"Tengri Music" фестивалы эски аянтта өтөт
"Tengri Music" фестивалы 14-сентябрда кечинде Бишкектеги Эски аянтта өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар "Азаттык" радиосуна кабарлашты. Классикалык музыкага арналган фестиваль буга чейин жылына Дайыр Асанов атындагы эс алуу багында, ачык асман алдында өтүп келген. Фестивалга Москва мамлекеттик симфониялык оркестри жана башка орусиялык талант ээлери катышат. Концерт Бишкектеги Москва күндөрүнүн алкагында Москва өкмөтүнүн колдоосу менен уюштурулууда. Быйыл мурдагылардар айырмаланып, музыка сүйүүчүлөр фестивалды акы төлөп көрөт. Читать дальше...