Депутат Исатбек кызы мектепти сындаган бүтүрүүчү коркутууга кабылганын билдирди
Парламенттин Социалдык саясат комитетинин 20-июндагы жыйынында "Ынтымак" фракциясынан депутат Аида Исатбек кызы Сузактагы мектептердин биринде окутуунун сапатын сындаган, бирок көп өтпөй эле кечирим сураган бүтүрүүчү тууралуу маселе көтөрдү. Депутат билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбековага суроо берип жатып, ал бала коркутууга кабылганын айтты. "Ал баланы чынында аябай катуу коркутуп коюшуптур. Биз ага телефон чалсак "мен байланышпай эле коеюнчу, мага катуу басым жасап жатышат" деп айтты. Читать дальше...