Мюллер: Трампка айып тагуу менин ыйгарым укугума кирген эмес
АКШда атайын прокурор Роберт Мюллер Орусиядагы президенттик шайлоого ыктымал аралашуусун иликтеген докладын жарыялагандан кийин алгачкы жолу коомчулук алдында сүйлөп, президент Дональд Трампка айып тагуу анын ыйгарым укуктарына кирбегенин билдирди.
Министрликтин көп жылдык практикасына ылайык, президентти кызматта турган чакта кылмышка айыптоо болбойт. "Айыптоону коомчулуктан жашырса да, бул – Конституцияга каршы келет", - деди Мюллер 29-майда Юстиция министрлигинде сүйлөгөн кезде. Ошол эле маалда прокурор "президент күнөөсүз деп ишенсем, аны так айтмакмын" деп кошумчалады.
Иликтөөсүнүн жыйынтыгын комментарийлеп ал Кремль АКШдагы шайлоого кийлигишкени тууралуу факт аныкталганын белгиледи. Конгресске чакырылса да, бир ай мурда жарыяланган докладда айтылгандан башка маалымат бере албасын айтты.
Мюллердин доклады чыккан апрелден бери Конгресстеги демократтар анда аныкталган айрым фактылардын айрым өңүттөрүн жана Трамптын кээ бир бизнесин иликтөөгө киришкен.
Атайын прокурордун териштирүүсү дээрлик эки жылга созулду. Анын жүрүшүндө Орусиянын хакердик чабуулдар жана социалдык тармактарда жалган маалымат таркатуу аркылуу Америкадагы шайлоого кийлигишкени аныкталган. Ошол эле маалда Мюллер Трамп жана командасынын Москва менен кутумга барганын далилдеген фактыларды тапкан эмес.