Президенттикке талапкерлердин дебаттарына Токаев катышкан жок
Казакстанда президенттикке талапкерлердин теледебаттары болду. “Хабар” мамлекеттик телеканалы түз тартуулаган эрөөлгө беш талапкер жана эки талапкердин ишенимдүү адамдары катышты.
Утурумдук президент Касым-Жомарт Токаевдин ордуна дебатка республикалык штабдын жетекчиси Маулен Ашимбаев чыкты.
Бул көрүнүш сын сөздөрдү көбөйтүшү мүмкүн. Өкмөттүн оппоненттери "шайлоо ансыз да эркин жана калыс өтпөйт, шайлоодо Токаев утат" деп айтып келатышат.
Эрөөлдүн жуп алдында президенттин жардамчысы Эрлан Карин жана башкаруудагы "Нур-Отан" партиясы Токаев Евразия Экономикалык биримдигинин саммитине катышып жаткандыктан дебатка бара албайт деп билдирген.
Сынчылар теле айтыш атайлап саммит маалында уюштурулган деген шектенүүлөрүн айтышууда.
Дагы бир талапкер – Дания Еспаева өзү катышкан жок.
Кошуна өлкөдөгү эрте президенттик шайлоо 9-июнга белгиленген. Борбордук шайлоо комиссиясы жети талапкерди каттоодон өткөргөн. Үгүт кампаниясы 7-июнда соңуна чыгып, 8-июнь жым-жырттык күнү болмокчу.
Мурдагы мамлекет башчы Нурсултан Назарбаевдин тушунда өткөн бир да шайлоону эл аралык байкоочулар демократиялык деп мүнөздөгөн эмес.