Исфана-Андарак жолундагы абалды милиция көзөмөлгө алды
Баткен облусунун Исфана-Андарак жолундагы абалды милиция күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөп жатат. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. Андан алынган маалыматка караганда, 3-июнда Лейлек районунун Сумбула айыл аймагынын айрым тургундары Искра айылында мамлекеттин балансында турган жерге үй куруп алгандардан турак-жайларын бузууну талап кылып, Исфана-Андарак жолун тосушкан. Искра айылынын кире беришине эл топтолуп, Исфана-Андарак, Андарак-Исфана багытында бараткан машинелер токтотулган. Читать дальше...