Казакстан: митингде кармалгандардын доо арызы четке кагылды
Казакстандын баш калаасы Нур-Султан шаардык соту 9-10-июндагы митингге катышканы үчүн беш күнгө жана он күнгө камакка алынган эки кишинин апелляциялык арызын канааттандырган жок. Бул тууралуу адвокат Асел Токаева «Азаттыктын» казак кызматына билдирди. Ушуну менен 14-июндан бери митингде кармалгандар боюнча он бешинчи апелляциялык арыз сотто каралды. Нур-Султандын жашоочулары Арман Алтынбеков менен Тимур Арипбаев акцияга катышпаганын, 9-июнда президенттик шайлоого добуш бергени баратканда Жаштар сарайынын жанынан кармалганын айтып жатышат.