Эшимканов атындагы фонд эки сынак жарыялады
Белгилүү коомдук ишмер, журналист, публицист Мелис Эшимкановдун 60 жылдыгын утурлай эскерүү иш-чараларынын алкагында эки чыгармачыл сынак жарыяланды. Бул тууралуу Эшимканов атындагы коомдук фонддон кабарлашты. Фонддун маалыматына караганда, биринчи сынакка Кыргызстандын бардык жогорку окуу жайларынын журналистика факультеттеринин студенттери катыша алат. “Кыргыз журналистикасынын эртеңи” деген темада кыргыз жана орус тилинде эссе жазып, мыкты деп таанылган студенттерге жалпы байге фонду 50 миң сом түзгөн сыйлыктар тапшырылат. Читать дальше...