Коронавирус томсорткон Прага
Чехия өкмөтү 16-марттан 24-мартка чейин элдин эркин жүрүшүнө чектөө киргизди. Өкмөт жекшембиде бир нече саатка созулган жыйындан кийин ушундай чечимге келди. Бийлик калкты жумушка, азык-түлүк, дары-дармек алууга, почта, банк же ушул өңдүү эң зарыл иштери болбосо, сыртка чыкпоого чакырды.