Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Январь
2022

Новости за 24.01.2022

Байден Европанын лидерлери менен украин чегиндеги кырдаалды талкуулайт

Azattyk.org 

Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден 24-январдын кечинде Европанын лидерлери менен видео конференция аркылуу сүйлөшүп, Орусия менен Украинанын ортосундагы чыңалууну талкуулаганы жатат. Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Байден менен Европа комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен, Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель, немис канцлери Олаф Шольц, Италиянын премьер-министри Марио Драги, НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, Польшанын президенти Анжей Дуда... Читать дальше...

Эл аралык уюмдун өкүлү Кыргызстанда АЭС куруу долбоорун сындады

Azattyk.org 

Climate Action Network аттуу климаттын өзгөрүүсүнө багытталган уюмдун Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбор Азия боюнча координатору Ольга Бойко Кыргызстанда Орусиянын "Росатом" ишканасынын атомдук электр станциясын курууга багытталган долбоорун сындады. "Биздин уюм аймакта жана дүйнөдө атомдук энергетиканы колдонууну колдобойт. Борбор Азияда "Росатом" корпорациясынын АЭС курууга умтулуусу саясий гана максатты көздөйт. Бул аймакта кургакчылык өкүм сүрүп, дарыялар соолуп баратат. Климат өзгөргөн сайын таза суу азайып жатат. Читать дальше...



Жүрөгүндө жалы бар журналист эле...

Azattyk.org 

Диний идеологияны жетимиш жылдан ашуун ооздуктаган коммунисттик идеология аста-секин ичинен ирип кыйрагандан кийин, тышкы жана аларга таянган ички күчтөр көпчүлүгү мусулман элдер жашаган Орто Азия республикаларында совет доорунда түптөлгөн светтик түзүлүштүн ордуна халифат орнотуу планын ишке ашырууга шымаланышкан. Мындай тарыхый учурду көп жылдардан бери күтүп жүргөн диний идеологдор бул планды ишке ашырууну тээ союз доорунда эле кайдыгерликтин кесепетинен көз көрүнөө диндешип кеткен Тажикстандан баштап көргөнү коомчулукка маалым. Читать дальше...

Стамбул аэропорту бороонго байланыштуу убактылуу жабылды

Azattyk.org 

Түркиядагы аба ырайына байланыштуу Стамбул эл аралык аэропортундагы бардык аба каттамдары убактылуу токтотулду. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы "Твиттер" аркылуу билдирди. "Түрк аба жолдору" да Стамбул аэропортундагы бардык иш-аракеттерин 25-январь саат 4:00гө чейин токтотууну чечкенин авиакомпаниянын басма сөз кеңешчиси Яхя Үстүн "Твиттерге" жазды. Анда Стамбул шаарында кар жана ызгаардуу бороон күч алганы, мындай чечим жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында кабыл алынганы айтылат. Читать дальше...

Бишкекте митингден кийин кармалган эки активист бошотулду

Azattyk.org 

Пианист Викрам Рузахунов Казакстанда кармалган маалда катуу сабалганын билдирди. Ал ушул тапта Бишкекте дарыланып жатканын, үч жолу оорукана алмаштырганын айтты. Бишкек, Токмок, Кант шаарларында иштеген айрым ишкерлер көзөмөл кассалык аппаратын орнотууга каршы нааразылык акцияга чыгышты. Иликтөөчү журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаровду колдоп тынч митингге чыккан эки активистти милиция кармап кетип, 24-январда таңга маал коё берди. ​

Талибдер тынч митингдерге жана журналисттерге куугунтукту күчөттү

Azattyk.org 

Ооганстанда талибдер хижаб кийүүгө каршы тынч митингдерди кууп таратып, журналисттерге кол сала баштады.  Өткөн аптада Кабулдагы үйүндө ооган журналистине ырайымсыз кол салуу болду. Андан ары карай талибдер үймө-үй кыдырып, аялдардын укугун коргогон митингдердин уюштуруучуларын издеп, эки демонстрантты камакка алганы кабарланды. Ошол эле кезде Ослодо Ооганстандагы гуманитардык кризис жана адам укуктары боюнча сүйлөшүүлөр башталды. Акивисттерди түн ката издеген талибдер Өткөн аптада Ооганстандын... Читать дальше...

Даңазалуу комузчунун өнөрү жана тагдыры

Azattyk.org 

"Сыябан" подкастынын коногу - СССРдин, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Самара Токтакунова. Ал өнөрүнө, жакшы көргөн комузуна жана тагдырына байланыштуу кызыктуу окуяларды айтып берди. Маекти Бурулкан Турдубек кызы сунуш кылат.



Германиянын Гейделберг университетинде белгисиз адам ок атты

Azattyk.org 

Германиянын түштүк-батышындагы Гейделберг шаарындагы университеттин лекция өтүлүүчү залында куралчан адам ок чыгарды. Андан бир нече киши жаракат алганы кабарланууда. Полиция 24-январдагы окуядан кийин ок аткан киши каза тапканын учкай билдирди. Бирок бийлик ал кандай шартта өлгөнүн, канча киши, кандай жараат алганын так айта элек. Германиядагы DPA жаңылыктар агенттиги жана Bild гезити куралчан киши өзүн-өзү өлтүргөнүн маалымдашты. Коопсуздук кызматынын өкүлдөрүнүн баштапкы маалыматына ылайык... Читать дальше...

Пакистанда Жогорку Сотко биринчи жолу аял судья дайындалды

Azattyk.org 

Пакистанда 55 жаштагы судья Айеша Малик 24-январда ант берип, Жогорку Соттун судьясы кызматына киришти. Анын антын башкы судья Гулзар Ахмад кабыл алды. "Мен судья Айеша Маликти Жогорку Соттун алгачкы аял судьясы болушу менен куттуктайм", - деп жазды "Твиттерге" Пакистандын премьер-министри Имран Хан. АКШда билим алып келген Малик Пакистандын чыгышындагы Лахор шаарында 20 жылдан бери судья болуп иштеп келген. Маликти жаңы кызматка дайындаган тогуз мүчөдөн турган кеңеш былтыр анын талапкерлигин четке кагып койгон. Читать дальше...

"Бир дүйнө - Кыргызстан" Темировдун окуясын көзөмөлгө алууга спикерди чакырды

Azattyk.org 

Иликтөөчү журналист Болот Темиров мене төкмө акын Болот Назаров кабылган окуя боюнча "Бир дүйнө - Кыргызстан" укук коргоо уюму Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго кайрылуу жолдоду. Анда Temirov Live редакциясынын кеңсесине атайын багыттагы аскерлер менен бастырып кирүү, каршылык көрсөтпөгөн журналисттерди жерге көмкөрөсүнөн жаткырып, кеңседеги компьютерлердин алынып кетишинин мыйзамдуулугун парламенттик көзөмөлгө алуу керектиги айтылган. “Кыргызнефтегаз" мамлекеттик ишканасынын мазутту экспортоо иштерин иликтөө да сунушталган. Читать дальше...

Чет элдик мигранттарга 16 миңден ашуун квота бөлүндү

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 24-январда Кыргызстанга сырттан келе турган мигранттарга бөлүнчү квотага байланыштуу буйрукка кол койду. Бул тууралуу улуттук "Кабар" агенттиги маалымдады. Буйрукка ылайык, быйыл чет элдик мигранттарга 16,6 миң орун берилет. Чет жактан келчү эмгек мигранттарына эң көп муктаждык баш калаа Бишкекте болуп, жалпы 7850 орунду түздү, экинчи орунда 3400 орун менен Жалал-Абад облусу турат. Кыргызстанга акыркы жылдары коңшу Тажикстан, Өзбекстандан эмгек мигранттары келип... Читать дальше...

НАТО Чыгыш Европага кошумча аскердик кемелерин жөнөтүүдө

Azattyk.org 

НАТО өз аскерлерин күжүрмөн даярдыкка келтирип, Чыгыш Европага кошумча аскердик кемелерди жана учактарды жөнөтүп жатат. Бул тууралуу уюмдун баш катчысы Йенс Столтенберг 24-январда билдирди. "НАТО бардык өнөктөштөрдү коргоо үчүн керектүү чараларды көрүүнү улантууда. Анын ичинде альянстын чыгыш бөлүгүн күчтөндүрүү аракеттери бар", - деп белгиленген Столтенбергдин билдирүүсүндө. Маалыматка ылайык, альянс Балтика деңизиндеги аскердик күчтөрүн бекемдеп жатат. Уюмга мүчө айрым мамлекеттер аскерлерин... Читать дальше...

Журналист менен төкмөнүн кармалышы: суроо жараткан жагдайлар

Azattyk.org 

Иликтөөчү журналист Болот Темиров жана төкмө акын Болот Назаровдун окуясы жалпы журналисттердин ишмердүүлүгүндөгү укук жана коопсуздук маселесин күн тартибине чыгарды. Ал ортодо ички иштер министри Улан Ниязбеков аларды кармоо жана жүрүп жаткан териштирүүлөр боюнча билдирүү таратты. Ички иштер министринин билдирүүсү "Бишкек шаарынын тургуну мекемеге арыз менен кайрылып, Болот аттуу жигит 2021-жылдын 25-октябрынан бери өзүн жана досторун баңгизат колдонууга мажбурлап жатканын, Бишкектеги Лонгвиненко... Читать дальше...

Токойлорду калыбына келтирүү үчүн грант берилет

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун Азык түлүк жана айыл чарба программасы өлкөдөгү токойлор менен жайыттарды калыбына келтирүү, климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу үчүн Кыргызстанга 29 миллион доллардан ашуун грант берет. Бул тууралуу 24-январда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында айыл чарба министринин орун басары Нурлан Шерипбаев билдирди. "Гранттын жалпы суммасы 29 миллион 900 миң доллар, долбоордун мөөнөтү жети жыл. Жыйынтыгында Кыргызстандагы алты миң гектар токой... Читать дальше...

ИИМ: Акынды колдоп чыккан активисттер шаардагы мушташка байланыштуу кармалган

Azattyk.org 

Милиция иликтөөчү журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаровду колдоп, тынч митингге чыккан Нургазы Шайлообеков менен Айбек Назаркуловдун кармалып, кайра коё берилиши боюнча түшүндүрмө берди. Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, активисттер Бишкектин Чүй проспектиси менен Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишинде катталган мушташка байланыштуу кармалышкан. "Коомдук тартипти бузгандар милиция бөлүмүнө жеткирилген. Факт маалыматтарды каттоо журналына киргизилген. Читать дальше...

ИИМ журналист Темировго байланыштуу кылмыш иши боюнча билдирүү таратты

Azattyk.org 

Ички иштер министри Улан Ниязбеков иликтөөчү журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаровду кармоо жана ага карата жүрүп жаткан териштирүүлөр боюнча билдирүү таратты. Анда министр "Бишкек шаарынын тургуну мекемеге арыз менен кайрылып, Болот аттуу жигит 2021-жылдын 25-октябрынан бери өзүн жана досторун баңгизат колдонууга мажбурлап жатканын, Бишкектеги Лонгвиненко көчөсүндөгү 55-үйдө жайгашкан кеңседе маңзаттарды колдонууга көндүрүү болуп, ага карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранганын жазды", - деп билдирди. Читать дальше...

Алматыда тополоңдо сабалган Сыдыковго операция жасалат

Azattyk.org 

Казакстандын Алматы шаарындагы башаламандыктарда кармалып, катуу сабалган кыргызстандык жаран Чолпонбек Сыдыковго 1-2 күн ичинде операция жасалат. Бул тууралуу анын дарыгери, Бишкектеги Травматология жана ортопедия борборунун бөлүм башчысы Убайдилла Насиров "Азаттыкка" билдирди. Анын сөзүнө караганда, Сыдыковдун сынган буттарына Казакстанда гипс гана салынган: "20-январь күнү Алматы шаарынан "Тез жардам" менен алып келинген Чолпонбек Сыдыковдун абалы оор болчу. Жандандыруу бөлүмүнө жаткырганбыз. Читать дальше...

Байсалдын киши колдуу өлүмү: 12 жылга созулган сот иши

Azattyk.org 

Кыргызстандын Жогорку соту 12 жыл мурунку адам өлүмү боюнча ишти кайра кароону Майлуу-Суу шаардык сотуна жиберди. Анда 19 жаштагы жигитти өлтүрүүгө шектүү үч адамдын бири - аты-жөнүн өзгөртүп алып, Орусияда жүргөн жеринен кармалган адамга карата шаардык жана облустук соттордун өкүмдөрү жокко чыгарылган. Маркумдун жакындары күнөөлүүлөрдүн толугу менен жазасын алышын талап кылууда. Айыпталып жаткан тараптан комментарий алууга мүмкүн болгон жок. "Уулум ур-тепкиден өлүптүр" Майлуу-Сууда 2010-жылы... Читать дальше...


Музыкальные новости
Пётр Чайковский

В Клину состоится праздничная программа в честь дня рождения Чайковского





Rss.plus
Арцах

По запросу Баку в Москве незаконно был задержан известный российский политолог Михаил Александров




Более тысячи человек посетили субботник у реки в Химках

Более 1100 школьников участвовали в олимпиаде по русскому языку в Туркмении

Более 14 тысяч школьников Ступино приняло участие в Дне добрых дел

Подмосковье сохранило лидирующие позиции по открытости бюджетных данных




Британия Украинадагы айрым дипломаттарын чыгарып кетет

Azattyk.org 

Улуу Британия менен АКШ Киевдеги айрым дипломаттары Украинадан чыгып кетерин жарыялашты. Британиянын Тышкы иштер министрлиги Киевдеги британ элчилигинин айрым кызматкерлерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн чыгарып кетүү чечими "Орусиядан коркунуч көбөйүп жатканына" байланыштуу кабыл алынганын 24-январда билдирди. Андан бир күн мурда АКШнын Мамлекеттик департаменти Киевдеги элчиликте иштеген дипломаттардын үй-бүлөлөрүнө өлкөдөн чыгып кетүүнү сунуштаган. Департаменттин расмий өкүлү Орусия украин... Читать дальше...

Комитет Сауд Арабиядагы элчи кызматына Мариповдун талапкерлигин жактырды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчиси кызматына мурдагы премьер-министр Улукбек Мариповдун талапкерлигин бир добуштан колдоду. Депутаттар экономикалык байланыштарды арттыруу, туристтердин агымын көбөйтүү сыяктуу сунуштарды айтышты. 43 жаштагы Улукбек Марипов 2021-жылдын февраль айынан октябрга чейин өкмөттү жетектеген. Сауд Арабиядагы азыркы элчи Абдилатиф Жумабаев 2019-жылдан бери иштейт. Кыргызстан менен... Читать дальше...

Дача СУ: 5 жыл мурунку кырсыктан кийинки турмуш

Azattyk.org 

2017-жылдын 16-январында Бишкектин четиндеги "Манас" эл аралык аба майданынын жанындагы Дача СУ конушунда учак кыйраган. Каргашада 35 жергиликтүү тургун жана төрт учкуч курман болгон. Дача СУдагы кырсыктан кийин "Манас" аэропортунун айланасындагы калктуу конуштардын маселеси көтөрүлгөн. Бирок аэропорттун аймагына канаатташ конуштарда эл кайра көбөйүп баратканын көрүүгө болот. "Данисте" берүүсү бул жолу Дача Сунун азыркы турмушун көргөзөт.

ЖК комитети элчи кызматына Кадыркуловдун талапкерлигин колдогон жок

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Кыргызстандын Украинадагы элчиси кызматына Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик (УКМК) комитетинин мурдагы төрагасы Идрис Кадыркуловдун талапкерлигин колдогон жок. Депутаттар Кадыркуловдун УКМК жетекчилигинен кеткен себебин, атайын кызматты жетектеп тургандагы аракеттери, Украинадагы кыргызстандыктар, ал жакта билим алган студенттер тууралуу суроо беришти. Эл өкүлү Айбек Осмонов элчилик кызматка артынан жаман сөз ээрчибеген... Читать дальше...

АКШ Кыргызстанга дагы 149 миң доза Pfizer вакцинасын берди

Azattyk.org 

Америка Кошмо Штаттары Кыргызстанга 149 760 доза Pfizer вакцинасын берди. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы элчилиги билдирди. Вакцинаны жеткирүү эл аралык COVAX программасынын алкагында ишке ашкан. "Коопсуз жана натыйжалуу вакциналардын болушу пандемияны токтотуу үчүн абдан маанилүү. Бул вакциналар кыргызстандыктардын өмүрүн коргоого жана вирустун жаңы кооптуу штаммдарынын жайылышын алдын алууга жардам берет деп ишенем”, - деди АКШнын убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер. Саламаттык... Читать дальше...

Казакстанда тополоң маалындагы кыйноого байланыштуу жети иш катталды

Azattyk.org 

Казакстанда январь окуялары маалындагы кыйноо фактылары боюнча сотко чейинки жети иш катталды. Бул тууралуу 24-январда өлкөнүн Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Нурдилда Ораз билдирди. Анын айтымында, кыйноого байланыштуу дагы 20дай иш боюнча кызматтык иликтөө башталды. Ушул тапта Казакстанда январь айынын башындагы нааразылык жана башаламандыктан кийин кармалган 711 адам камакта отурат. Эки күн мурда өлкөнүн Башкы прокуратурасы январь окуясына байланыштуу 819 кылмыш иши тергелип жатканын... Читать дальше...



Москва

Подмосковные проекты победили в Международном профессиональном конкурсе НОПРИЗ на лучший проект – 2023


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: Москва взяла Гран-при премии «Умный город» за цифровизацию горхозяйства



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Александр Розенбаум

«Это не бомжовые заведения»: 72-летний Александр Розенбаум зарабатывает миллионы на пивном бизнесе




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Шествие трубачей и уроки танцев: что ждет посетителей парков Москвы в майские праздники

Учитель из Бутово стала «Гуру физкультуры»

В Москве завершился Кубок России по спортивному программированию


WTA

Мирра Андреева установила новый рекорд на турнирах WTA-1000



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Путин подчеркнул важность поддержки рождаемости и многодетности



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России