Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Декабрь
2021

Новости за 25.12.2021

Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал салыштырмалуу тынч

Azattyk.org 

УКМКга караштуу Чек ара кызматынын маалымат бөлүмү кабарлагандай, 25-декабрдын кечине карай кыргыз-тажик чек арасында кырдаал салыштырмалуу тынчыды. Чек ара кызматы тараткан билдирүүгө ылайык, 25-декабрда саат 14.30дарда Лейлек районунун Сай аймагынын тушунда Тажикстандын чек арачылары өз бекетинин аймагына миномет жайгаштырган. Ошондой эле Кыргызстандын Дамба жана Максат айылдарынын тушунда тажик аскерлеринин топтолгону байкалган. Андан тышкары саат 19.30дарда Ош-Баткен-Исфана автожолунун Көк-Таш... Читать дальше...

Кан жолдогу кырсыктар 780 кишинин өмүрүн кыйды

Azattyk.org 

Быйыл Кыргызстанда жол кырсыктарынан 780 адам каза болуп, 10 миңден ашуун киши түрдүү жараат алды. Балдар аралашкан жол кырсыктарынын саны 43% өскөн. Президент Садыр Жапаров 25-декабрда аткаруу бийлигинин жыл жыйынтыгына арналган жыйынында жол коопсуздугуна өзүнчө токтолуп, алдын алуу чараларын көрүүнү тапшырды. Айдоочулар болсо жол кырсыктарын кыскартуу үчүн комплекстүү чаралар зарылдыгын айтышат. Оштун тургуну Муктаралинин досу жакында үй-бүлөсү менен баратып жол кырсыгына кабылып, алты жаштагы кызы чарчап калган. Читать дальше...

Христиандар Иса пайгамбардын туулган күнүн белгилешүүдө

Azattyk.org 

24-декабрдан 25-декабрга караган түндө батыштагы христиандар григориан календары боюнча Иса пайгамбардын туулган күнүн белгилешти. Ватикандагы Ыйык Петр соборунда Рим папасы Франциск христиандарды майрамы менен куттуктады. Коронавирус пандемиясынан улам майрам чектөөлөр менен өттү. "Америка абазы" радиосу маалымдагандай, быйыл соборго адамдар былтыркыга караганда он эсе көп - эки миң чамалуу киши киргизилди. Бул мурунку жылдарга салыштырмалуу дээрлик он эсе аз. Рим папасынын туура түн жарымда... Читать дальше...



Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда кар жаайт

Azattyk.org 

26-декабрда түнкүсүн Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Чүй облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын болот. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым аймактарында туман түшөт. Абанын температурасы... Читать дальше...

New York Times: Пентагон орус-украин чек арасындагы маалыматтарын Украинага берет

Azattyk.org 

АКШнын Коргоо министрлиги орус-украин чек арасындагы чалгындоо маалыматтарын Украинага берет. Бул расмий Киевге Орусиянын ыктымал кол салуусуна даяр турушуна шарт түзөт. Бул тууралуу New York Times ишенимдүү булактарына шилтеп жазды. Ага ылайык, маалыматтардан Орусия аскерлеринин кыймылы көрүнүп турат, бул алардын украин чек арасына жакындап келе жатканын аныктоого мүмкүнчүлүк берет. Пентагондун адистери аз убакыт мурда Украинага барып, абадан коргонуудагу муктаждыктарын баалап келишкенин мекеменин басма сөз катчысы Жон Кирби билдирди. Читать дальше...

Кубанычбеков: Бажыда коррупция жоюлду деп азыр айтуу кыйын

Azattyk.org 

Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков "Азаттык" радиосуна курган маегинде, тармактагы коррупцияны жок кылуу үчүн толук санариптештирүү жүрүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, системадагы жемкорлукка катышы бар 20 кызматкер жумуштан алынды. - Адилет мырза, жаңы келген өкмөт бажы төлөмдөрүн көбөйтүүнү убада кылган. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров сизге "быйыл планды 38 миллиард, кийинки жылы 105 миллиард сомго көтөрөсүң" деп милдеттенме коюлганын айткан. Азыр канчага көбөйдү? Читать дальше...

АКШ президенти Жо Байден Шинжаңдан товар импорттоого тыюу салды

Azattyk.org 

АКШ президенти Жо Байден Кытайдын Шинжаң Уйгур автоном облусунан товар импорттоого тыюу салган мыйзамга кол койду. Мыйзам аймактагы куугунтуктоого жоопкер бардык тараптарга тиешелүү экенин Ак үйдүн маалымат кызматы кабарлады. "Уйгурларды мажбурлап иштетүүнүн алдын алуу" мыйзам долбоору акыркы бир жыл бою Конгрессте каралып, кабыл алынган. Кытай өз кезегинде Байдендин бул кадамына каршылыгын билдирди. Расмий Бээжин АКШны "Кытайдын ички ишине кийлигишти" деп күнөөлөп, эл аралык мамилелер жана укук нормаларын бузуп жатат деп айыптады. Читать дальше...



Дартты шахмат менен жеңген Бексултан

Azattyk.org 

21 жаштагы Бексултан Кудайбергенов тубаса шал оорусу менен төрөлгөн. Ага карабастан шахмат ойноп, анын арты менен көп ийгиликтерге жетүүдө. Мындан тышкары, айылдагы балдарга да шахмат ийримин ачып, алардын бош убактысын текке кетирбей, окуучуларын чоң турмушка шахмат аркылуу дайындагысы келет.

Москва соту Фейсбукту 1,9 млрд. рубль айыпка жыкты

Azattyk.org 

Москванын соту Орусияда тыюу салынган маалыматтарды өчүрбөгөнү үчүн Meta, мурдагы Facebook компаниясын 1,9 млрд. рубль доого жыкты. Бул тууралуу "РИА Новости" агенттиги билдирди. Чечим чыкканга чейин Фейсбуктун айыбы 106 млн. рубль болчу. "Интерфакс" агенттиги өз булагына таянып, сот айып пулдун суммасын компания Орусиянын аймагында тапкан пайдасына жараша аныктаганын жазды. 5-октябрда Роскомнадзор мекемеси "Метанын" жетекчилигинен Орусияда тыюу салынган тогуз маалыматты Фейсбук жана Инстаграмдан... Читать дальше...

"Омикрон"-штаммынан улам майрамдык каттамдар кыскарууда

Azattyk.org 

Жалпы дүйнө жүзүндөгү аба компаниялары коронавирустун "Омикрон"- штаммынын кесепетинен улам, Жаңы жылдык майрамдагы каттамдарын токтотууга аргасыз болду. FlightAware.com сайтынын маалыматына караганда, 24-декабрга карата жалпы дүйнө жүзүндө кеминде 2401 каттам жокко чыгарылды. Дагы 10 миңге чамалуу каттамдын убагы жылдырылды. 25-декабрда 1779, 26-декабрда 402 майрамдык каттамдар токтотулду. Токтотулган каттамдардын төрттөн бири АКШдагы аба компанияларына туура келет. Америкадагы United Airlines... Читать дальше...

Гендердик квота: партиядан колдоо таппаган аялдар

Azattyk.org 

"Кыргызстандагы аялдар кыймылы" 28-ноябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен өлкө парламенттеги аялдардын саны жагынан Борбор Азияда эң артта калганын айтып чыкты. Ноябрдын соңунда өткөн шайлоого партиялык тизме менен катышкандардан 19 аял гана депутаттык мандат алат. Бул парламенттеги 90 депутаттын 21% гана түзөт.  "Партиялар аялдарды колдошу керек эле" Парламенттеги аялдардын саны тууралуу маселе кайрадан талкууга алынышына 21-декабрда Бишкектин административдик соту "Альянс" партиясынын арызын канааттандырганы негиз берди. Читать дальше...

"Кадастр" мамлекеттик ишканасынын кызматкери кармалды

Azattyk.org 

"Кадастр" мамлекеттик кызматынын Кара-Кулжадагы филиалынын жетекчисинин милдетин аткаруучу А. М. коррупцияга шек саналып кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады. Шектүүгө карата Кылмыш кодексинин 336-беренеси ("Коррупция") менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Былтыр декабрда жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору коррупцияга шек саналып кармалган. Улуттук коопсуздук боюнча... Читать дальше...

COVID-19: Жаңы 44 учур катталды

Azattyk.org 

Коронавируска каршы ыкчам штабдын маалымдашынча, 25-декабрга карата 44 адам вирус жуктурганы лабораториялык жактан тастыкталды. Анын ичинде: Бишкек - 15 Чүй облусу – 18 Ош облусу – 3 Нарын облусу - 1 Ысык-Көл облусу – 5 Жалал-Абад облусу – 2 Ош шаарында, Баткен жана Нарын облустарында ооруга чалдыккандар катталган жок. Ушуну менен былтыр марттан бери Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын саны 184 439 адамга жетти. Жалпы 179 545 адам оорудан сакайды. Акыркы суткада илдеттен эки адам көз жумду. Читать дальше...

Быйылкы 11 айда жол кырсыгынан 780 адам каза болду

Azattyk.org 

2021-жылдын 11 айында жол кырсыгынан 780 адам каза болуп, 10 миңден ашуун адам түрдүү жараат алды. Балдар аралашкан жол кырсыктарынын саны 43% өскөн. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-декабрда өкмөттүн жыл жыйынтыгына арналган жыйынында билдирди. Мамлекет башчы "Коопсуз шаар" көзөмөл камералары орнотулган жерлерде жол эрежесин бузуу 30-40% азайганын белгилеп, аталган долбоордун 2-баскычын ишке ашырып, "Коопсуз шаарды" жалпы өлкөдө ишке киргизүүнү талап кылды. Мындан тышкары сабатсыз... Читать дальше...

Табалдыев: Биз “киргиз” деп жазсак, Худяков“кыргыз” деп жазчу

Azattyk.org 

Орусиялык чыгаан археолог, кыргыз таануучу Юлий Худяков 24-декабрда, 75ке караган чагында, коронавирус илдетинин айынан дүйнө салды. Худяков кыргыз тарыхына, кыргыз таанууга, кыргыз археологиясына, кыргыз этнологиясына опол тоодой салым кошуп келген чыгаан окумуштуу. Орусиянын Илимдер академиясынын Сибирдеги бөлүмүндө кыргыз археологиясы боюнча илимий мектеп түзгөн. Окумуштуу тууралуу анын шакирти, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору, белгилүү археолог Кубат Табалдыев эскерди. - Юлий... Читать дальше...

Исфана шаарына Исхак Раззаковдун аты берилет

Azattyk.org 

Баткен облусундагы Исфана шаарына мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун ысымы берилет. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 25-декабрда Министрлер кабинетинин жыл жыйынтыгына арналган отурумунда сүйлөп жатып билдирди. Анын айтуусунда, демилге Раззаковдун 110 жылдыгына карата ишке ашырылат. "Мен президенттик шайлоодо 1-үгүт иштерин Баткенден, Исхак Раззаковдун мекенинен баштагам. Быйыл Раззаковдун 110 жылдыгынын урматына Исфана шаарын Раззаков шаары деп атоо боюнча чечим кабыл алдым". Читать дальше...

Президент: "Центеррага" экологиялык жана коррупциялык доо койсо болот

Azattyk.org 

Садыр Жапаров президент катары чыгарган биринчи жарлыгы Кумтөр алтын кенин өлкөнүн кызыкчылыгына иштетүү болгонун айтып, "Центерра" Кыргызстандын экологиясын бузуп жатканы үчүн сырттан башкаруу киргизилгенин белгиледи. Бул тууралуу ал 25-декабрда өткөн Министрлер кабинетинин жыйынында айтты. "Кумтөрдү элге кайтардык. Бул иште Акылбек Жапаров, Динара Кутманова, Камчыбек Ташиев, Тенгиз Бөлтүрүк баштаган команда иштеди. Мыйзамдык жактан күчтөндүрдүк. "Улуу көчмөндөр мурасы" аттуу мамлекеттик холдинг түздүк. Читать дальше...

Жапаров бийлик элдин жашоосун жакшыртуу үчүн иштеп жатканын айтты

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-декабрда Министрлер кабинетинин жыл жыйынтыгы тууралуу отурумунда 2020-жылдын октябрь айынан тарта өлкөдө бийлик тарабынан жасалган иштер тууралуу маалымат берди. Садыр Жапаров аткаруу бийлиги карапайым элдин жашоосун жакшыртуу үчүн иштегенин белгилеп, анын ичинде бюджеттик кызматкерлердин айлык акысын, пенсия жана жөлөк пулдун өлчөмү көбөйгөнүн, 112 миңден ашуун үй-бүлөгө электр энергиясы арзандатылганын айтты. "Орточо пенсия азыркы учурда 6248 сом. 711 миңден... Читать дальше...

Жапаров: Коронавирустун үчүнчү толкунун эл сезбей калды

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров быйыл коронавируска каршы күрөшүүгө сырттан жардам алынбай, мамлекеттик бюджеттен 3,8 млрд. сом бөлүнгөнүн белгиледи. Жапаровдун белгилешинче, ФОМСко (медициналык камсыздандыруу фондуна) 2019-2020-жылдагы карызы үчүн 700 млн. сом төлөнсө, пандемия менен күрөштө кызыл аймакта иштеген медицина кызматкерлерине 1,3 млрд. сомдук кенемте төлөнгөн. Коронавирустун жайылышынын алдын алуу үчүн чет өлкөлөрдөн 1,075 млрд. сомдук вакцина сатып алынган. "Бул иштердин натыйжасында элибиз коронавирустун 3-толкунун сезген жок. Читать дальше...

Президент быйылкы шайлоолор таза өткөнүн белгиледи

Azattyk.org 

Мамлекет башчы Садыр Жапаров бийликке келгенден берки убадаларынын бири катары - шайлоолорду таза өткөрүү болгонун, жыйынтыгында ал убада аткарылганын айтты. Бүгүн, 25-декабрда өкмөттүн жыл жыйынтыгы боюнча отурумунда сүйлөп жатып айрым жаш саясатчыларды шайлоо жыйынтыгына нааразы болбоого чакырды. "Президенттик шайлоо таза өттү. Үч жолу жергиликтүү кеңештерге шайлоо, эки ирет референдум, аягында парламенттик шайлоо өттү. Референдумда жаңы Конституция колдоо тапты. Аралаш шайлоо системасы менен шайлоо өттү. Читать дальше...

УКМК кримавторитет "Женго" камакта калганын билдирди

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетети (УКМК) "Женго" каймана аты менен белгилүү кылмыштуу топтун лидери делген, криминалдык авторитет Кадыр Досонов камакта калтырылганын 24-декабрь күнү билдирди. Атайын кызматтын маалыматында бирөөнүн мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга байланышкан оор кылмыштарды жасаган деп айыпталган Досоновго карата тергөө иштери аяктаган. Иш Ош облусунун Кара-Суу райондук сотуна жөнөтүлүп, анын чечими менен 23-декабрда... Читать дальше...

Жаңы жылдык эс алуу тогуз күн болот

Azattyk.org 

Жаңы жыл майрамын улай кыргызстандыктар тогуз күн эс алат. Мындай чечимди Министрлер кабинети 24-декабрдагы отурумунда кабыл алды. Ага ылайык, жумасына беш күн иштеген жарандарга 2022-жылдын 1-9-январь күндөрүнө чейин дем алыш. Дем алыш күндөрү кийинки ишемби күндөрдүн эсебинен узартылды. Тагыраагы, 2022-жылдын 15-январындагы (ишемби) дем алыш күнү - 4-январга, 26-февралдагы дем алыш 5-январга, 26-марттагы дем алыш күнү 6-январдагы иш күнүнө жылдырылды. Өкмөттүн сайтында жазылгандай, жыйында Эмгек... Читать дальше...



Москва

Таня Василькова расскажет (и покажет) «Как прожить в браке без брака»


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин принял решение увеличить фонд грантов одаренным учащимся школ искусств



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Булат Окуджава

Почетный гражданин: Булату Окуджаве — 100 лет!




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Развод на договорных матчах: схемы, риски и пути предотвращения

Фитнес прокачивает онлайн // Благодаря чему растет спрос на видеотренировки

Поцарапанному пандой Катюшей киперу подарили футболку с извинениями


Стефанос Циципас

Греческий теннисист Стефанос Циципас поблагодарил мать за советское воспитание



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

10 РЕДКИХ животных из Красной книги, которых можно встретить в Москве



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России