Түлеевдин батирлерин сатууга шектелген жаран кармалды
Бишкектин мэриясына таандык батирлерди алдамчылык жолу менен сатып жибергени кабарланган муниципалдык мүлктү башкаруу башкармалыгынын мурдагы кызматкери кармалды. Бул тууралуу Бишкек милициясынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, Баткен облусунда жашырынып жүргөн шектүү Тажикстан чек арасы аркылуу өлкөдөн чыгып, Түркияга кетүүгө камынып жаткан. 7-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) менен милиция кызматкерлери аны Лейлектен, чек арадан өтүүгө аракет жасаган учурунда колго түшүргөн. Читать дальше...