Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2020

Новости за 21.03.2020

СОVID-19 жана куру пиар

Azattyk.org 

21-мартта Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус жайылып жаткан шартта жарандарды жеңил пиардан алыс болууга чакырды. Кыргызстанда COVID-19 вирусун жалпысынан 14 адам жугузуп алган. Сузак районунда сегиз, Ноокатта үч, Бишкек шаарында эки жана Баткен районунда бир адам катталган. Ал эми 2628 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө турат.

Тил билген баланын дүйнө таанымы кеңейет

Azattyk.org 

Кыргызстанда эрте жашынан эле балдарын чет тил курстарына берген ата-энелер көбөйдү. Логопед, психолог жана невролог адистер арасында бул демилгени колдогондор да, ага каршы чыккандар да жетиштүү.



Караколдо беткап жана дары тартыш

Azattyk.org 

Караколдо жергиликтүү калк беткап жана керектүү дарыларды таппай убара тартууда. Шаарда зордук-зомбулуктан жабыркаган жана майып аялдар иштеген эки цех беткап тиге баштады. Күнүнө 2,5 миңдей беткап саламаттык сактоо мекемелерине жөнөтүлгөнү менен муктаждыкты жаба албай жатат.

Президент куру пиардан алыс болууга чакырды (видео)

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус жайылып жаткан шартта жарандарды жеңил пиардан алыс болууга чакырды. Бул тууралуу Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин 21-марттагы жыйынында билдирген. Президент учурда “бардык маселе боюнча эксперттер көбөйгөнүн” белгилеп, жеңил пиардан оолак болууга үндөгөн: “Жардам бересиңерби, ырдайсыңарбы же ыйлайсыңарбы коомчулукка жарыялабай эле жасасаңар болот. Жасаган ишиңерди, соопчулукту ошол жерде жашаган эл билсе, анын батасы тиет. Эң негизгиси, Кудай билсе болду. Читать дальше...

Иммунитетти көтөрүүнүн ыкмалары

Azattyk.org 

Иммунитетти кантип көтөрүш керек? Вирус күчөгөн маалда туура тамактануунун жолдору кандай? Спирт ичимдиктерин ичсе болобу? Ушул жана башка суроолорго Тибет медицинасынын доктору Анархан Надирова жооп берди.

Ала-Тоо Ноорузду тоскон жок

Azattyk.org 

COVID-19 аталышындагы коронавирус жайылып кеткенине байланыштуу өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул илдетке байланыштуу бардык маданий иш-чаралар токтотулуп, Кыргызстан жылдагыдай Ноорузду майрамдабай калды.

Бюджеттик кызматкерлер дем алышсыз иштөөгө өтөт

Azattyk.org 

Кыргызстанда мамлекеттик мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн 22, 28, 29-март, 4, 5, 7, 11, 12-апрель иш күндөрү деп белгиленди. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 21-мартта кол койду.  Өкмөттөн кабарлашкандай, бул чечим коронавирус инфекциясынын өлкөгө жайылышына жол бербөө боюнча ыкчам чараларды көрүү, экономикалык багыттын туруктуу ишин камсыздоо үчүн кабыл алынды. «Көрсөтүлгөн чараларды аткаруу үчүн эс алуу жана майрам күндөрү аларды ишке ашыруу талап кылынат», – деп айтылат маалыматта. Читать дальше...



Түндүк Корея жаңы ракета учурганы кабарланууда

Azattyk.org 

Түштүк Кореянын «Ренхап» агенттиги аскерлерге таянуу менен Түндүк Корея Жапон деңизин көздөй ракета учурганын жазды. Reuters агенттигинин маалыматы боюнча, ракета 300-400 чакырымдай учуп барып, Токиодон анча алыс эмес жерге кулаган. Жапониянын премьер-министри калкка Пхеньяндын аракеттери тууралуу маалымат берип, аскерлерди кырдаалдын ар кандай өнүгүшүнө даяр турууга чакырды. Вашингтон кырдаалга көз салып жатканын жана Сеул, Токио менен байланышта экенин билдирди. Ушуну менен Түндүк Корея жыл... Читать дальше...

Бишкекте эки адам коронавируска чалдыкканы аныкталды

Azattyk.org 

Бул тууралуу Коронавируска каршы туруу боюнча республикалык штабдан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жуктургандардын бири 24 жаштагы жигит Франциядан келип, “Манас” эл аралык аэропортундагы обсервация борборунда жаткан. Экинчиси 26 жаштагы жигит Сауд Арабиядан кичи ажылыктан кайтып келип, Бишкек шаарындагы “Ак-Кеме” мейманканасында изоляцияга алынган. Кыргызстанда СOVID-19 вирусун жугузуп алгандардын саны 14кө жетти. Буга чейин бул вирус Сузак районунан сегиз, Ноокат районунан үч, Баткен районунан бир кишиге жукканы кабарланган. Читать дальше...

«Дунган кыздары ашканада кыйын»

Azattyk.org 

Дунган элинде кыздарды үй турмушуна кичине кезинен даярдашат. Кыз-келиндердин көбү улуттук тамак-ашты мыкты жасап, сатып акча табат. Бул жолу «Азаттык» жергиликтүү дунган калкы жыш отурукташкан Чүй облусундагы Милянфан айылын кыдырып, дунган кыз-келиндердин жашоосуна жана ишине кызыкты.

Кыргыз өкмөтү өлкө аймагына өзгөчө кырдаал киргизүүдө

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтү коронавирус илдетин жайылтпоо максатында 22-марттан тарта Коопсуздук кеңешинин сунушунун негизинде өлкө аймагында өзгөчө кырдаал киргизүүдө. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты. Маалыматка ылайык, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн өлкө аймагындагы өзгөчө кырдаал киргизүү боюнча кеңешме өткөргөн. Анда премьер-министр өкмөт өзгөчө кырдаалда ишке ашырыла турган планды аткарууга киришкенин билдирген. “Планда борбор калаа жана аймактардагы блокпостторду жайгыштыруу боюнча маалымат... Читать дальше...

Грузияда өзгөчө абал киргизүү сунушталды

Azattyk.org 

Грузиянын өкмөт башчысы Георгий Гахария коронавирустун жайылышын ооздуктоо максатында өлкөдө бир айга өзгөчө абал режимин киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал 21-мартта билдирди.  Гахария «бул маалда карантиндин эрежесин бузгандар катуу жазалана турганын» эскертти. Көп өтпөй өлкө президенти Саломе Зурабишвили бул боюнча документти парламенттин жактыруусуна жөнөттү. Эми депуттатар 24 сааттын ичинде чечим кабыл алышы зарыл. Соңку бир суткада Грузияда коронавирус жугузуп алган төрт киши катталган. Читать дальше...

Индияда 11 кыргызстандык карантинге алынды

Azattyk.org 

Индиянын Хайдарабад шаарында 11 кыргыз жараны карантинге алынды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигине шилтеме берүү менен коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штаб кабарлады. Маалыматка ылайык, изоляцияга алынгандар коронавируска текшерүүдөн өтмөкчү. Буга чейин Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдө коронавирус жуктурган кыргызстандыктар жок экенин кабарлаган.(BkA)

Орусияда коронавирус жуктургандардын саны 250дөн ашты

Azattyk.org 

Соңку бир сутка ичинде Орусияда 54 адам өпкөнү сезгенткен илдетке кабылган. 79 жаштагы бир аял көз жумду. Бирок ал коронавирустан өлгөндөрдүн санына кирбей турганын орус бийлиги маалымдады. Москва билдиргендей, ал башка эле оорудан каза тапкан. Анткен менен Жон Хопкинс университети азырынча Орусияда бул оорудан өлгөн бир адам бар экенин расмий кабарлап жатат. Орусиянын президенти Владимир Путин коронавирус пандемиясын «тышкы коркунуч» катары баалаган. Ал орусиялыктарды «кырдаал көзөмөлдө» экенине ишендирди. Читать дальше...

"Кыргызстан илимди колдошу керек"

Azattyk.org 

Нарындагы "Ага Хан" фонду ачкан Борбор Азия университетинин ректору, профессор Сохаил Накви Пакистандагы билим берүү рейтинги эң төмөн болгон Лахор университетин бир нече жылдын ичинде эл аралык деңгээлдеги мыкты окуу жайлардын катарына кошкон. Ал Кыргызстандагы билим берүүдөгү кемчиликтер, Борбор Азия университетинин багыты жана максаты тууралуу айтып берди.

Аба ырайы: жамгыр жаайт

Azattyk.org 

Аба ырайы: 22-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 22-мартта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 14…19; Талас жергесинде түнкүсүн 4…9, күндүз 15…20; Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 9…14; Нарын облусунда түнкүсүн -4…1... Читать дальше...


Музыкальные новости
Булат Окуджава

Что показывают в доме Окуджавы в Нижнем Тагиле: фоторепортаж и семейные истории к 100-летию барда. ФОТО. ВИДЕО





Rss.plus
#123ru.net

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» ПРАВИТ МИРОМ?! Раскрыт реальный смысл Мавзолея на Красной площади России в Москве.




ПВО сбила беспилотник, летевший на Москву

В мэрии Москвы рассказали о новых маршрутах круизных теплоходов

Объявлен сбор помощи для 5-летней амурчанки с ДЦП

Офицер Росгвардии приняла участие в прямом радиоэфире «Все для Победы» на Ямале




COVID-19ду жуктурган казакстандык Түркиядан Бишкек аркылуу учуп келген

Azattyk.org 

Казакстанда коронавирус жуктуруп алган элүү үчүнчү жаран Түркиядан Бишкек аркылуу учуп келген. Бул тууралуу Казакстандын cаламаттык сактоо министринин расмий өкүлү Диас Ахметшарип билдирди. Анын айтымында, 34 жаштагы адам 17-мартта Стамбул-Бишкек каттамы аркылуу Кыргызстанга келип конгон. 18-мартта Казакстандын Алматы облусундагы Каскелең аймагына автотранспорт менен өткөн. Ал адамдын коронавирус жугузуп алганы 21-мартта аныкталды. Учурда ооруканага жаткырылып, дарыланууда. Бул жагдай боюнча... Читать дальше...

Бишкек ЖЭБи боюнча сот 23-мартка жылдырылды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык сотунда каралып жаткан Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш иши жөнүндө жараян 23-мартта улантылат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна бул иште айыпталгандардын бири, мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты билдирди. Анын айтымында, 20-марттагы жараянда көпчүлүк айыпталуучулары акыркы сөзүн сүйлөштү. Бир гана мурдагы финансы министри Ольга Лаврова калды. 23-мартта Лаврова акыркы сөзүн сүйлөгөн соң ишти караган соттук коллегия чечим чыгарат. Читать дальше...

Жалал-Абадга карантиндеги инфекцияларды аныктаган мобилдүү лаборатория жеткирилди

Azattyk.org 

Шаарга күнүнө 100гө чукул адамдын анализин текшергенге мүмкүнчүлүгү бар карантиндеги инфекцияларды тез аныктай турган мобилдүү лаборатория Ош шаарынан жеткирилди. Мындай маалыматты өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдирди. “Ал Жалал-Абад облустук санитардык эпидемиологиялык көзөмөл кызматына жайгаштырылды жана ал менен бирге атайын даярдыктан өткөн адистер келди. Дагы Бишкек шаарынан карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу оорулары кызматынан кошумча адистер тартылууда. Читать дальше...

22-марттан тарта Бишкекте коомдук транспорт токтотулат

Azattyk.org 

Бишкекте коронавирусту жайылтпоо чараларынан улам 22-марттан тарта борбор калаада троллейбустан башка коомдук транспорт токтотулат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, шаардагы бардык автобус жана кичи автобустар убактылуу ишин токтотот. Калаа бийлиги буга байланыштуу шаардыктарды зарыл жумуш болбосо көчөгө чыкпоого чакырууда. Коомдук транспорт качан иштей баштары азырынча маалымдала элек.(BkA)

Иран менен Франция туткундарды айырбаштады

Azattyk.org 

Иран өткөн жылдан бери Тегеранда камакта отурган франциялык изилдөөчүнү Францияда кармалып турган ирандык инженерге айырбаштады. Бул тууралуу Ирандын маалымат каражаттары кабарлашты. IRIB телеканалы 20-мартта билдиргендей, Францияда 2019-жылы АКШнын өтүнүчү менен камалган Жалал Рохоллахнеджад бошотулду. Андан бир нече саат өтпөй франциялык академик Ролан Маршал Тегерандагы Франциянын элчилигине жеткирилди.  Кошмо Штаттар Рохоллахнежадды Вашингтондун санкцияларын көзгө илбей Иранга өндүрүш жабдыктарын экспорттогон деп шек санап жатат. Читать дальше...

Өкмөт өзгөчө кырдаалдын тартибин түшүндүрдү

Azattyk.org 

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргызстанга 22-марттан баштап киргизилгени жаткан өзгөчө кырдаалдын жол-жобосун түшүндүрдү. Анын айтымында, өзгөчө кырдаал менен өзгөчө абалды алмаштырбоо кажет. “Өзгөчө кырдаалда атайын эпидемиялык иш-чаралар жүргүзүлөт. Бирок жарандардын жүрүм-туруму, кыймылына чектөөлөр өзгөчө абалга караганда жеңил болот. Экономикалык иш-чаралар, башка маселелер күнүмдүк турмушта улантыла берет. Ал эми зарылдыгы жок кайсы бир жакка чыгууга же болбосо эл көп чогулган жерге барууга тыюу салынат”,-деди Боронов. Читать дальше...



Москва

Представители народов Чувашии почтили память погибших в годы Великой Отечественной войны


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Сергей Собянин. Главное за день



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Бенни Гудмен

В Доме Единства состоится джазовый концерт, посвященный Бенни Гудмену




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Поцарапанному пандой Катюшей киперу подарили футболку с извинениями

4 современных общественных пространства появятся на севере Москвы в 2024 г

В рамках празднования Дня Победы в Москве пройдет ежегодный турнир среди студенческих футбольных команд «Вызов»


Виктория Азаренко

Азаренко: Я из среды, где не принято говорить о своих чувствах, поэтому пришлось учиться



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Экономика: Эксперт Фролов рассказал, как России удалось создать собственную газовую турбину большой мощности



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России