СССРди дүң кылган «трикотажчылар иши»
1962-жылы Фрунзе шаарында СССР Жогорку сотунун көчмө коллегиясында «трикотажчылар же цехчилер иши» каралып, жыйырмадан ашуун адам атууга, башкалары узак мөөнөткө абакка кесилген.
1962-жылы Фрунзе шаарында СССР Жогорку сотунун көчмө коллегиясында «трикотажчылар же цехчилер иши» каралып, жыйырмадан ашуун адам атууга, башкалары узак мөөнөткө абакка кесилген.
Бишкек шаарында жаңы төрөлгөн ымыркайды сатууга аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Мекеме өкүлдөрү ырасташкандай, алгач белгисиз аял ымыркайды 190 миң сомго сатканы жатканы тууралуу милицияга кабар түшкөн. Факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ыкчам тергөө иштери жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө 31 жаштагы келин баштапкы төлөм катары 5 миң сом алып, ымыркайды сатып алуучуларга өткөрүп берип жаткан учурунда колго түштү. Читать дальше...
АКШнын Ооганстандагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнө жооптуу чабарманы Халмай Халилзад ооган талибдеринин делегациясыны менен Катарда өтүп жаткан жолугушуусу 2-мартка чейин токтогонун билдирди. Сүйлөшүүгө катышкандар «ич ара талкуулар» үчүн эки күнгө тыныгуу алышканын түшүндүрүштү. Халилзад «Твиттердеги» баракчасына «эки тарап тең эки күн бою өз ара сүйлөшүп, кайра ишембиде жолугушат» деп жазды. Ооганстанда 18-жылга созулган согушту басуунун жолун издеген Дохадагы сүйлөшүү үч күн мурун башталган. ... Читать дальше...
25-февралда 27 жаштагы Бишкектин тургуну Нурайым Рысмат кызы операция жолу менен төрт эм төрөдү. Ал Кыргызстанда төрт баланы бир учурда көтөрүп, төрөгөн экинчи эне болуп калды.
Илим Карыпбеков КТРКнын башкы директорлугуна талапкер болуудан баш тартты. Бул тууралуу ал бүгүн КТРКнын Байкоочу кеңешинин алдында билдирди. Карыпбеков анын катышканы тандоо түрүн кызыктуу кылганын, баш тартышына эч ким басым жасабаганын, себебин соцтармактарга жазганын, эч кимди «экинчи мөөнөткө калтыргыла» деп кыйнабаганын айтты. Байкоочу кеңеш бүгүн башкы директорлукка талапкерлер менен аңгемелешүү жүргүзүп жатат. Жалпысынан 22 адам документин тапшырган, алардын 19у менен аңгемелешүү бүгүн жүрүп жатат. Читать дальше...
1-мартта Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда бир аз кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн -3...+2, күндүз 7...12, Таласта түнкүсүн -4...+1, күндүз 6...11, Ысык-Көлдө түнкүсүн -3...-8, күндүз 2...7, Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -3...+2, күндүз 8...13, Нарында түнкүсүн -17...-22... Читать дальше...
Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Сауд Арабиясынын тышкы иштер министри Ибрагим бин Абделазиз Аль-Ассаф менен Эр-Рияд шаарында жолугушту. Бул тууралуу 28-февралда Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди. Тараптар кыргыз-сауд мамилелерин өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери, кызматташууну жандантуунун жолдору жөнүндө сөз кылышты. Министрлер инвестициялык жана насыя долбоорлорун иштеп чыгууну, ушул багытта мамиле түзүүнү макулдашты. Жолугушуунун соңунда тышкы иштер министрликтеринин... Читать дальше...
Жогорку Кеңеште «күйүүчү майдын баасын 10 сомго чейин арзандатууга болот» деп айтылганы көп талкуунун башын ачууда.
“Манас” аэропортунда бүгүнкүгө пландалган эл аралык эки каттам боюнча учуу болгон жок. Аэропорттун расмий сайтындагы маалыматка караганда, Индиянын борбору Делиге жөнөп кете турган жана ал жактан учуп келчү рейстер токтотулду. Ал эми аэропорттор штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн 28-февралда “Азаттык” радиосуна Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди. "Кашмирдеги кырдаалга байланыштуу айрым өлкөлөр аба мейкиндигин жаап жатышат. Кыргызстан мындай чара көрүүнү пландаган жокпу?” деген суроого Акышев... Читать дальше...
Бейшембиде Вьетнамда президент Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын саммити эч кандай макулдашууга кол коюлбастан аяктады. Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс сүйлөшүүлөр чукулунан токтогонун билдирди. «Эки лидер өзөктүк куралдан арылуунун ар кандай жолдорун жана экономикалык маселелерди талкуулашты», - деди Сандерс. «Ушул тапта макулдашуу жетишилген жок. Эки тараптын тең өкүлдөрү келечекте дагы жолугушат». Ханойдо өткөн басма сөз жыйынында Трамп Пхеньян талап кылгандай... Читать дальше...
Сот мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди үч саясатчыга 300 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирди.
Өткөн дем алышта Москванын борбордук ипподромунда көкбөрү оюну өткөнү жергиликтүү элди нааразы кылган.
Бишкектин Октябрь райондук соту экс-президент Алмазбек Атамбаевди анын үстүнөн арыз жазган саясатчылар Азимбек Бекназаров, Ахматбек Келдибеков жана Кеңешбек Дүйшөбаевдин ар бирине 100 миң сомдон компенсация төлөп берүүгө милдеттендирди. Бул тууралуу «Азаттыкка» Атамбаев төрагалык кылган Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди. Анын айтымында, судья «Апрель» телеканалын такталбаган маалымат таратканы жөнүндө төгүндөө берип, доогерлерге эфирдик убакыт берүүгө милдеттендирди. Читать дальше...
ВИЧ илдеттүү балдардын жөлөк пулу 18 жаштан кийин токтотулат. Буга нааразы болгон ата-энелер илдет медициналык мекемеден тараганын айтып, балдарынын оорусуна мамлекетти айыптап чыгышты. "Азаттык" алардын арасынан эки өспүрумдүн көксөөсүн, кыял максаттарын сурап келди.
Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) Байкоочу кеңеши добуш берүү аркылуу Каарманбек Кулуевди телеканалдын директорлугуна талапкерлердин тизмесинен чыгарды. Кеңештин мүчөлөрү талапкердин аңгемелешүүгө скайп аркылуу катышууга укугу жок деп тапты. «Азаттыктын» Прага кеңсесинин кызматкери Каарманбек Кулуев КТРКнын жетекчилигине жарыяланган сынакка документтердин кабыл алуунун акыркы күнү, 18-февралда арыз берген. Бул кадамга ал коомдук телеканалдын деңгээлин журналистиканын бардык стандарттары... Читать дальше...
Учурда балбан реабилитациялык курстан өтүүдө.
Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) Байкоочу кеңешинин 28-февралдагы олтуруму кеңештин төрагасы Жыпар Жекшеев менен мүчөсү Азамат Болгонбаевдин талашы менен башталды. Жекшеев жыйынды телефон менен тартууга тыюу салып, муну алар камераларга жолтоо болоору менен түшүндүрдү. Болгонбаев буга каршы чыкты. Андан кийин экөө күн тартибиндеги сунуш киргизүү боюнча кайым айтышты. Анын алдында Айбек Карымов шайлоого тиешеси жок маселе жөнүндө билдирүү жасоону өтүнгөн эле. Бүгүнкү олтурумда КТРКнын... Читать дальше...
Тегеран эки өлкөнү тең сабырдуулукка жана мүмкүн болушунча тез арада сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө чакырды.
“Альфа Телекомдун” "мамлекетке ири зыян келтирди" деп соттолгон мурдагы жетекчиси Алмаз Абековдун жаза мөөнөтү он жылга, ал эми тыңчылык үчүн камалган Алтынбек Муралиевдики жети жылга кыскарды.
Бишкекте кара майдын чекене жана дүң базардагы баасынын айырмасы 20 пайызга жетип жатат. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында сүйлөп жатып парламент депутаты Эмил Токтошев билдирди. Депутат бул маселеге өкмөттүн көңүлүн буруп, жазгы талаа иштери башталган чакта тез арада чара көрүүгө чакырды: - Бишкек шаарынын четиндеги мунай базаларында АИ-92 маркасы 32,80-33 сомдон, ал эми май куюучу бекеттерде 40-40,90 сом болууда. Дизел майынын дүң баасы 39 сом, чекене баасы 44,50-45 сом. Айырмасы 8 сомдон же 20 пайыздан ашып кетип жатат. Читать дальше...
Жумгал районунун Чаек айылынын тургуну Таасынбек Жумалиев көп жылдан бери бука байлап, семиртип сатат. Иштин көзүн тапкан ишкер айылдаштарына малды кантип багууну жана кирише табуу жолдорун үйрөтүп келет.
Тегерандагы Япониянын элчиси өлкөдөгү Борбордук банктын президенти менен жолугушту.
Астанада Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо маселеси талкууланып жатат. Бул тууралуу 28-февралда Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып өкмөттүн парламенттеги өкүлү Ашырбек Темирбаев билдирди. Темирбаевдин айтымында, бул проблеманы 23-февралда кыргыз өкмөтүнүн башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстандын жаңы дайындалган премьер-министри Аскар Мамин менен телефон аркылуу талкуулап, сүйлөшүү өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынган. Астанадагы жолугушууларга вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектеген делегация катышууда. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Кыргызстанда кылмыштуу топтордун башчыларына каршы мыйзамдарды күчөтүүнү сунуш кылууда. Бул тууралуу ал бүгүн парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып Орусия Кылмыш-жаза кодексине «криминалдык авторитеттерге» каршы жаңы берене киргизип жатканын мисал келтирип айтты: - Мамлекеттик Думада бул мыйзам долбоору азыр үчүнчү окууда каралууда. Мисалы, ким өзүн «мыйзамдагы ууру», «көзөмөлдөөчү» же башка кандайдыр бир криминалдык макамы бар экенин мойнуна алса, ал дароо жоопко тартылат. Читать дальше...
Сириянын президенти Башар Асад Ирандын ТИМ жетекчиси Жавад Зарифти Дамаскка иш сапары менен барып кетүүгө чакырды.
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости