Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Декабрь
2021

Новости за 29.12.2021

Ооганстан: Кытай менен Орусиянын таасир талашы

Azattyk.org 

Батыш Ооганстандан кеткенден кийин боштукту кимиси толтурат, Кытайбы же Орусиябы деген суроо күн тартибине чыкты. Батыш 20 жылдан бери Ооганстанда өз турумун бекем кармап келди. Бирок талибдер бийликти ээлеп алган соң АКШ жана анын өнөктөштөрү артка чегиништи. Кытай менен Орусиянын Ооганстанда жана Борбор Азияда таасири күчөй турганы белгиленүүдө. Ошондуктан талдоочулар аны Батышка каршы маанайдын борборуна айлануу коркунучу бар экенин айтышууда. АКШнын эми Ооганстанга колу байланбайт АКШ менен... Читать дальше...

Ысык-Көлдөгү өрт кырсыгынан үч бала каза болду

Azattyk.org 

Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Совхоз айылындагы үйлөрдүн биринен өрт чыгып, үч бир тууган балдар каза болду. Бул маалыматты “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Балдар алты, беш жана үч жашта болгон. Үйдүн ээлерин, балдардын ата-энесин кошуналар куткарып калган. Өрт 22:20дан өтүп өчүрүлдү. Түшкү саат 15:00 чамасында башталган өрт кечки саат 22:00дөн өтүп өчүрүлгөнүн ӨКМ билдирди. Алдын ала маалымат боюнча, өрт үй ээлеринин кызуу абалда тамекини этиятсыз колдонгонунан келип чыккан. Читать дальше...

Таласта 29 жаштагы келиндин өлүмүнө күйөөсү шектелүүдө

Azattyk.org 

Талас шаарында  29 жаштагы келин киши колдуу болгону кабарланды. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 29-декабрь күнү 10:40 чамасында милицияга «Тез жардам» кызматы Талас шаарынын 29 жаштагы тургуну үйүндө каза болгону тууралуу кабарлаган. Текшерүү учурунда денесинде  көк ала тактар бар экен аныкталган. Кымышка шектелип келиндин 33 жаштагы  күйөөсү кармалды. Милиция факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин негизинде («Киши өлтүрүү») кылмыш иши козголгонун... Читать дальше...



Европа соту Орусиядан "Мемориал" боюнча чечимдерди токтотууну талап кылды

Azattyk.org 

Адам укуктары боюнча Европа соту Орусиядан “Эл аралык Мемориал” коому жана “Мемориал” укук коргоо борборун жабуу тууралуу соттук чечимдерди аткарууну токтото турууну талап кылды. Экөө тең бийлик тарабынан чет өлкөлүк агенттер тизмесине киргизилген. Бул тууралуу “Медиазона” “Мемориалдын” өкүлдөрүнө шилтеме менен маалымдады. Прокурорлор ал уюмдар чет өлкөлүк агенттин функциясын аткаргандыгы тууралуу маалыматты жаап-жашырып келген деп эспетешет. Европа соту адегенде “Эл аралык Мемориал” коому менен... Читать дальше...

Жогорку Кеңештин курамы менен түзүмүн депутаттык комиссия иштеп чыгат

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин 29-декабардагы алгачкы сессиясында 7-чакырылыштагы парламенттин курамы менен түзүмүн иштеп чыгуу үчүн 18 депутаттан турган комиссия түзүлдү. Анын курамына  “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынан Эмил Токтошев, Исхак Масалиев, “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынан Бакыт Төрөбаев, Элмурза Сатыбалдиев, Бакыт Сыдыков, “Ыйман Нурунан” Султанбай Айжигитов, Динара Ашимова, Замирбек Мамасадыков, “Ишенимден” Улукбек Ормонов, Нурбек Сыдыгалиев, “Альянстан” Жанарбек Акаев менен Алтынбек Сулайманов, “Ынтымак” фракциясынан Марлен Маматалиев... Читать дальше...

Жаңы парламент өлкөнү кайда жетелейт?

Azattyk.org 

Шайлоолор өтүп, Баш мыйзам жана башкаруу системасы өзгөргөн 2021-жыл узап бара жатат. Жылдын соңку күндөрүндө жетинчи чакырылыш ишин баштады. Узап бара жаткан жылдагы урунттуу окуялар кайсылар болду? Кыргызстан кандай жолго түштү? Жаңы парламент өлкөнү кайда алып барат? Бул суроолор "Эксперттер талдайт" берүүсүндө талкууланды.

COVID-19: Жаңы жылда жай турмушка кайтабызбы?

Azattyk.org 

Пандемия качан токтойт, миллиондогон кишинин өмүрүн кыйган коронавирустун жаңы штаммдары дагы пайда болобу, деги эле качан жай турмушка кайтабыз же бул вирус менен жашоону үйрөнүшүбүз керекпи? COVID-19 илдетинин биринчи учурлары жөнүндө маалымат тараганына эки жылга айланса да бул суроолор азыр деле жоопсуз калууда.

Мусулмандарды өлтүрүү үчүн босниялык тогуз сербге айып тагылды

Azattyk.org 

Босния-Герцеговинанын прокуратурасы 1992-жылкы согуштун башында 100 чакты мусулманды өлтүрүү үчүн босниялык тогуз сербге айып такканын билдирди. 29-декабрдагы билдирүүдө айтылгандай, босниялык сербдердин уруш маалындагы армиясынын тогуз кол башчысы Невесинье айылында ондогон аялдарды, кары-картаңдарды, 2-15 жаштагы балдарды өлтүрүүгө аралашкан деп шектелүүдө. “49 кишинин сөөктөрү табылды, калган 47 кишинин сөөктөрүн издөө уланууда”, - деп билдирген прокуратура айыпталып жаткандар 16-декабрда кармалганын кошумчалады. Читать дальше...



Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды  

Azattyk.org 

"Ынтымак" фракциясынан депутат Талант Мамытов 29-декабрда  Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын төрагасы болуп шайланды. Анын талапкерлигин 87 депутаттын 63ү колдоду. Бул кызматка "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан сунушталган Адахан Мадумаровдун талапкерлигин 10 депутат колдоп, 14ү экөөнө тең каршы добуш берди. Добуш берүү бюллетень салуу аркылуу өттү. Анын жыйынтыгын эсептөө комиссиясынын төрагасы, депутат Таалайбек Масабиров жарыялады. VII чакырылыштын депутаттары бүгүн, 29-декабрда ант берип, алгачкы жыйынын өткөрдү. Читать дальше...

Орусияда мигранттар үчүн жаңы эрежелер киргизилди

Azattyk.org 

29-декабрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары ант берип, өз ишин баштады. Талаш-тартыш менен башталган алгачкы жыйында төрагалыкка Адахан Мадумаров менен Талант Мамытов көрсөтүлдү. Орусияга иштегени барган чет өлкөлүктөр, анын ичинде Кыргызстандын жарандары 30 күндүн ичинде медициналык текшерүүдөн өтүп, манжа изин тапшырышы керек. Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму коронавирустун "Омикрон" штаммы ооруканаларга күч келтирип, оорчулуктарды жаратышы мүмкүн деп эскертти.

Путин СССРдин жарандарына паспорт алууну жеңилдетүүнү сунуштады

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин "Орус Федерациясынын жарандыгы тууралуу» мыйзамды Мамлекеттик думанын кароосуна жөнөттү. Мамлекет башчы орус жарандыгын алуунун жана жарандыктан чыгаруунун жол-жоболорун өзгөртүүнү сунуш кылды. Документтин тексти Думанын электрондук базасына жайгаштырылды. Путин асыресе терроризм өңдүү оор кылмыштар үчүн айыпталган адамдарды берилген жарандыктан чыгарууну сунуш кылды. Мыйзамда ошондой эле Орусиянын жарандыгын жеңилдетилген жол менен алуу тартиби тууралуу айтылат. Читать дальше...

Бишкек абанын булгануусу боюнча экинчи сапка чыкты

Azattyk.org 

Дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын рейтингин чыгарган World Air Quality уюмунун индексинде 29-декабрда Бишкек  экинчи сапка чыкты. Азыр шаардын борборунда индекс (AQI) 240тан ашты. Бул - баш калаада аба өтө булганган жана ден соолукка өтө кооптуу дегенди түшүндүрөт. Бишкек муну менен Индиянын Колката шаарынан кийинки орунду ээледи. Ар кайсы райондордо индекс ар кандай, 181ден 254кө чейин.  Шаардын четиндеги Сокулук, Новопавловка тарапта азыр көрсөткүч 346 деп турат. Ноябрда Кыргызстандын борбору бул индексте баарынан озуп... Читать дальше...

"Дүйшеке, Базарбайдын сөзүн кайдан таап алгансыз?"

Azattyk.org 

Кыргыз улуттук академиялык драма театрында 2010-жылы Токтоболот Абдымомуновдун “Абийир кечирбейт” драмасын сахналаштырдым. Аксакалдын ролун Эл артисти Дүйшөн Байдөбөтов аткарды. Бир жолку репетицияда Дүйшөн байке өзүн жаман сезип, “көзүм караңгылап кетти” деп сахна артына басып кетти. - Үйгө барып дары ичип эс алыңыз, башка актыны репетициялайын,- дедим. - Ничего неподобного, аягына чейин иштейбиз,- деп көгөрдү. Дүйшекем экөөбүз бассак-турсак баарлашып, ага-инидей бирге жүрдүк. Эки күн мурда... Читать дальше...

Кытай Space X спутниктерин космос станциясына "коркунуч жаратты" деп айыптады

Azattyk.org 

Кытай Илон Масктын Space X компаниясынын спутниктери Жер орбитасындагы космос станциясынын к"оопсуздугуна коркунуч жаратты" деп айтып чыкты. БУУнун Баш катчысына жөнөтүлгөн нотада Бээжин июль жана октябрь айларында Кытайдын космос станциясы Starlink спутнигин сүзүп албаш үчүн буйтап өтүүгө арагасыз болгонун билдирди. Кытайдын айтымында, ал жандоочтор станциянын жанында туш келди учуп жүргөн. Бээжин 1967-жылы кол коюлган эл аралык келишимге ылайык, өлкөлөр мамлекеттик жана менчик компаниялардын... Читать дальше...

Жогорку Кеңештин жаңы курамы ант берди

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары 29-декабрда ант берди. Парламенттин алгачкы отурумун шайланып келген эл өкүлдөрүнүн эң улуусу, "Ынтымак" партиясынан депутат Шарапаткан Мажитова ачып алып барды.

Көйгөй экономика эмес, көйгөй – саясий түзүлүш

Azattyk.org 

Ошентип шайлоо аяктап, депутаттык мандаттар тапшырылды. Бир жылдан ашык Баш мыйзамга өзгөртүү, Конституциялык кеңешме, президенттик башкарууга өтүү боюнча референдум, шайлоо ж.б.у.с. бүтпөгөн саясий процеcстер менен алп уруштук. Кыйынчылыкка карабай 1 663 800 000 сом короттук. Акыры Конституция өзгөрдү, президенттик башкарууга өттүк, ага байланыштуу парламент менен жергиликтүү башкаруунун маани-маңызы түп тамырынан алмашканына күбө болдук. Негизи акыркы парламенттик шайлоо өлкөбүздө башаламандыкка чекит коюп... Читать дальше...

Мадинанын өлүмү боюнча экинчи айыпталуучу 11 жылга кесилди

Azattyk.org 

Тажикстандын Жогорку соту Азиза Давлятованы 11 жылга абакка кести. Ага күйөөсүнүн экинчи аялы делген Мадина Мамажанова аттуу келинди "кыйнап, сабаган" деген айып тагылган. Мадина төрт ай комада жатып, 15-декабарда көз жумду. Бул окуя Тажикстанда катуу резонанс жараткан. 14-декабрда Азиза Давлятованын күйөөсү Парвиз Давлятов «эки аял алуу», «өз жанын кыюуга жеткирүү», «адамды ырайымсыз токмоктоо» үчүн күнөөлөнүп 8 жылга эркинен ажыратылган. Жубайлар үстүнөн сот жабык өтүү. 32 жаштагы Мадина 25-августта катуу жаракаттар менен... Читать дальше...

Жогорку Кеңештин төрагалыгына Мамытов менен Мадумаров сунушталды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин төрагалыгына "Ынтымак" фракциясынан депутат Талант Мамытов менен "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан Адахан Мадумаровдун талапкерлиги сунушталды. Эки талапкер тең Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары.  Парламенттин VII чакырылышынын депутаттары 29-декабрда ант берди. Жаңы парламенттин отурумун шайланып келген депутаттардын эң улуусу, "Ынтымак" партиясынан депутат Шарапаткан Мажитова ачып, алып барууда. Жогорку Кеңештин 29-декабрдагы жыйыны   Парламентке бир мандаттуу 36 округдан 34 депутат... Читать дальше...

Парламентте 13 депутат "Элдик" деп аталган топ түздү

Azattyk.org 

Жогорку Кеңешке бир мандаттуу округдардан шайланып келген 13 депутат "Элдик" топ түзүштү. Бул тууралуу аталган топтун төрагасынын орун басары депутат Мирлан Самыйкожо билдирди. "Бизге эл добушун партия үчүн эмес, өзүбүз үчүн берген. Биз бул жерге келип кайсы бир партияга ыктап, желегин көтөрбөш үчүн депутаттардын "Элдик" тобун түздүк. Азыр 13 депутат кирди, дагы кошулам дегендер кирсе болот". Жогорку Кеңешке шайланып келген депутаттар фракцияларга жана депутаттык топторго бириге алышат. Буга... Читать дальше...


Музыкальные новости
Кристина Орбакайте

Певица Кристина Орбакайте показала фото с мужем из путешествия по Италии





Rss.plus
Концерт

Владимир Брилёв: «Концерт, посвященный Великой Победе, стал доброй традицией для творческого объединения «Хрустальное соZVездие».




Москва экспортирует сладости в 50 стран мира

Дмитрий Медведев назвал Дэвида Кэмерона «мутным британцем»

Открылась новая выставка Главархива Москвы

Собянин поздравил Мишустина с назначением на пост председателя правительства РФ




Орусияда «Мемориал» укук коргоо борборун жабуу чечими чыкты

Azattyk.org 

Москва шаарынын соту Орусияда "чет өлкөлүк агент" деп таанылган «Мемориал» укук коргоо борборун жабуу чечимин чыгарды. Сотко борбор калаанын прокуратурасы кайрылган. Юстиция министрлиги жана прокурорлор борбор чет өлкөлүк агенттин функциясын аткаргандыгы тууралуу маалыматты жаап- жашырып келген деп эспетешет. Ошондой эле прокуратура "Мемориалдын» материалдарында «терроризмди актаган белгилерди» тапканын билдирген. Шаршемби күнкү жараянда прокурор укук коргоо борбору «нааразылык акцияларды колдогон»... Читать дальше...

Өзбекстандык Нодирбек Абдусатторов тез шахмат боюнча дүйнө чемпиону болду

Azattyk.org 

Өзбекстандык Нодирбек Абдусатторов Варшавада өткөн тез шахмат боюнча дүйнө чемпионатында жеңүүчү болду. Бул тууралуу Өзбекстандын Шахмат федерациясынын басма сөз кызматы билдирди. 17 жаштагы улан Магнус Карлес, Ян Непомнящий өңдүү белгилүү гроссмейстерлерден озуп чыкты. Чечүүчү тай-брейкте өзбекстандык шахматчы орусиялык Непомнящийди жеңди. Өзбек президентинин маалымат катчысы Шерзод Асадов Шавкат Мирзиёев жана Санкт-Петербургдан кайтып келаткан делегация учакта Нодирбектин таймашына түз эфирде көз салганын билдирди. Читать дальше...

Аба ырайы: Күн ачык болот

Azattyk.org 

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 30-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңгок, тайгак болот. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1...-6, күндүз 2...7, Талас облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз 4...9, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -6...-11, күндүз 1...4, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2...-4, күндүз 8...10, Нарын жергесинде түнкүсүн -18...-20, күндүз -4...-6, Бишкек шаарында жаан күтүлбөйт. Түнкүсүн -2…-4, күндүз 6…8° жылуу болот.

“Азаттыктын” беларус кызматынын журналисти Грудзиловичке айып тагылды

Azattyk.org 

“Азаттыктын” беларус кызматынын ("Радыё Свабода") журналисти Олег Грудзиловичке "коомдук тартипти одоно бузган аракеттерди уюштуруу жана даярдоо" беренеси менен айып тагылды. Ал Тышкы иштер министрлигинин аккредитациясынан айрылгандан кийин уруксат берилбеген митингге катышкан деп күнөөлөнүп жатат. Журналист айыптарды четке кагып, окуя болгон жерден репортаж жүргүзгөнүн айтты. Айыптуу деп табылса, Грудзилович төрт жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал. 23-декабрда беткап тагынган коопсуздук кызматкерлери... Читать дальше...

Айылдагы мугалим жубайлардын түйшүгү

Azattyk.org 

Жубайлар Азамат Нарымбаев менен Алия Тынчтыкбекова Нарын районунун Эки-Нарын айылындагы Мукаш Мамбетов атындагы орто мектепте иштейт. Алар эки жыл мурда айылдагы мектепке иштеш үчүн Нарындын башка айылынан көчүп келишкен. Жубайлар бул аралыкта билим берүүнүн жаңы ыкмаларын колдонуп, айылдык окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун ойготушкан.

Талибдер менчик телеканалдын жетекчисин бошотту

Azattyk.org 

Талибдер Nourin TV деген менчик телекомпаниянын жетекчисин кое беришти. Бул тууралуу Ооганстандын Журналисттер борбору 28-декабрда билдирди. Ареф Нурини өткөн жекшембиде Кабулдагы үйүнөн себебин түшүндүрбөй кармап кетишкен. Журналисттер борбору муну сөз эркиндигине кысым катары баалап, айыптаган. Нуринин уулу Роман "Азаттыктын" ооган редакциясына маалымдагандай, “Талибандын” (Кыргызстанда тыюу салынган) коопсуздук күчтөрү атасынын үйүн ордери жок эле тинтишкен. Ооганстандын Эркин журналисттер ассоциациясы... Читать дальше...



Москва

Представители народов Чувашии почтили память погибших в годы Великой Отечественной войны


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

В мэрии Москвы рассказали о новых маршрутах круизных теплоходов



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Андрей Макаревич

Юрий Назаров: «Андрей Макаревич* на себя бы в зеркало поглядел, а не народ ругал»




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

В рамках празднования Дня Победы в Москве пройдет ежегодный турнир среди студенческих футбольных команд «Вызов»

Развод на договорных матчах: схемы, риски и пути предотвращения

4 современных общественных пространства появятся на севере Москвы в 2024 г


WTA

Шнайдер вышла в третий круг турнира WTA-1000 в Риме, победив Самсонову в российском дерби



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Стой и не двигайся: доктор Кутушов рассказал, что делать при встрече со змеями



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России