12-февралдан тартып ишке киришүүчү камералар менен радарлардын иши тууралуу бүгүн журналисттерге кеңири маалымат берилди. Ага ылайык, баш калаанын Жибек Жолу проспектисинин Жаш Гвардия, Фучик көчөлөрү менен кесилишинде, ал эми Чүй проспектисинин Бейшеналиева, Жаш Гвардия, Фучик жана Курманжан датка көчөлөрү менен кесилишинде камералар орнотулат. Мындан тышкары Абдрахманов көчөсүнүн Бөкөнбаев, Абдрахманов, ошондой эле Москва — Абдрахманов, Горький — 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишине жол кыймыл коопсуздугун көзөмөлдөөчү камералар орнотулду. Читать дальше...