Укук коргоочулар Ооганстанда ЛГБТ жамааты коркунучта экенин жарыялашты
Укук коргоочу уюмдар "Талибан" кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган) Ооганстандагы бийликти кайрадан басып алгандан бери ЛГБТ жамааты чоң коркунучка кептелгенин билдиришүүдө. Human Rights Watch жана OutRight Action International уюмдары 26-январда биргелешкен баяндамада ЛГБТ өкүлдөрү жашырынып жүрүүгө аргасыз экени, өлкөдөгү экономикалык абалды эске алганда алар ачарчылыкка туш болгону айтылат. Сөз болгон уюмдар былтыр октябрдан декабрга чейин 60 чакты оогандык кумса, трансгендерлерди, бисексуалдарды сурамжылаган. Читать дальше...