Коронавирустун эпкини шайлоого жетти
Дүйнөдө жана коңшу өлкөлөрдө коронавирус тез жайылышынан улам Кыргызстанда жергиликтүү шайлоолорду башка мөөнөткө жылдыруу сунушу айтылды.
Дүйнөдө жана коңшу өлкөлөрдө коронавирус тез жайылышынан улам Кыргызстанда жергиликтүү шайлоолорду башка мөөнөткө жылдыруу сунушу айтылды.
Иран коронавирустан улам баш-аягы 85 миң кишини абактан убактылуу бошотту. Бул өлкөдө жаңы вирустан каза тапкандардын саны миңге чукулдады.
Өкмөт массалык чогулууга, той-аштарга жана куран окутууга тыюу салды. 17-марттагы өкмөттүн токтомуна ылайык, Бишкектеги кинотеатрлар, оюн-зоок аянтчалары убактылуу жабылды. Мындай чечимди өкмөт коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында чыгарды. "Азаттык" Бишкектеги коомдук жайларды кыдырып, ишкерлерди кепке тартты.
Коронавирус коркунучу Борбор Азияга жетти. Орусияда бир көзүнөн ажыраган мигранттын арызын сот канааттандырды. Тамбов облусундагы жабык кыштактын тургундары мамлекет аларды үйүнөн мажбурлап чыгарып жатканын айтып арызданууда.
Өзбекстан менен Тажикстандын ортосундагы авиа каттамдар токтотулду. Өзбекстан өз жарандарын гана кабыл алып, башка өлкө жарандарынын киришине тыюу салды.
Коронавирус коркунучунан улам буга чейин Англия, Италия, Испания, Франция, Германия, Португалия, Нидерланддар чемпионаттары жана Чемпиондор лигасы токтотулган эле.
Коронавируска байланыштуу Казакстан менен Өзбекстан чет өлкөлүктөрдү киргизүүгө тыюу салган чечим кабыл алган соң чек арада текшерүү күчөдү. "Азаттыктын" журналисттери «Ак-Тилек» көзөмөл бекетине барып, кырдаалды жеринен көрүп келишти.
Коронавирус кантип жайылат жана тобокел тобуна кимдер кирет? Карантинге алынган адам илдетти башкаларга жугузушу мүмкүнбү? Жылуу аба ырайы COVID-19дун жайылышын токтотобу? АКШнын Улуттук саламаттык сактоо агенттиги ушул жана башка суроолорго жоопторду даярдаган.
Францияда коронавируска байланыштуу 17-марттан тартып катаал карантин башталды.
Түштүк Кореяда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 8200дөн ашты. 75 киши көз жумду. Бул мамлекет COVID-19га каршы күрөштү ийгиликтүү жүргүзүп жатканы кабарланды. Анын себептерин Сеулда физик-изилдөөчү болуп эмгектенген журтташыбыз Салижан Кылычбеков чечмелеп берди.
Бүгүн 17-мартта мурдагы президент Аскар Акаевдин бийлигине нааразылык билдирип чыгып, алты адамдын өмүрүн алган Аксы окуясына 18 жыл толду. Арадан бир топ жыл өтсө да окуяга укуктук баа берилбей жатканын жабырлануучулар айтып келет. Аксы окуясында күйөөсүн жоготуп, чиедей балдары менен жесир калган Четимбаевдердин үй-бүлөсүнүн азыркы жашоосу менен кабарчыбыз таанышып келди.
Арменияда жуучулукка баргандардын жыйырмасы коронавируска кабылды. Түштүк Кореяда жашыруун чиркөө вирусту тараткан булак катары бааланды. Иранда жана Малайзияда вирус мечитке баргандардан жукканы аныкталды.
Орусиянын Конституциялык соту Путиндин дагы 12 жыл президентикте калышына жол ачкан Баш мыйзамды өзгөртүү долбоорун жактырды.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус катталган өлкөлөрдүн саны 146га жеткенин маалымдады. Илдетке чалдыккандар 17-мартка карата 180 миңден ашты. Алардын 79 миңден ашууну айыкты. COVID-19 7 миңге чукул адамдын өмүрүн алды.
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова коронавируска байланыштуу өлкөдөгү абал боюнча маалымат берди. Өмүрбекова республикалык штабдын чечими менен өлкөдөгү бардык массалык иш-чараларга үч жумага чейин тыюу салынганын жарыялады.
Сексуалдык зордук-зомбулуктан жабыркаган америкалык киножылдыздардын "МиТу" кыймылы Голливуддагы мыкчыгер продюсер Харви Вайнштейдин узак жылдарга түрмөгө камалышына себеп болду. Дүйнөлүк деңгээлге жайылган кыймыл коомдун аң-сезимин өзгөртө алдыбы? Аялдардын укугу жаатында дүйнөдө чоң бурулуш жасады делген бул кыймыл көтөргөн башкы көйгөйлөр кайсылар?
Израилде президент Реувен Ривлин өкмөт куроо укугун оппозицияга тапшырды.
Мындан 18 жыл мурда болгон Аксы окуясын эскерүү иш-чарасы Боспиек айылында өтүп жатат.
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости