Алматы комендатурасы «антитеррордук операция» башталганын билдирди
Алматыда «антитеррордук» операция башталганын калаа комендатурасы билдирди. «Алматы комендатурасы тургундарды сабырдуулукка жана коомдук тартипти орнотууда укук коргоо органдарына көмөктөшүүгө чакырат» - деп айтылат атайын билдирүүдө. 6-январга караган түнү Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынында Алматыда башаламандык жараткан топторду «анык террорчулар» деп атады. -Мындан улам биз аларга каршылык көрсөтүү үчүн контртеррордук операция өткөрүшүбүз керек. Мен контртеррордук штабды жетектейм-деди Токаев. Читать дальше...