ЖК: Кыргызстандын Кесиптик кошуундар федерациясынын 5-6 мүлкү сатылып кеткен
Эгемендикке ээ болгон жылдар аралыгында Кыргызстандын Кесиптик кошуундар федерациясына тийиштүү болгон 5-6 мүлк сатылып кеткен. Бул тууралуу парламент жыйынында кеп болду. Депутаттар бүгүн, 2-октябрда «Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзамдын долбоорун экинчи окууда талкуулап жатат. Сатылып кеткен мүлктүн ичинде «Достук» мейманканасы бар экени айтылды. Учурда анын 54 пайызы федерацияга караштуу болсо, 46% жеке жактарга сатылып кеткен. Мындан сырткары «Спартак» стадиону жана анын кичи аренасы, эки турбаза бар. Читать дальше...