Ошто Фергана каналына агып кеткен экөө жубайлар экени айтылууда
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова “Азаттыкка” билдиргенине караганда, 20-июнда саат 13:50 чамасында Араван районунун Нурабад айыл аймагынын Кайрагач-Арык айылынын тургундары, бир эркек жана бир аял сууга агып кетишкен: - Ошол күндөн тартып биздин министрликтин куткаруучулары жергиликтүү ыктыярчылар жана милиция кызматкерлери менен чогуу издөө иштерин жүргүзүп жатышат. Азырынча табыла элек. Бүгүн да 24 куткаруучу издеп жатат. Айрым маалыматтарга караганда, алгач сууга келин түшүп кеткен... Читать дальше...