АКШ чабарманы менен сүйлөшүү үчүн “Талибандын” атайын тобу түзүлдү
“Талибан” кыймылы АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы менен кезектеги сүйлөшүүгө катышууга 14 мүчөсүнөн турган топту жарыялады. 12-февралда жарыяланган билдирүүдө атайын топту Мухаммад Аббас Станекзай жетектеп барары айтылат. Топко “Талибан” кыймылынын фракциясы болуп саналган “Хаккани тобунун" лидеринин абактагы иниси Анас Хаккани дагы кирди. Кыймылдын басма сөз катчысы Забиулла Мужахид Кабул өкмөтү Хакканини “сүйлөшүү тобундагы ишин башташы үчүн абактан чыгарышы керек” деди. ... Читать дальше...