Мекенди кантип сүйүш керектигин үйрөттүң! Айсулуу Тыныбековага жолдонгон кат
Өмүргүл Токтоназарова редакциябызга Айсулуу Тыныбековага арналган кат жиберген. Биз кошумчалоо менен катты жарыялоону туура таптык.
Өмүргүл Токтоназарова редакциябызга Айсулуу Тыныбековага арналган кат жиберген. Биз кошумчалоо менен катты жарыялоону туура таптык.
Токио Олимпиадасында өлкө намысын коргогон спортчулар мекенине кайтып келди. Аларды аба майдандан бийлик өкүлдөрү, туугандары жана журналисттер тосуп алды.
Токио Олимпиадасында өлкө намысын коргогон спортчулар бүгүн мекенине кайтып келди. Аларды аба майдандан бийлик өкүлдөрү, туугандары жана журналисттер тосуп алды.
1-майдан тартып эл аралык аскерлер чыгарыла баштагандан бери талибдер Ооганстандын өкмөттүк күчтөрүнөн ондогон аймактарды ээлеп алды.
Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында байге алган Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Мээрим Жуманазарова баштаган кыргызстандык спортчулар жана алардын машыктыруучулары Бишкекке келди. Спортчуларды тосуп алуу салтанаты Ала-Тоо аянтында уюштурулуп, ага президент Садыр Жапаров баштаган бир катар расмийлер, шаар тургундары катышты.
Бүгүн, 7-августта, кыргызстандык жөө күлүк Дарья Маслова Олимпиада оюндарындагы марафондо (42 чакырым 195 метр) чуркап, байгелүү орунга жете алган жок. Маслова Токио-2020 Олимпиада оюндарына Кыргызстан курама командасынан акыркы болуп мелдешке чыккан атлет болду.
Ысык-Көлдө жайкы туристтик мезгилде башка облустан келип иштеген балдар көбөйдү. Психологдор балдарды ишке тартуу алардын психологиялык абалына терс таасир этип, эс алууга бөлүнгөн убактысын түйшүк менен өткөрүүгө мажбур кылат деп эсептейт. 11 жаштагы нарындык өспүрүм Нурэл Алманбетовдун жайкы каникулу Ысык-Көлдүн жээгинде өтүп жатат. Саратанда ал сууга түшүп, курбалдаштарындай эс алган жок. Аптаптуу ысыкта тогуз жашынан бери балык саткан баланы кепке тарттык. "Мен күнүнө 20-30 балык сатам... Читать дальше...
Токиодо өтүп жаткан жайкы Олимп оюндарында карате боюнча мелдеште Ирандын спортчусу Саджад Ганжадзе алтын медал алды. Медал ага атаандашы - Сауд Арабиялык Тарег Хамеди тыюу салынган ыкманы колдонуп, башка тепкени үчүн оюндан четтетилгенинин натыйжасында берилди. Ага чейин Хамеди Ганжадзени 4:1 эсебинде утуп келе жаткан. Башына тепки жеген ирандык спортчуну аренадан замбилге салып көтөрүп кетишти. Карате боюнча Жапониянын спортчусу Рутаро Агара менен Түркиянын оюнчусу Угур Актас коло медал алышты. Читать дальше...
Улуттук илимдер академиясынын академик жана корреспондент-мүчө илимий наамдарына шайлоо өттү.
Токиодогу Олимпиада оюндарына катышкан кыргызстандык оюнчуларды бүгүн, 7-августта Кыргызстандын эли чоң салтанат менен тосту. "Манас" аба майданында аларды расмий бийлик өкүлдөрү менен чогуу журналисттер, карапайым эл күтүп алды.
Кыргызстандык балбан, Токио Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Акжол Махмудов аны колдогон кыргызстандыктарга рахмат айтып, эч бир мамлекетте мындай эл жок деген пикирин билдирди.
6 -августта АКШ аскерлери жана "Чоң жетинин" (G7) мүчөлөрү Омандагы танкерге кол салуу үчүн Иранды күнөөлөштү. АКШ армиясынын Борбордук командачылыгы өткөн аптада Араб деңизинде учкучсуз учактын чабуулунан кеменин капитаны жана күзөтчүсү курман болгонун тастыктаган далилдерди чогултуп, текшергенин билдирди. "Америкалык эксперттер бул учак Иранда жасалган деген далилдерге таянып жыйынтык чыгарышты ", - деп айтылат билдирүүдө. Ошол эле учурда, "Чоң жетинин" мүчөлөрү израилдик миллиардер Эял Оферге... Читать дальше...
Бишкек шаарынын прокурору ишкерликке мыйзамсыз кийлигишүү жана мыйзамсыз жоопко тартууга байланыштуу кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Башкы көзөмөл органы тарабынан Бишкек шаардык прокуратурасынын кызматкерлеринин иши текшерилген. Натыйжада Бишкек шаардык прокуратурасы курулуш компаниясына турак жай комплексин куруу үчүн уруксат берилген документтер мыйзамдуу экенине карабай, жүйөсүз кылмыш ишин козгогону, анын негизинде ишкананын жетекчиси кармалып... Читать дальше...
Кыргызстанда буудайдын наркы бир жылда дээрлик 40% кымбаттады. Былтыр ал 20 сом турса, быйыл орточо 29-30 сомдон сатылып жатат. Импорттук дан азыктарына көз каранды өлкөдө бул жагдай кооптонууну жаратууда. Анүстүнө ушул жылы кыргыз фермерлеринин түшүмү кыйла кыскарары күтүлүп жатат. Наркка байланыштуу жагдай Товарлардын негизги түрлөрүнө, анын ичинде азык-түлүктөрдүн наркына байкоо жүргүзгөн Улуттук статистика комитети биринчи муктаждыктагы азыктарга байланыштуу жылдык сереп чыгарды. Ага ылайык... Читать дальше...
Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Олимпиададан убадалаган алтын медалды ута албай калганы үчүн элден кечирим сурады.
Министрлер кабинетинин (минкаб) төрагасы Улукбек Марипов "Фейсбуктагы" баракчасына Ысык-Көлдө белгисиз адамдар уурдап кеткени айтылып жаткан журналист Улукбек Карыбек уулу менен жолугуп, сүйлөшүүгө даяр экенин жазды. Минкаб башчысы баракчасында Ысык-Көл облусунда иш сапарында жүргөн учурунда эл менен жолугуп жатып бардык жарандарга бирдей мүмкүнчүлүк берилгенин, "өз кишилерди" алдын ала чогултуу ыкмалары эскиргенин, ал ыкмаларга терс көз карашта экенин билдирген. Улукбек Марипов журналист Улукбек... Читать дальше...
Президент Жапаров Олимпиадага мыктылардын мыктысы баргандыктан ал жерде жеңишке жетүү оңой эмес экенин айтты.
Президент Садыр Жапаров Олимпиадага катышкан спортчуларды тосуп алуу аземинде кетирилген кемчилик үчүн маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиевге сөгүш жарыялады.
Бүгүн, 7-августта Кербен шаардык кеңеши төртүнчү жолу мэр шайлоого чогула албады. Кеңештеги 31 депутаттын 15и келип кворум жок болгондуктан шайлоо токтотулду. Мэр шайлоо шаардык кеңештин күн тартибинде эртең мененки саат 9:00дан 12:00ге чейин деп белгиленген. Бирок отурумга көпчүлүк коалицияны түзгөн «Ынтымак», «Ата-Журт Кыргызстан» партияларынын депутаттары келген жок. Буга байланыштуу Кербен шаардык кеңеши таркатылары жана октябрь айына болжолдонуп жаткан парламенттик шайлоо менен кошо кайрадан шайлоо өтөрү айтылууда. Читать дальше...
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-августта Токиодо Олимпиадасына катышкан кыргызстандык спортчуларды куттуктады. Мамлекет башчы Ала-Тоо аянтында Токиодон кайтып келген спортчуларга арналган салтанаттуу иш-чарада сүйлөп жатып, Олимпиада оюндарында уткан медалдар өлкө эгемендигинин 30 жылдыгына карата чоң белек экенин айтты. "Сиздер алып келген медалдар Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына татыктуу белек болуп отурат. Сиздерге кудай күч-кубат берсин!", - деди Жапаров. Токиодогу... Читать дальше...
"Ала-Тоо" аянтында өлкө намысын коргогон спортчуларга арналып салтанат уюштурулган. Аларды тосуп алууга президент да келди.
Олимпиададан кайткан улуттук курама команданын спортчуларынын басымдуу бөлүгү Кыргызстанга кайтып келип, "Манас" аба майданынан түз эле "Ала-Тоо" аянтына келе жатат.
Бийликтен кулатылган мурдагы президент Аскар Акаев 6-августта кыргызстандыктарга кайрылуу жасап, 16 жылдан кийин мекенине кайтууга шарт түзүп бергени үчүн президент Садыр Жапаровго жана улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге ыраазычылык билдирди. Акаев мекенине Кумтөр алтын кенин элдин кызыкчылыгы үчүн иштетүү аракетине салымын кошуу максатында келгенин белгилеп, бул долбоор боюнча билген маалыматын күч түзүмдөрүнө ачык айтып бергенин билдирди. Аскар Акаев мындан тышкары өзү... Читать дальше...
Олимпиада-2020 оюндарында кыргызстандык балбан Тыныбекова бардык атаандаштарын жеңип, финалга чыккан. Жыйынтыгында ал экинчи орунга татыган.
Эскерте кетсек, 62 килограмм салмакта күч сынашкан Айсулуу Тыныбекова Токио-2020 Олимпиадасында күмүш медаль уткан.
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости