Ош: Талкууга түшкөн көчмө посттор
Ош шаарындагы көчмө посттор элдин нааразычылыгын жаратууда. Шаар ичиндеги блокпосттор алынып, 20дан ашуун көчмө посттор иштеп жатат. Айрым тургундар посттор максатсыз иштеп жатканын ырасташууда.
Ош шаарындагы көчмө посттор элдин нааразычылыгын жаратууда. Шаар ичиндеги блокпосттор алынып, 20дан ашуун көчмө посттор иштеп жатат. Айрым тургундар посттор максатсыз иштеп жатканын ырасташууда.
Фелисьен Кабуга 16-май күнү Париждин чет жагынан кармалды. Кабуга 1994-жылы Руанда өлкөсүндөгү кыргынга тиешеси бар деп айыпталып, 20 жыл мурун эл аралык издөөгө алынган. Ал жасалма документ менен жашап жүргөн. Француз полициясы 84 жаштагы Кабуганы жашыруун жүргүзүлгөн операциянын натыйжасында кармаганы кабарланды. Фелисьен Кабуга тутси элин кырууга чакырыктарды тараткан телерадиоканалдын башчысы болгон. Ал ошондой эле куралдуу отряддарга курал-жарак сатып алууга акча чогулткан улуттук коргонуу фондун жетектеп турган. Читать дальше...
17-майга карата Казакстандын 14 аймагынан коронавирус илдетине чалдыккан 307 адам жаңы катталды. Жалпы ооруга чалдыккандардын саны 6157 адамга жетти. 34 адам оорудан көз жумган. 2980 киши айыгып чыкты. Өзбекстанда акыркы суткада 50 адамдан коронавирус жаңы аныкталды. Жалпысынан вирус жуктургандардын саны 2 741 адамга жетти. Тажикстанда дагы 204 кишиден коронавирус табылганын өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирген. Ошону менен вирус жуктургандардын жалпы саны 1322 кишиге жетти. Акыркы бир сутка ичинде илдеттен үч киши каза тапты... Читать дальше...
Коронавирус пандемиясы жарыяланган март, апрель, май айларында Кытай чет өлкөлөргө 19 млрд. долларлык медициналык товар экспорттоду. Бул маалыматты Кытайдын бажы кызматына таянып, "Интерфакс" агенттиги жазды. Мунун ичинде 509 млн. беткап, 216 млн. коргонуучу кийимдер, 810 миллиондон ашуун коргоочу көз айнектер, 162 млн. тест жабдыктары, 727 миң жасалма дем алдыруучу аппарат, 10,4 млн. медициналык колкап жана 264,3 млн. инфракызыл термометр бар. Коронавирустун жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында бул товарларды негизинен АКШ... Читать дальше...
Германияда акыркы эки апта соңунда коронавируска каршы чектөөлөрдү алуу талабы менен митингдер өттү. 16-майда Берлинде түмөндөгөн кишилер коронавирустун жайылуусунун алдын алуу максатында киргизилген чектөөлөргө каршы демонстрацияларга чыгышты. Тартипке 1000ге чукул полиция кызматкери көз салып турду. 200гө чукул адам кармалганы кабарланды. Мюнхен шаарында бийлик 1000 кишиге аралыкты сактоо менен митингге чыгууга уруксат берген. Штутгартта чектөөгө каршы чогулгандар беткап кийүүдөн жана аралыкты сактоодон баш тарткан. Читать дальше...
Италия менен Францияда деңиз жээктерин ачууга уруксат берилди. 16-майда эң алгачкылардан болуп Германияда Бундеслига оюндары жанданды. Италия 3-июндан тартып чек арасын ачарын маалымдаган. Жалпы дүйнөдө 309 миңден ашуун адамдын өмүрүн алып, 4,5 миллион кишиге жуккан COVID-19 илдетине байланыштуу киргизилген карантин шарттары экономикалык абалды калыбына келтирүү максатында жеңилдетиле баштады. Адистер глобалдык карантин он миллиондогон адамдардын жумушсуз калуусуна, каржылык кризиске кептегенин айтышууда. Читать дальше...
Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин 17-майда брифингде билдиргенине караганда, алардын ичинен бирөө Бишкектеги №1 тергөө абагынын кызматкери, калганы түзөтүү мекемелеринин кызматкерлери: "Алар учурда Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланып жатышат. Абалдары жакшы. Алар менен байланышта болгон бардык адамдар лабораториялык иликтөөдөн өткөрүлүп жатат". Үсөнбаевдин маалыматына караганда, Кыргызстанда жалпысынан күч түзүмдөрүнүн 65 кызматкери коронавирус илдетин жуктурган... Читать дальше...
Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши той-аштагы ашыкча ырым-жырымдарды, ысырапкорчулукту токтотуу максатында кайрылуу таратты.
16-майда кечки саат алтыга жакын катуу жааган жамгырдын кесепетинен Талас районундагы Бекмолдо айыл аймагынын Кара-Ой айылынын Таш-Төбө коктусунунан сел суулары каптаган. Сел болжол менен 5 гектарга жакын арпа жана картошка айдалган жерди жууп кеткен. Турак жайларга жана адам өмүрүнө кесепети тийген эмес. Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү баш болуп, облустагы жарандык коргонуу башкармалыгынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынын башчысы жана Талас районунун акими сел каптаган аймакка барып... Читать дальше...
Кыргызстанда соңку бир сутканын ичинде коронавирус жуккан 21 адам жаңы катталды. Бул тууралуу 17-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында, алардын ичинен он адам - Санкт-Петербургдагы аскер лицейинин курсанттары. Алар 16-майга караган түнү Орусиянын Санкт-Петербург шаарынан алып келинген кыргызстандыктардын ичинен аныкталды. Булардан тышкары дагы 11 адамдан коронавирус аныкталган. Алардын экөө Бишкекте, Чүй облусунда үчөө, алты адам Нарында. Жаңыдан... Читать дальше...
Парламент депутаттары Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова иштеп чыккан «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору медиа коомчулук менен Интернет-провайдерлердин сынына кабылды.
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости