Грекия: качкындар лагериндеги өрттөн эне-бала күйүп кетти
Грекиянын Лесбос аралындагы «Мориа» качкындар лагеринде чыккан өрттөн эки адам өлдү. Жергиликтүү полиция алар качкын катары тыштан келген эне-бала экенин билдирди. Расмий маалыматка ылайык, өрт эки жерде тутанган: биринчиси лагердин сыртындагы зайтун бактарынын жанында, экинчи кырсык лагердин өзүндө болгон. Негизинен ооган жарандары басымдуулук кылган бул лагердин жашоочулары өрт тез өчүрүлбөгөнүнө нааразы болуп, тополоң чыгарышты. Мунун айынан калайман баш аламандык болуп, полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонгон. Читать дальше...