Сый менен сын аралашкан президенттин сапары
Президент Садыр Жапаровду Жалал-Абаддагы иш сапары учурунда жолдун эки тарабына тизилип, кол булгалап шаан-шөкөт менен тосуп алгандардын видеосу интернетке тарады. Түрдүү сын-пикир, талкууларга жем таштады. Президенттик администрация Барпы айылындагы бул көрүнүш териштирилерин, Жапаров бул сыяктуу демилгелерге каршы экенин билдирди. Кортеж өтүп бараткан учурда жол боюнда каз-катар тизилип, желек көтөрүп тургандардын видеосу президент Жапаровдун өткөн апта соңунда Жалал-Абад шаарындагы иш сапарында тартылган. Читать дальше...