Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Апрель
2021

Новости за 19.04.2021

ИИМдин алдында антимитингге чыккандарга каршы арыз жазылды

Azattyk.org 

Бишкекте аялдарга карата зомбулукка каршы чыккан активисттердин акциясына тоскоолдук жараткан жарандарга каршы милицияга арыз жазылды. Бул тууралуу ички иштер органдарына кайрылган жарандык активист Бурул Усманали билдирди. “15-апрелде бизге каршы антимитингге чыккан адамдардын тек-жайын тактап, чара көргүлө деп арыз жаздым. Журналист Болот Темиров митингге милиция кызматкерлери да катышканы тууралуу иликтөөсүн жарыялады. Ал милициялардын үстүнөн да арызданам”. Болот Темиров 17-апрелде жарыялаган... Читать дальше...

ЖК комитети министр Бейшеналиевди кызматтан алууну өкмөткө сунуштады

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан алуу сунушун өкмөткө жолдоду. Мындай чечимди аталган комитеттин 19-апрелдеги жыйынында кабыл алынганын депутат Жанар Акаев “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, Алымкадыр Бейшеналиевдин коронавирусту уу коргошун менен дарылоо тууралуу билдирүүлөрү анын бул кызмат ордуна ылайык келбесин көрсөттү. Мындан улам министрди жумуштан алуу сунушталып... Читать дальше...

Муфтият: Орозодо вирустан сактануу парз

Azattyk.org 

Коронавирус жуктуруп алуу тобокелдигине карабастан Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгы быйыл орозо маалында топтошуп ооз ачууларга чектөө койбойт. Бирок гигиеналык эрежелерди сактоо талап кылынат. Муфтият COVID-19 илдетине каршы вакцина алуу – орозону бузбайт деп маалымдады. "Биз жана дин" түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышын ислам дининдеги негизги беш парздын бири болгон орозо кармоого арнадык. Теманы Канатбек Мурзахалилов менен Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөсү, муфтияттын... Читать дальше...



"Кемпир-Абад": Ташиев 50 гектарды 20га азайтууга аракет кыларын айтты

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев жер алмашууга нааразы болгон кыргызстандыктардын талабынан улам Ташкентке дагы бир жолу барып келерин айтты. Ал 19-апрелде "Кемпир-Абаддын" жанынан 50 гектар жерди Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан тургундар менен жолугушту. "Эми мындай кылсак болот, азыр ойлоп жатам. Алар (Өзбекстан - ред.) тосуп алган 20 гектар жерин алмашалы деп айтайын. Элүү эмес, жыйырма гектарды. Мейлиби? 20 гектарды тосуп, калган жерди эле алгыла. Читать дальше...

20-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

20-апрелде түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан жел согуп турат. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5...10, күндүз 18...23, Талас жергесинде түнкүсүн 4...9, күндүз 17...22, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7...12, күндүз 19...24, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 3...8, күндүз 15...20... Читать дальше...

Камчыбек Ташиев: Өзбекстан менен эң пайдалуу макулдашуу болду

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Өзбекстан менен жер алмашууга байланыштуу түзүлгөн макулдашууну "эң пайдалуу келишим" деп атады. Бул тууралуу 19-апрелде "Кемпир-Абаддын" жанынан 50 гектар жерди Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан тургундар менен жолугушкан учурда айтып, протокол буга чейинки жер талаштарга чекит коёт деп ишендиргенге аракет кылды: "Мен жетектеген комиссия Өзбекстан Республикасына барып, эң ыңгайлуу, эң пайдалуу келишим түзүп келдик. Бул протоколду бузбашыбыз керек... Читать дальше...

"Кемпир-Абад": Ташиев жер берүүгө каршы чыккандарга барды (видео)

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев "Кемпир-Абад" суу сактагычынын жанындагы жерге байланыштуу нааразы болуп жаткандар менен 19-апрелде жолугушууга барды. Жолугушуу ушул тапта (13:20) Оштун Кара-Суу районуна караштуу Савай айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылында болуп жатканын "Азаттыктын" кабарчысы жеринен маалымдады. Жергиликтүү тургандар "Кемпир-Абаддын" жанындагы 50 гектар жердин Өзбекстанга өткөрүлүп берилишине каршы экенин айтышып, 17-апрелде мөөнөтсүз акция башташкан. Читать дальше...

"Норманд төрттүгү" саммитке чогулуу тууралуу кеңешет

Azattyk.org 

"Норманд төрттүгүнө" кирген Украинанын, Орусиянын, Германиянын жана Франциянын лидерлеринин башкы кеңешчилери 19-апрелде Украинанын чыгышындагы чыңалуудан улам кезектеги саммитке чогулуунун жол-жобосун талкуулашат. Башкы кеңешчилер сүйлөшүүлөрдүн күн тартибин бекитсе, анда аталган төрт мамлекеттин президенттеринин «Норманд төрттүгү» форматындагы жолугушуусу белгиленет. Бул сүйлөшүүлөр француз президенти Эммануэль Макрон жана немис канцлери Ангела Меркель 16-апрелде Украинанын президенти Владимир... Читать дальше...



ИПВ вакцинасы менен толуктоочу эмдөө башталды

Azattyk.org 

Кыргызстанда 19-апрелден 19-майга чейин балдарга инактивацияланган полиомиелит вакцинасынын толуктоочу эмдөө жүргүзүлөт. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги кабарлагандай, 2016-жылдын 1-апрелинен 2018-жылдын 15-февралына чейин төрөлгөн балдар ИПВ вакцинасын бир жолу 0,5 мл дозасында алышат. Эмдөө акысыз болот. Өнөктүктүн максаты – эмдөөлөрүн өткөрүп жиберген балдар когортасын 95% жеткирүү. Мартта Кыргызстан полиомиелитти жок кылуу боюнча Глобалдык демилгеден керектүү дозада... Читать дальше...

COVID-19: эмдөөдөн өткөндөр он миңге жете элек

Azattyk.org 

Кыргызстанда 19-апрелге карата 9575 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Вакцина алгандардын басымдуу бөлүгү медицина кызматкерлери, мугалимдер, мамлекеттик жана милиция кызматкерлери. 19-апрелге карата эмдөөдөн өткөндөр Бишкек шаарында – 817, Ош шаарында – 822, Чүй облусунда 899, Ош облусунда – 3529, Ысык-Көл – 735, Талас – 117, Нарын – 545, Жалал-Абад – 1684, Баткен – 367ди түзөт. Кыргызстан Кытайдын "SinoPharm" компаниясынын вакцинасын алган. Читать дальше...

"Кемпир-Абад": жергиликтүүлөрдүн жер ызасы

Azattyk.org 

Ош облусунда караштуу Кара-Суу районундагы Ынтымак айылынын 50дөн ашык тургуну 16-апрелде мөөнөтсүз акция башташты. Алар "Кемпир-Абад" суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жердин Өзбекстанга өткөрүлүп берилишине нааразы болуп, атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевдин келишин талап кылып жатышат.

Кенемтеге жетпеген дарыгерлердин көйгөйү

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтү коронавирус жугузуп алган дарыгерлерге кенемте атайын комиссия иликтеп чыккандан кийин берилерин айтып жатат. Ага бюджеттен 200 миллион сом бөлүндү. Бирок өкмөттүн мындай жообу нааразы тарапты толук ынандырган жок жана медицина кызматкерлеринин айлыгын көтөрүү маселеси да чечиле элек. Өкмөт убада кылган кенемтени көбүнчө коронавирусту ооруканалардын “кызыл зонасында” эмес, Тез жардам кызматында, айыл-кыштактардын кире беришиндеги өткөрмө бекеттерде иштеп жүрүп жугузуп алган дарыгерлер ала албай жатат. Читать дальше...

Орусия чехиялык 20 жаранды өлкөдөн чыгарат

Azattyk.org 

Кремль бул кадамга Чехия 2014-жылкы жарылууга байланыштуу Орусиянын 18 дипломатын өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алгандан кийин барды. Орус бийлиги чехиялыктарга 19-апрелде өлкөдөн чыгып кетүүнү талап кылды. 17-апрелде чех премьер-министри Андрей Бабиш Чехиянын коопсуздук кызматтарынын Врбетицедеги жарылууга байланыштуу "анык далилдеринин" негизинде тыңчы деп шектелген орусиялык 18 дипломат өлкөдөн чыгарыларын  жарыялаган. Мындан тышкары чех полициясы ар кандай паспортторду, анын ичинде Александр... Читать дальше...

COVID-19: Кенемте маселесин атайын комиссия иликтейт

Azattyk.org 

Кыргызстанда коронавирус жугузуп алган дарыгерлерге кенемте төлөө маселесин атайын комиссия иликтеп чыгат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Буга чейин биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков кенемтеге байланыштуу митингге чыккан медкызматкерлер менен жолугушкан. Анда  кенемте үчүн бюджеттен 200 миллион сом каралганын айткан. Арыздарды кароо боюнча комиссиянын курамы жаңыланарын, талаш жараткан учурлар кайра караларын билдирген. Акыркы күндөрдө өлкөдө коронавирус жугузгандар, андан кайтыш болгондор көбөйүп жатат. Читать дальше...

Министр: Коронавирус мурда ооругандардан да аныкталууда

Azattyk.org 

Кыргызстанда коронавирус мурда ооруп айыккандардан да кайрадан табылып жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди. Анын айтымында, өкмөттүн карантин киргизүү тууралуу ниети жок. Вирустун алдын алуу үчүн эмдөө иштери уланууда: "Кызыл зонада оор абалда жаткан бейтаптар менен жолугуп, сурасам алар "былтыр ооруганбыз, эми оорубайбыз деп ойлогонбуз" дешти. Быйыл катуу ооруп атышат. Каза болгондор да күндөн-күнгө өсүп жатат. Былтыркыдай карантин киргизе албайбыз. Читать дальше...

"Кемпир-Абад": жер берүү мигранттарды нааразы кылды

Azattyk.org 

Москвада 18-апрелде жүздөй мигрант чогулуп, Ош облусундагы «Кемпир-Абад» суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жердин Өзбекстанга берилишине каршы чыгышты. Алар кыргыз бийлигин коңшу өлкө менен чек араны тактап-аныктоодо жергиликтүү элдин пикирин укпай жатат деп айыптап, Өзбекстан менен жер алмашуу тууралуу чечимдерге нааразылык билдиришти. Москвада чогулган кыргызстандыктар "Элсиз, жерсиз мамлекет болбойт", "Бир сантиметр жер кетпесин", "Мигранттардын үнүн уккула" деген сыяктуу жазууларды кармап отурушту. Читать дальше...



Москва

Количество пользователей-инвесторов на платформе «Атомайз» превысило 72000


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин объявил о начале испытаний беспилотного трамвая в городских условиях и запуске виртуальной карты «Тройка»



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Денис Мацуев

В Нижегородской филармонии впервые проходит Международный музыкальный фестиваль «Денис Мацуев представляет: Диалог поколений»




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

В ОЭЗ «Технополис Москва» выпустили серию автомобилей для участия в чемпионате кольцевых гонок

Финал командного чемпионата ФНТР по настольному теннису пройдет в Москве

Анимационной компании «ЯРКО» – 3 года!


WTA

Хромачёва и Сизикова пробились в финал турнира WTA в Рабате в парном разряде



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


News Every Day

Move over Harry Kane and Jude Bellingham the real England champ is a 15 yr old SUBBUTEO star



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России