БУУнун баш катчысы Роза Отунбаевага ыраазычылык билдирди
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гуттереш Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаевага ыраазычылык билдирди. Гуттереш БУУнун баш катчысы болуп экинчи мөөнөткө шайланганда Отунбаеванын куттуктоо катын жибергенине терең ыраазычылык билдирген. Кыргызстандын экс-президентине жолдонгон катта “БУУнун Жогорку деңгээлдеги кеңешинин мүчөсү катары дүйнөдө бейпилдикти камсыз кылууга, туруктуу өнүгүүнү жана адам укуктарын сактоого жардам берүүңүздү чыдамсыздык менен күтөм”, - деп айтылат. Читать дальше...