардагы эле жайкын тургундар экенин айтты.

Бишкек: кафеде милиция кызматкери табелдик куралдан ок атты

Azattyk.org 

Бишкектеги кафеде милиция кызматкери табелдик тапанчасы менен ок атты. Шаардык милиция башкармалыгынын басма сөз кызматкери Мира Абдылдаева окуя 12-сентябрдын түнүндө Ахунбаев көчөсүндөгү "Империя пиццы" кафесинде болгонун "Азаттыкка" ырастады.  Маалыматка караганда, "Макаров" үлгүсүндөгү табелдик куралынан аты-жөнү айтылбаган кишини көздөй ок аткан милиционер Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери. Жабырлануучу жапа чеккен эмес, ал азыр үйүндө экени кабарланды.  Милиция окуянын чоо-жайы териштирилип жатканын... Читать дальше...

Парламентте тойлорго мораторий киргизүү сунушталды

Azattyk.org 

Мамлекеттик бюджеттен каржылана турган маараке, иш-чараларга беш жыл мораторий киргизүү сунушун депутат Акылбек Жамангулов бүгүн, 13-сентябрда парламент жыйынында билдирди. Анын айтымында, 2018-жылы мамлекеттик жана жергиликтүү бийликтин бюджетинен каржылана турган 105 той, иш-чара планга киргизилген:  - Бул эмне деген шумдук? Ар бир тойду 2 миллион сомдон эле санап көрүңүздөр. Балыкчынын 120, Нарындын 150, Кызыл-Кыянын 120, Сузактын 100, Базар-Коргондун 100, Лейлектин 90 жылдыгы. Ар бир маараке мамлекеттик... Читать дальше...

Финпол: аскер комиссарынын орун басары пара менен кармалды

Azattyk.org 

Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы  (Финпол) Чүй облусунун Ысык-Ата районунун аскер комиссарынын орун басары пара менен кармалганын билдирди.  Мекеменин маалыматына караганда, 10-сентябрда жергиликтүү жашоочудан Ысык-Ата райондук аскер комиссариатынын кызматкери ден соолугуна байланыштуу кызмат өтөөгө жараксыз болгон баласын "армияга чакырам" деп коркутуп, 25 миң сом талап кылганын айтып, арыз менен кайрылган.  Финпол чогулткан материалдардын негизинде Аскер прокуратурасы... Читать дальше...

Жарандык авиация департаментинин иши сынга алынды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев бүгүн, 13-сентябрдагы сессияда Жарандык авиация депаратментинин ишин сындады. Эл өкүлү Кыргызстандагы ички каттамдардын сапаты начар болуп жатканын белгилеп, авиация коопсуздугуна көңүл бурууга чакырды. Ал авиапарк жаңырбай, учактар жерине жетпей кайтып жатканын, жарандардын учуу коопсуздугу сакталбай жатканын айтты. Августтун башындаОш-Анталия багытында бараткан учак техникалык себептен улам Бишкекке конууга мажбур болгон. Читать дальше...

Ошто этникалык он төрт кыргыз паспорт алды

Azattyk.org 

Мамлекеттик каттоо кызматынын Оштогу өкүлчүлүгү 12-сентябрда этникалык 14 кыргызга Кыргызстандын паспортун берди. Мамлекеттик каттоо кызматынын калкты жана жарандык абал актыларын каттоо департаментинин жетекчиси Мухабат Пратованын айтымында, Ош облусунда дагы жарандыгы жок жетимиш этникалык кыргыз бар:  - 2014-жылдан тартып он үч миңге жакын адамдын арызын кабыл алып, алардын 90 пайыздан ашыгына паспорт бердик. Эми дагы жетимиш адамдын документтерин даярдап, президентке жиберүүнүн алдында турабыз. Читать дальше...

Акаев: Эгизбаев көтөргөн коррупциялык иштерге көңүл бурулган жок

Azattyk.org 

Журналист Уланбек Эгизбаев көзү тирүү кезинде көрсөтүп, иликтеп кеткен коррупциялык иштер аягына чыкпай жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүн, 13-сентябрдагы жалпы жыйынында депутат Жанар Акаев айтып чыкты. Эл өкүлү күч органдары, өкмөт коомчулуктун бүйүрүн кызыткан, уурулуктун бети ашкере болгон иштерге көз жумуп жатканын белгиледи. - Маркум Улан “көрүстөн саткан көпөстөрдү” тизмелеп, факты менен көрсөтүп берди. Ошол убакта телефон аркылуу коркутулуулар да болгон. Элдин төбө чачын тик тургузган... Читать дальше...


Музыкальные новости
Моргенштерн

Моргенштерн* подкачался к лету — рэпер поделился новыми фото





Rss.plus
Михаил Мишустин

Планы США и ЕС провалились. Мишустин назвал козыри России в Азии




Прогноз Василия Уткина на чемпиона России сбылся

Образовательный комплекс построят в Южнопортовом районе

Выездную диспансеризацию проведут в парке Кривякино в Воскресенске

Матвиенко – о титуле «Зенита»: «Победы бывают разными, и такими тоже»




Бишкек: динди талдаган жыйынга сегиз өлкө өкүлдөрү катышууда

Azattyk.org 

Бишкекте бүгүн, 13-сентябрда динди талдаган эл аралык илимий жыйын өтүп жатат.   Иш-чара «Руханий Жибек жолу. Улуу гуманисттик салттар жана учур чакырыктары» деп аталат. Максаты - Улуу жибек жолунда жайгашкан мамлекеттердин алакасын жакшыртуу, конфессиялар ортосундагы ынтымакты бекемдөө. Жыйынга Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай, Орусия жана башка мамлекеттердин дин башкармалыгынын өкүлдөрү, Борбор Азия жана Орусиядан эксперттер, диниятчылар келген. Анда бүгүнкү күндөгү диний көйгөйлөр... Читать дальше...

ИИМ: Бала сатуу фактысынын артында атайын топтор болушу мүмкүн

Azattyk.org 

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов «Азаттыкка» маалымдагандай, Бишкекте бала сатууга шектүү катары кармалгандардын баарында өздөрүнүн документтери жана атайын мөөрлөрү болгон. Алар документ жасап жүргөн. Азыр кылмышка шектүү үч киши камакка алынды. Козголгон кылмыш иштин артынан көп факты ачыкка чыгышы ыктымал: - Булардын аркасында абдан көп киши катталган. Бирөө Чүй облусунда болсо, бирөө Бишкекте, бирөө Казакстанга барып-келип иштеп жүргөн. Булардын баарында өздөрүнүн документи болгон... Читать дальше...

Ташкентте район акими 400 миң доллар пара алып жатып кармалды

Azattyk.org 

Ташкенттин Юнусабад районунун акими Бахтиёр Абдусаматов ири өлчөмдө пара алып жаткан жеринен кармалды. Акчаны ал ишкерлердин бирине жер тилкесин бөлүп бергендиги үчүн сураганын жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашты. Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, район башчысы пара катары 400 миң доллар алып жаткан маалда аны Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү колго түшүргөн. 42 жаштагы Абдусаматов борбордогу Юнусабад районунун башчылыгына былтыр апрелде дайындалган. Ага... Читать дальше...

Бишкекте динди талдаган эл аралык илимий жыйын өтөт

Azattyk.org 

Бишкекте динди талдаган эл аралык илимий жыйын болот. 13-сентябрдагы иш-чара «Руханий Жибек жолу. Улуу гуманисттик салттар жана учур чакырыктары» деп аталат. Конференция үчүнчү жолу уюштурулуп жатканын муфтий Максатбек Токтомушев билдирди. Маалыматка караганда, биринчи жыйын Кытайда, андан кийин эки жыл мурун Орусиянын Татарстан республикасында өткөн. Максаты - Улуу жибек жолунда жайгашкан мамлекеттердин алакасын жакшыртуу, конфессиялар ортосундагы ынтымакты бекемдөө.  Бишкектеги жыйынга 60тай мамлекеттин өкүлдөрү... Читать дальше...

Олег Сенцов Сахаров атындагы сыйлыкка көрсөтүлөт

Azattyk.org 

Европарламент украиналик режиссер, азыр Орусиядагы камакта жаткан Олег Сенцовду Сахаров атындагы сыйлыкка көрсөтөт. Бул демилгени "Европа элдик партиясы" фракциясы көтөргөнүн "Азаттыктын" кабарчысы Рикард Йозвяк кабарлады. Аннексияланган Крымда теракт даярдаган деп Орусия соту 20 жылга кескен режиссер 123 күндөн бери ачкачылык кармап келе жатат. Сенцов өзүнө коюлган айыпты четке кагып, муну саясий буйрук катары сыпаттайт. Анын тагдыры эл аралык деңгээлдеги тынчсызданууга себеп болууда. Жакында... Читать дальше...

Чехия Израилдеги элчилигин Иерусалимге көчүрүүнү көздөп жатат

Azattyk.org 

Чехия Израилдеги элчилигин Тель-Авив шаарынан Иерусалимге которууну көздөп жатат. France-Presse агенттиги жана Израилдин i24NEWS телеканалы 12-сентябрда кабарлагандай, мындай чечим президент Милош Земан, премьер-министр, парламенттин төмөнкү палатасы жана министрлер катышкан жыйында кабыл алынды. Былтыр декабрда АКШ президенти Дональд Трамп Иерусалимди Израилдин борбору деп таанып, элчиликти ушул калаага көчүрүүгө буйрук берген. Мындай чечим АКШнын Европа менен Жакынкы Чыгыштагы башкы өнөктөштөрүнүн сын пикирин... Читать дальше...



Москва

"Спартак" и "Оренбург" сыграли вничью в заключительном матче РПЛ


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Мэр Москвы рассказал про сервисы в центре "Профессии будущего"



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Фрэнк Синатра

Все же ДиКаприо? Тина Синатра не позволила Кевину Спейси сыграть ее отца в кино




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Футболист Тарасов показал средний палец водителю автобуса в Москве

«Милан» сыграл вничью с «Салернитаной» в Серии А

Более двух тысяч спортсменов поучаствовало в параде на ВДНХ в Москве


Большой шлем

Dagospia: Синнер и Калинская вместе поужинали в ресторане в Париже



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Екатерина Александрова

Екатерина Александрова уступила Линетт во втором круге турнира в Страсбурге



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России