Ошто ооганчы-жоокерлер эскерилди
Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылганынын 30 жылдыгы Ош шаарында да белгиленди. Анда Ооганстандагы согуштук аракеттер учурунда курман болгон жоокерлердин эстелигине гүлчамбарлар коюлду. Эскерүүдө ооганчы-ардагерлерге Ош шаарынын мэриясы Ардак грамота жана акчалай сыйлыктарды тапшырды. Мындан тышкары ушул тапта аскердик милдетин өтөп жаткан жоокерлер ооган жеринде интернационалисттик милдетин өтөп жатып курман болгондордун жаркын элесине аскердик урмат көрсөтүп, салтанаттуу марш менен өтүштү. Читать дальше...