Беларус спортчусу Олимпиададан чыгарылып, аэропортко жеткирилди
Токиодогу Олимпиадага катышканы барган беларустук спортчу Кристина Тимановская "Фейсбукка" машыктыруучуларынын чечимин сындап жазгандан кийин оюндардан чыгарылып, күчтөп аэропортко жеткирилгенин интернетке жарыялады. 1-августта жарыялаган постунда ал Токиодогу аэропортто жапон полициясынан жардам сурап, учакка түшпөй калып калганын билдирди. Ал Беларуска кайтып барууну каалабай турганын белгилеп, Эл аралык Олимпиада комитетине анын жагдайына кийлигишүүнү өтүнүп кайрылды. Тимановская 2-августта 200-метрлик жарышка катышмак. Читать дальше...