Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2020

Новости за 15.03.2020

Өзбекстанда коронавируска чалдыккандар 4 киши болду

Azattyk.org 

COVID-19 вирусуна чалдыккан бир ташкенттик аялдын уулу менен кызына да бул алааматтуу вирус жуккандыгы тастыкталды. Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдирүү таркатты. Билдирүүдө илдетке чалдыккандар менен байланышы болгон үй-бүлө мүчөлөрүнүн бардыгы тең Вирус таануу илим изилдөө институтунун клиникасына жеткирилгени белгиленет. Бул аял байырлаган көп кабат үйдөгү 230дай тургун да дарыгерлердин көзөмөлүнө алынды. 11-мартта Ташкентте Парижден кайткан алиги аял жана анын... Читать дальше...

Казакстанда коронавирусту жуктургандардын саны тогуз кишиге жетти

Azattyk.org 

Казакстанда СОVID-19 вирусун жуктургандардын саны тогузга жетти. Алардын бири - жакында Германиядан келген 12 жаштагы кыз. Бул тууралуу 15-мартта коңшу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Диас Ахметшарип билдирди.  Казакстанда коронавирус жуктурган биринчи бейтап 13-мартта катталган. Германиядан келген эки казак жаранынан (бир аял, бир эркек), ушул эле күнү Германиядан жана Италиядан учуп келген дагы эки адамдан COVID-19 вирусу табылган. 14-мартта Москвадан Алматы шаарына, Варшавадан... Читать дальше...

Алматыда коронавируска чалдыккан аял кылмыш жоопкерчилигине тартылды

Azattyk.org 

Алматы шаардык полициясы жекшембиде билдиргендей, коронавирус аныкталган аял “санитардык кызматтардын ишине тоскоолдук жаратып, соңку маалда өзү менен байланышта болгон жарандар тууралуу маалымат берүүдөн баш тарткан”.  Шаардык полиция ооруну жуктуруп алган аял санитардык эрежелерди жана гигиеналык нормативдерди аткарбаганы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылганын бышыктады. 15-мартка карата Казакстанда тогуз кишиден СОVID-19 вирусу табылды. Алардын бири Германиядан келген 12 жаштагы кыз. 16-марттан... Читать дальше...



Бааларды себепсиз көтөргөн ишкерлердин иши териштириле башталды

Azattyk.org 

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы 15-мартта айрым базарларды жана дүкөндөрдү кыдырып, ун жана башка азык-түлүктөрдү себепсиз кымбат саткан соодагерлерди аныктаган. Ага ылайык, баасы 1300 сомдун айланасында турган бир кап унду 1800 сомго саткан айрым соодагерлерге жана ишкерлерге каршы Кылмыш кодексинин 216-беренеси ("Монополисттик аракет жана атаандаштыкты чектөө") боюнча иш козголуп, сотко чейинки өндүрүш баштады. Аталган кызмат баалар жөнсүз көтөрүлгөнүн байкаган жарандарды ал тууралуу маалымдоого чакырган. Читать дальше...

Ош: ун сатып алгандар көп болду

Azattyk.org 

Кыргызстанда эл эки күндөн бери азык-түлүктү адаттагыдан көп сатып алып жатканы байкалды. Буга коронавирус коркунучуна байланыштуу "чек аралар жабылып, тамак-аш тартыштыгы болот экен" деген маалыматтар себеп болгон. Ош шаарында базардагы ун сатуучу жайлар 15-март күнү жабык турду. Жергиликтүү бийлик жакынкы күндөрү ун дүкөндөрдө мурдагы баасында сатылып баштайт деп маалымат таратты.

Кыргыз-казак өкмөт башчылары коронавируска байланыштуу жагдайды талкуулады

Azattyk.org 

Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин телефон аркылуу сүйлөшүп, жагдайды талкуулашты. Бүгүнкү сүйлөшүүдө кыргыз-казак кызматташтыгы жана коронавируска байланыштуу жагдай талкууланды. Өкмөт башчылар Казакстанда жарыяланган өзгөчө кырдаалдар шартында кыргыз-казак чек арасы аркылуу жүк ташуунун маанилүүлүгүн белгилешти. Мындан ары маалымат алмашууну ыкчамдатууну макулдашты. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады. Читать дальше...

Кыргызстан менен Өзбекстан коронавируска каршы чогуу аракеттенүүнү макулдашты

Azattyk.org 

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков 15-мартта өзбекстандык кесиптеши Абдулазиз Камилов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүү учурунда тараптар Өзбекстанда катталган коронавируска байланыштуу кырдаалды талкуулашты. Ошондой эле мындан аркы биргелешип алып баруучу иш-аракеттер, мамлекеттик чек ара аркылуу жүктөрдүн транзити жөнүндө да сүйлөштү. Соңунда бул маселелердин алкагында маалымат алмашуу менен чогуу иш алып барууну макулдашты. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Читать дальше...

Азербайжан менен Түркия транспорт каттамын токтото турууну макулдашты

Azattyk.org 

Түркия менен Азербайжан СОVID-19 вирусунун жайылып жатканынан улам транспорт каттамдарын убактылуу токтотото турууну макулдашты. Бул тууралуу эки өлкөнүн президенттеринин кеңселери 14-мартта жарыялашты.   Чектөө 15-марттан тарта күчүнө кирип, ал жүк ташыгандарга таасир этпейт. Анын алдында Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган телефон аркылуу сүйлөшкөн. 18 чакырымга созулган Түркия-Азербайжан чек арасында “Үмүт” көпүрөсү бар. Иран менен чектешкен... Читать дальше...



Жалал-Абадда ун мурдагы баа менен сатыла баштады

Azattyk.org 

Жалал-Абадда мүшөгү эки миң сомдон сатылып жаткан ун укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү бийликтин катуу текшерүүсүнөн кийин гана мурдагыдай баа менен сатыла баштады. Айрым дүкөндөрдө ар бир адамга бир мүшөктөн гана сатылып жатат. Учурда ундун баасы 1400-1650 сомдон сатылууда. Бирок облустун район-шаарларында унга болгон тартыштык жаралды.

Ат аягын талыткан Ноокат жолу

Azattyk.org 

Ош-Баткен-Исфана жолунун Ноокат району аркылуу өткөн бөлүгү ат жүрсө аягы сына турган абалга келип, көп жылдан бери оңдолбой жергиликтүү элдин нааразылыгын жаратты.

Санкт-Петербургда Конституцияны өзгөтүүгө каршылар кармалды

Azattyk.org 

Санкт-Петербургда Конституцияны өзгөртүүгө каршы акцияга чыккандар кармалды. Нааразылык иш-чарасы Конституциялык соттун имаратынын алдында өтүп жатат. Жекшемби экенине карабай, Конституциялык сот президент Владимир Путин кол койгон Баш мыйзамга киргизилчү өзгөртүүлөрдү карап жатат. Соттун жыйыны жабык өтүүдө. Акцияда «Ачык Орусия» кыймылынын төрагасы Анастасия Буракова баштаган бир катар активисттер сот имаратынын алдына Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршылык иретинде бир тутам гүл койгон соң кармалышты. Читать дальше...

Кыргызстанда коронавирус катталганы боюнча жалган маалымат берген дарыгер аныкталды

Azattyk.org 

Чүйдүн Ысык-Ата районунда Кыргызстанда коронавирус жуктурган адам катталганы боюнча жалган маалымат тараткан аймактык оорукананын дарыгери аныкталды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, аймактык оорукананын тиш дарыгери «WhatsApp» аркылуу тууганына Кыргызстанда коронавирус чыкканы тууралуу калп айтып аудио жиберген. Кийин ал башка адамдарга да тарап кеткен. Бул факт Ысык-Ата райондук милициясында Кылмыш менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып... Читать дальше...

Өкмөт башчы базарларды, соода түйүндөрүн кыдырып чыкты

Azattyk.org 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 15-мартта Бишкектеги айрым базарларга, азык-түлүк жана күнүмдүк керектелүүчү товарларды сатуучу соода түйүндөргө барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөдө азык-түлүк жана башка күнүмдүк керектелүүчү товарлар жетиштүү экенин айтты. «Товар жана азык-түлүк ташууга эч ким чектөө киргизген жок, чек арадан жүк алып өтүү адаттагыдай тартипте жүргүзүлүүдө. Жарандарды негизсиз дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырам. Бизде коронавирус инфекциясы катталган жок... Читать дальше...

Базардагы дүрбөлөң ундун баасын көтөрдү

Azattyk.org 

Кыргызстанда азык-түлүктү массалык түрдө сатып алууга байланыштуу айрым жерлерде элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Монополияны жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик акыркы эки-үч күн ичинде ун 250 сомдон 400 сомго чейин кымбаттап кеткенин билдирди. Ундун жана дан азыктардын кымбатташы, кардарлардын кезеги башка аймактарда да байкалууда.

Кыргызстандын бардык облустарында ундун баасы көтөрүлдү (видео)

Azattyk.org 

Кыргызстандын аймактарында эл азык-түлүктү, анын ичинде унду, суу майды, кумшекерди адаттагыдан көп сатып алууда. Буга байланыштуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү облустардагы базарларды, дүкөндөрдү кыдырып, элдин жана ишкерлердин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Нарын шаардык мэриясынын маалыматына караганда, Нарында бир кап ундун баасы 1450 сомдон 1800 сомго чейин, суу майдын 1 литри 80 сомдон сатылууда. Облуста 80 тоннадан ашык ун, 30 тонна өсүмдүк майынын кору бар. Баткен облусунда бир кап ун 1600-1700 сомдон сатылууда. Читать дальше...

Казакстанда коронавирустан улам өзгөчө кырдаал жарыяланды

Azattyk.org 

Президент Касым-Жомарт Токаев коронавируска байланыштуу Казакстанда өзгөчө кырдаал жарыялады. Токаев кол койгон жарлык коңшу өлкөнүн президентинин сайтына чыкты. Анда жарандардын өмүрүн жана ден соолугун сактоо үчүн Казакстандын бардык аймагында 16-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө кырдаал жарыяланганы жазылган. Бул убакыт аралыгында эл көп топтолгон оюн зоок борборлору, кинотеатрлар ишин токтотуп, ар кандай көргөзмөлөргө, спорттук оюндарга жана эл көп чогулган иш-чараларга тыюу салынары айтылган. Читать дальше...

Өкмөт азык-түлүктүн баасын көтөргөндөргө катуу чара көрүлөрүн эскертти

Azattyk.org 

Өкмөт күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктүн баасын негизсиз жана атайылап көтөргөндөргө мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөрүн эскертти. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 15-мартта чукул кеңешмеде айтты. Боронов 14-марттан тарта айрым базарларда азык-түлүк товарларын массалык түрдө сатып алуу башталганын, буга Казакстанда коронавирусту жуктургандар аныкталганы да таасир эткенин билдирди. «Жоопкерчиликсиз жана керт башынын камын ойлогон ишкерлер жеке кызыкчылыгында пайдаланып жатышат. Читать дальше...

Өзгөчө кырдаалдагы журтташтардын жашоосу

Azattyk.org 

Алгач Кытайдан чыккан COVID-19 вирусу дүйнө жүзүн каптады. Өпкөнү сезгенткен бул оорудан улам өзгөчө кырдаал киргизген мамлекеттердин саны күн санап көбөйүүдө. Чет жактарда бир жарым миллиондой кыргызстандык бар. Алардын айрымдары менен байланышып, кабар алдык.


Музыкальные новости
Анастасия Волочкова

Волочкова спасала платье и чуть не утонула на Мальдивах





Rss.plus
Google

Состоялся релиз стратегии Warbits+ в App Store и Google Play




Эксперты назвали сроки появления вакцины от опасной болезни

«Летом придет климатический кошмар». Синоптики сказали, к чему готовиться

Таня Василькова расскажет (и покажет) «Как прожить в браке без брака»

Экспорт сладостей из Москвы вырос более чем на 20% в прошлом году




Аба ырайы: күн ачык болот

Azattyk.org 

16-мартта жаан жаабайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 19…24, Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 17…22, Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 4…9, күндүз 19…24, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 9…14, Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 9…14, Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -13…-18, күндүз -3…+2 градус, Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 6…8°... Читать дальше...

Ак үй: Дональд Трамптан коронавирус табылган жок

Azattyk.org 

АКШнын президенти Дональд Трамп коронавируска тест тапшырып, жыйынтыгы таза чыкканын Ак үйдүн дарыгерлери билдиришти. 14-марттын кечинде президенттин дарыгери Шон Конли Бразилиянын расмий делегациясы менен бир апта мурда Дональд Трамп чогуу тамактанганын, ушундан улам вируска тест тапшырганын айтты.  Бразилиянын Вашингтондогу элчилиги 13-мартта Трамп менен бир үстөлдө тамак жеген элчинин убактылуу милдетин аткаруучу Нестор Фостерден коронавирус аныкталганын маалымдаган эле. 13-мартта Трамп АКШда өзгөчө кырдаал жарыялаган. Читать дальше...

Өзбекстанда коронавирустун биринчи учуру катталды

Azattyk.org 

15-марттын таңында Өзбекстанда Франциядан кайткан адамдан коронавирус аныкталганы расмий кабарланды. Борбор Азиянын беш өлкөсү вирус башталары менен эле чек араларында катуу көзөмөл киргизип, Кыргызстанда, Казакстанда массалык иш-чараларды токтото туруу чечими кабыл алынган. 14-мартка карата Казакстанда алты кишиден коронавирус табылды. Ооругандардын бирөө Москвадан Алматыга кайткан казакстандык экени аныкталды.   Кыргызстандын өкмөтү кабарлагандай, өлкөдө вирус катталган жок. Кыргызстанда 16-марттан тарта бардык мектеп... Читать дальше...

Азык-түлүк маселеси боюнча элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Azattyk.org 

Кыргызстанда азык-түлүктү массалык түрдө сатып алууга байланыштуу айрым жерлерде элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. 15-мартта Бишкек мэриясынын аппаратынын башчысы Балбак Түлөбаев борбордо ун саткан дүкөндөрдү, базарларды кыдырды. Дүкөндөрдө узун кезектерди көрүүгө болот. Айрым жерлерде тартипти камсыз кылыш үчүн милиция кызматкерлери күзөткө коюлду. «Кыргызстанда алты ун комбинаты бар. Казакстан менен чек ара ачык, буудайдын баасы көтөрүлбөйт. Ошондуктан жөн эле унду ала бербегиле. Ун жетиштүү. Читать дальше...

Бейиштин гүлү

Azattyk.org 

Пенде баласынын чыныгы жашоосу өлүм деген эмне экенин түшүнгөндөн кийин башталат.



Москва

Приём подолога в Первом Даниловском медицинском центре


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин сообщил о сбитом на подлете к Москве беспилотнике



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Nirvana

Скончался экс-продюсер группы Nirvana Стив Альбини




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Фитнес прокачивает онлайн // Благодаря чему растет спрос на видеотренировки

Поцарапанному пандой Катюшей киперу подарили футболку с извинениями

Развод на договорных матчах: схемы, риски и пути предотвращения


ATP

Хачанов победил Шевченко во втором круге турнира ATP в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Поцарапанному пандой Катюшей киперу подарили футболку с извинениями



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России