«Медиа өнүктүрүү борбору» Кулчумановго байланыштуу тынчсыздануусун билдирди
«Медиа өнүктүрүү борбору» коомдук фонду Ош шаарында «Азаттыктын» кызматкери кол салууга кабылып, жабдууларынын каракталышын жалпыга маалымдоо каражаттарына көрсөтүлгөн кысым катары баалады. Уюм ушул өңүттө билдирүү таратып, бул жагдай «Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө» мыйзамга каршы келерин эскертти. Аталган мыйзамга ылайык, журналисттин коомдун кызыкчылыгын туудурган, жарандардын укуктарына, эркиндигине жана мыйзамдуу таламдарына тиешелүү маалыматка жетишине чек коюуга жол берилбейт. Читать дальше...