Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Январь
2022

Новости за 06.01.2022

Казакстан: митингдерде миңден ашуун киши жаракат алды

Azattyk.org 

Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдө нааразылык акциялары башталгандан бери миңден ашуун адам жаракат алганын билдирди. Алардын ичинен кеминде 400 киши ооруканага жеткирилген. Учурда 62 адам жандандыруу бөлүмүндө жатат. Казакстанда демонстрациялар маалында ондогон адамдар мерт болгону кабарланып жатат. Алардын канчасы митингге чыккан адамдар экени так белгисиз. Ички иштер министрлиги 18 кызматкери каза тапканын маалымдаган. 2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын... Читать дальше...

Казакстандагы кырдаал: Аба каттамдар токтоп, чек арадан жүк ташуу сээлдеди

Azattyk.org 

Казакстандагы толкундоолорго кыргыз бийлиги дыкат көз салып турат. Мамлекеттик чек аралар жабылган жок, бирок элдин ары-бери каттоосу кескин суюлган. Авиакаттамдар токтоп, чек аралар аркылуу жүк ташуу чектелди. Кыргыз өкмөтү 6-январда чукул жыйын өткөрүп, коңшу өлкөдөгү кырдаал боюнча иш-аракеттерди талкуулады. Кыргызстанга импорттолгон товарлардын басымдуу бөлүгү Казакстан аркылуу киргендиктен өлкөдө экономикалык абал дагы да кыйындайт деген кооптонуулар бар. Коңшу Казакстандагы окуяларга кыргызстандыктар да абай салып... Читать дальше...

Түркия Казакстанга ар тараптуу жардам берүүгө даяр экенин билдирди

Azattyk.org 

6-январда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефондон сүйлөштү. Анда өлкөдө болуп жаткан окуяларга жакындан көз салып турганын, ошондой эле Казакстанда жаңы өкмөттүн тез арада түзүлүшү жана чыңалуунун кыска убакытта токтотулушуна тилектеш экенин айткан. Ошондой эле түрк лидери Казакстанга ар тараптуу жардам берүүгө даяр экенин кошумчалады. Эрдоган Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү, анда... Читать дальше...



Беларус тынчтык орнотуу күчтөрүн Казакстанга жөнөттү

Azattyk.org 

Беларус бийлиги Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунун (ЖККУ) алкагындагы макулдашылган миссия менен Казакстандын аймагына өз аскерлерин жөнөттү. Бул тууралуу бейшембиде Беларустун коргоо министри Виктор Хренин журналисттерге кабарлады. Бул өлкө да тынчтык орнотуучу күчтөр үчүн аба-десанттык бригадасын тандап алган. Андагы аскерлер бул багыттагы бардык даярдыктан өткөнү кабарланды. Орусиянын тынчтык орнотуу күчтөрүнүн алгачкы тобу Казакстанга келип түшүп, кызматын өтөй баштады. Армения менен Тажикстан... Читать дальше...

Казакстан: 18 полициячы каза таап, 2298 киши кармалганы расмий кабарланды

Azattyk.org 

Казакстандын Ички иштер министрлиги соңку окуяларда каза болгон полициячылар менен аскерлердин саны 18ге жеткенин билдирди. Маалыматка караганда, Улуттук гвардия менен полициянын 748 өкүлү жаракат алды. Каршылык акцияларынан кийин тутанган тополоңго байланыштуу 2298 киши кармалды. Министрлик карапайым адамдардын арасындагы жоготуулар тууралуу маалымат бере элек. Азырынча бийлик күч органдарынын арасында өлгөндөрдү айтуу менен гана чектелүүдө. Буга чейин Алматы полициясы ондогон адам каза болгонун кабарлаган. Читать дальше...

АКШ союздаштары менен "олуттуу сүйлөшүүгө" даярданууда

Azattyk.org 

АКШ менен Европа Орусия Украинанын чек арасында аскердик кубатын күчөтүшүнө байланыштуу сүйлөшүүлөрдүн алдында бирдиктүү жана кебелбес турумун ырасташты. АКШнын мамкатчысы Энтони Блинкен 5-январда Вашингтондо Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок менен жолугуп, алдыда күтүлгөн Орусия менен болчу сүйлөшүүлөрдүн өзөгү менен позицияларды талкуулады. АКШ менен Германия позицияларын такташты Энтони Блинкен менен Анналена Бербок эки тараптуу жолугушууда Украинага жакын жерде орусиялык аскер... Читать дальше...

Алматы аянтында пулемёт менен ок атыла баштады

Azattyk.org 

Алматынын Республика аянтында турган куралсыз адамдарга аскерлер пулемёт менен ок ата баштады. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысы жеринен кабарлады. Журналист Ануар Данияровдун сөзүнө караганда, Алматы убактысы  менен 18:43төн баштап ок атылып баштаган. Пулемётту ал жерге брондолгон машинелер менен келген аскерлер атып жатышат. Ок атылып жатканын активисттер Марат Турымбетов менен Айгерим Төлөуданова да ырастады. Ок атылган тушта алар аянтта болушкан. Данияровдун кабарлашынча, бир адам каза болду. Читать дальше...

Казакстан: ондогон киши каза болду, орус аскерлери кирди

Azattyk.org 

Казакстандагы митингдерде ондогон адамдын өмүрү кыйылды. Бишкекте кыргыз аскерлерин Казакстанга жибербөөнү талап кылган ондогон активист акцияга чыкты. Европа Биримдигинин башкы дипломаты эгер Орусия Украинага кол салса, анын "кесепети өтө оор болорун" эскертти.



Түрк мамлекеттер уюму: Казакстанда туруктуулук маанилүү

Azattyk.org 

Түрк мамлекеттер уюмунун катчылыгы ага мүчө өлкөлөрдүн атынан Казакстандагы соңку окуяларга байланыштуу билдирүү таратып, бул өлкөдө “тынчтык жана туруктуулук маанилүү экенин” маалымдады. “Биз казак элинин даанышмандыгына ишенебиз жана жай турмушка кайтып келишине тилектештик билдиребиз. Биз Казакстандын бийлиги чыңалууну жайгарып, коомдук тартипти жана тынчтыкты камсыздоого мүмкүнчүлүгү жетет деп эсептейбиз”,-деп айтылат анда. Кайрылууда ошондой эле окуяда каза болгондордун жакындарына көңүл... Читать дальше...

ТИМ: Казакстандан 20 кыргыз жараны эвакуацияланды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 6-январда Казакстандан жыйырма кыргыз жараны эвакуацияланганын билдирди. Алардын арасында аялдар, балдар бар. Атайын уюштурулган транспорт менен кыргызстандыктардан тышкары жыйырма орус, бир тажик, бир өзбек жараны келди. Кыргызстандын ТИМи Казакстандагы окуяларга байланыштуу кыргызстандыктарды мекенине алып келүү улантылаарын маалымдайт. Министрлик казак өлкөсүндө чыр-чатактарга катышкан, ар кандай окуялардан жабыркагандар жок экенин билдирди. ТИМдин маалыматында... Читать дальше...

Кара-Суунун тургуну чогуу жашаган келинди муунтуп өлтүргөнүн моюнга алды

Azattyk.org 

Кара-Суу районунда 38 жаштагы жаран чогуу жашаган аялды өлтүргөнүн моюнуна алганын Ош облустук милициясы билдирди. Маалыматка караганда, киши колдуу болгон аял 30 жашта. Кылмышка шектүү өзүнүн башка да  үй-бүлөсү бар экенин, маркум да "аялы" экенин айткан. Алар 5-январда Ош-Бишкек жолунда баратканда өз ара сөз талашып чырлаша кеткени,  аягында аялды өлтүрүп алганы тууралуу көрсөтмө берген.  Келиндин сөөгү жолдун четинде, “Хундай-Санато” үлгүсүндөгү автоунаанын арткы отургучунда чалкасынан жаткан абалда табылган. Читать дальше...

Президент Жапаров: Казакстанга туруктуулукту орнотконго жардам бергиле деп аскер жөнөтүп жатабыз

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунун (ЖККУ) алкагында Кыргызстан Казакстанга армия жөнөтүп жатканы жөнүндө билдирүү таратты. Президент кайрылуусун Фейсбуктагы баракчасында бөлүштү. Мамлекет башчы Кыргызстандын Казакстанга аскерлерин жөнөтүп жатканына каршы болуп чыккандарды “популисттер” деп атап, “трагедиядан арзан пиар кылгандан алыс болууга” чакырды. Парламент депутаттарын аскер жиберүүгө каршы чыкпоого үндөдү. "Биз дагы "жети өлчөп, бир кесип" жатабыз. Читать дальше...

Кырнеттеги пикирлер: Казакстанга аскер жиберүү маселеси талкууда

Azattyk.org 

Кыргызстандын интернет сегментинде Казакстандагы акыркы окуялар, Жамааттык коопсуздук боюнча келишими уюмунун алкагында коңшу өлкөгө тынчтык орнотуучу күчтөрдү жиберүү маселеси кызуу талкууланууда. Социалдык тармактардын колдонуучулардын басымдуу бөлүгү ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн, анын ичинде кыргыз аскерлеринин Казакстанга киргизилишине караманча-каршы экендиктерин жазып жатышат. Кыргыз аскерлерин Казакстанга жиберүү боюнча пикирлер   Министрлер кабинети кыргызстандыктарга... Читать дальше...

ЖККУ тынчтык күчтөрүнүн Казакстанга киргизилишине каршы петицияга кол топтолууда

Azattyk.org 

Интернетте change.org сайтында "Жамааттык коопсуздук боюнча келишими уюмуна мүчө мамлекеттердин аскерлерин Казакстанга киргизүүгө каршы" деп аталган петицияга кол топтолуп жатат.  Ушул сааттарга чейин ага 9 миңге чукул колдонуучу кол койгон.   Анда уюштуруучулар уюмга мүчө мамлекеттердин жетекчилерине кайрылып,  казак президенти Касым-Жомарт Токаевдин Казакстанга ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүн киргизүү тууралуу суранычын четке кагууну талап кылышкан.  "Казак жарандарынын каршылыгын басуу... Читать дальше...

Алматынын көчөлөрүндөгү кырдаал

Azattyk.org 

Алматынын аба майданындагы тополоң, көчөлөрдө полициянын машинелери өрттөлдү, дүкөндөр тонолду. Казакстандын бийлиги Алматыда ондогон киши каза тапканын билдирди. "Настоящее время" телеканалынын видеосу (орус тилинде).

Актау менен Жаңы-Өзөндө демонстранттар тарай элек

Azattyk.org 

Актауда жүргөн "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы 6-январда демонстрация уланганын кабарлады. Анын айтымында, чогулгандар президент Касым-Жомарт Токаевдин ЖККУ аскерлерин чакырганына нааразылык билдирип жатат. "Орусиядан аскер келет" деп кооптонгон кишилер аба майданына бара турган жолго баррикада куруп алган. Бирок, атышуу, талап-тоноо болгон эмес. Учурда шаардагы негизги аянтта беш миңдей киши жыйналып турат. Жаңы-Өзөндө дагы демонстранттар аянттан кеткен эмес. Аймакта жүргөн orda.kz порталынын... Читать дальше...

Өкмөт Казакстанга аскер жөнөтүүгө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды

Azattyk.org 

Министрлер кабинети кыргызстандыктарга жана коомдук-саясий күчтөргө Казакстанга аскерлерди жөнөтүү чечимине түшүнүү жана толук жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырган кайрылуу таратты. Анда Кыргызстан Казакстандын жакын коңшусу жана стратегиялык өнөктөшү катары мыйзамдуу бийликтин жардам берүү чакырыгын четке кагууга укугу жок экени жана Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунун алкагында өз милдеттерин керектүү деңгээлде аткарары айтылган. Кайрылууда Министрлер кабинети акыркы учурга чейин Казакстандын... Читать дальше...

Мирзиёев менен Токаев Казакстандагы абалды талкуулашты

Azattyk.org 

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев казак президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу байланышып, Казакстандагы соңку кырдаалды талкуулаганын өзбек лидеринин басма сөз кызматы 6-январда билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Мирзиёев Казакстандын элинин жана жетекчилигинин өлкөдө туруктуулукту жана тынчтыкты камсыз кылууга болгон умтулуусун толук колдой турганын билдирди. 5-январда өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) да билдирүү таратып, Өзбекстан Казакстандагы соңку окуяларды тынчсыздануу менен кабыл алып... Читать дальше...

Молдалиев: Казак бийлигинин сөзүнө антитеррордук уюмдар реакция жасашы керек

Azattyk.org 

Казакстандын расмий бийлигинин "террористер кол салды" деген билдирүүсүнө антитеррористтик уюмдар реакция кылышы керек. Бул тууралуу "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" берүүсүндө коопсуздук боюнча эксперт Орозбек Молдалиев билдирди.  "Эл аралык террористтик уюмдар бар. Бизде кеңсеси жайгашкан бир уюм бар. Ташкентте кеңсеси жайгашкан ШКУнун антитеррористтик уюму бар. Ошолор эмне болгон террористтер кол салды айтыш керек. Кийинки кезде "террористтер" деген термин шылтоо катары колдонулуп калды. 2005-жылы... Читать дальше...


Музыкальные новости
Антонина Арталевская

звезды шоу-бизнеса посетили весеннюю неделю моды estet fashion week





Rss.plus
Россия

Путешествовать по России в майские праздники будут 2,8 миллиона туристов




The Telegraph сообщила о планах Британии создать собственные ракеты к 2030 году

Минобороны РФ показало кадры ночной поисков-спасательной работы вертолетов Ми-8

Сотрудница театра лишились почти 400 тысяч рублей, спасая деньги от мошенников

В Екатеринбурге пройдет благотворительный забег Ural Legal Run




“Эксперттер талдайт”: Казакстанга чет элдик аскерлер жөнөтүлдү

Azattyk.org 

Казакстанда саясий кризис уланууда. Бул өлкөнүн жетекчилиги кырдаалды жөнгө салуу үчүн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан көмөк сурады. Бул уюмга мүчө болгон Кыргызстан коңшу өлкөгө аскер жөнөтүү маселесин талкуулап жатат. Бүгүн Жогорку Кеңеш чукул жыйынга чогулмак. Кворум жок жыйын 7-январга жылды. Казакстандагы соңку окуялардын Кыргызстан, дегеле Борбор Азияга таасири кандай? Кыргызстан коңшу өлкөдөгү абалды жөнгө салуу үчүн кандай позиция карманышы керек? Бул суроолорду “Эксперттер талдайт” берүүсүнүн атайын чыгарылышында талкуулайбыз. Читать дальше...

АКШда Капитолийге жасалган чабуулга бир жыл болду

Azattyk.org 

6-январда АКШнын Капитолий имаратына жасалган чабуулга бир жыл болду. Ак Үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки бул датага байланыштуу иш-чарада президент Жо Байден сөз сүйлөп, тополоң үчүн жоопкерчиликти мурдагы президент Дональд Трамп тартарын  кайталай турганын билдирди. Трамп өзү ушул күнгө белгиленген иш-чарага катышпай турганын маалымдады. 2021-жылдын 6-январында мурдагы президент, республикачы Доналд Трамптын тарапташтары АКШнын парламенти жайгашкан Капитолий имаратына бастырып киришкен. Аларды... Читать дальше...

Актөбөдө митингчилер кымбаттоого каршы чыгышканын, өздөрүн “террорчу” деп атоого нааразы экенин айтышты

Azattyk.org 

“Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысы билдиргендей, Актөбөдө талап-тоноо, карактоо болгон эмес. Митингчилердин арасынан атайын элдик кошуун түзүлүп, түнү менен мэрияны, аэропортту, темир жол бекетин кайтарышкан. Бүгүн, 6-январда демонстранттар жергиликтүү бийлик менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Алар митингчилерди “террорист” деп атоого каршы экенин, эл кымбатчылыктан улам тынчтык митингине чыкканын айтышкан. Ал эми Оролдо коомдук жайлар жана транспорт иштеп жатканы айтылды. Шаарда интернет өчүрүлүп, телефон байланышы жакшы болбой жатат. Читать дальше...

Түркия: уйгур коомчулугу Шинжаңдагы кыйноолорго каршы чыкты

Azattyk.org 

Түркиядагы уйгур диаспораларынын ондогон өкүлү 4-январда Стамбулдун Башкы прокуратурасынын алдына чогулушту. Алар Шинжаңдагы туугандары Кытай бийлиги тарабынан "кордолуп, кыйноого алынып жатат" деген жүйө менен түрк прокуратурасына кайрылышты. Түркиялык адвокат Гүлден Сөнмез 2016-жылдан бери Шинжаңда миллионго жакын уйгурларды жана башка мусулман азчылыктарды лагерлерде кармап, иштөөгө мажбурлаган кытай бийлигине эл аралык чөйрөдө алгылыктуу реакция болбой жатканын билдирди. "Кытай Шинжаңдагы... Читать дальше...

Талас: унутта калган эски шаарлар

Azattyk.org 

Өкмөттүн 2002-жылдын 20-августундагы “Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу жөнүндө жобосунда азыркы Талас облусунун аймагында 68 эски объект болгону айтылат. Алардын көпчүлүгү орто кылымдарга таандык. Учурда айрымдарынын аздыр-көптүр калдыктары калса айрымдары көрүстөнгө айланган. Көпчүлүгү кайсы жерде жайгашканы билинбей калган. Адистер бул эски шаарларды изилдеп, атайын шарттарды туризм өнүкмөк дешет.

Кыргыз-казак чек арасындагы жети бекет туруктуу иштеп жатат

Azattyk.org 

6-январга карата кыргыз-казак чек арасындагы абал туруктуу, Кыргызстан чек арадан өтүү үчүн эч кандай кошумча чараларды киргизген жок. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы маалымдады.  Маалыматта кыргыз-казак чек арасында "Ак-Жол", "Ак-Тилек", "Чалдыбар", "Кең-Булуң", "Токмок" жана Ысык-Көлдөгү "Каркыра", Таластагы "Чоң-Капка" бекеттери иштеп жатканы айтылат. 5-6-январда кыргыз-казак чек арасынан 5500 адам өткөн, анын ичинен Кыргызстанга 2384 адам келген. Аллардын 671и Кыргызстандын, 1644ү Казакстандын жарандары. Читать дальше...



Москва

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: В столице открыт сезон фонтанов



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Анастасия Волочкова

«Это не такая серьезная ситуация»: личные кадры с раздетой Анастасией Волочковой попали в открытый доступ




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Команда Орловской области стала победителем хоккейного турнира среди команд Черноземья

В Москве завершился Кубок России по спортивному программированию

Спортсменка из Бутово выиграла «золото» на турнирах по художественной гимнастике


WTA

Вероника Кудерметова завершила выступление на турнире WTA в Мадриде



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Что можно отметить в этот день



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России