Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Июль
2022

Новости за 01.07.2022

Саясатчы Равшан Жээнбеков сурактан чыкты

Azattyk.org 

Саясатчы Равшан Жээнбеков 2-июлга караган түнү саат 2ден өткөндөн кийин сурактан чыкты. Ал Кыргызстандын тышкы карызына байланыштуу социалдык тармактарга жазган посту үчүн суракка чакырылганын Бишкектеги Ленин райондук милициясынын имаратынын алдына чогулган тарапкерлерине жана журналисттерге айтты. “Ал жерде эч кандай жалган маалымат, эч кандай туура эмес маалымат жок. Тергөөчүлөр мени суракка алышты. Башка суроолор жок экенин, үйгө кете берсем болорун айтышты”, - деди Жээнбеков. Жээнбеков 1-июлдун... Читать дальше...

Өзбек бийлиги Каракалпакстандагы митинг боюнча үн катты

Azattyk.org 

Өзбекстандын Ички иштер министрлиги Каракалпакстан республикасынын борбору Нукус шаарындагы 1-июлдагы митингдер боюнча үн катып, жарандардын жүрүшүнө «конституциялык реформалардын туура эмес чечмелиниши» себеп болгонун билдирди. «Учурда коомдук тартип калыбына келтирилди. Жарандар менен мыйзам бузууга жол берилбей турганы жөнүндө түшүндүрүү жана алардын кайрылууларын тиешелүү тартипте кароо боюнча иштер жүргүзүлүүдө», - деп белгиленген министрликтин Телеграмдагы билдирүүсүндө. Анда митингге чыккандардын... Читать дальше...

Меккеге ажылыкка жүз миңдеген зыяратчылар келе баштады

Azattyk.org 

1-июлда тарта Сауд Аравиянын Мекке шаарына дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүнөн жүз миңдеген зыяратчылар келе баштады. Коронавирус пандемиясына байланыштуу Сауд Арабиясы 2020-жылы ажылык зыяратты убактылуу токтоткон. Соңку эки жылда Сауд Аравиянын жарандары гана уруксат берилип келген.  Падышачылыктын бийлиги быйыл 18-65 жашка чейинки, өнөкөт оорулары жок, коронавируска каршы эмделген бир миллион адамга гана ажылыкка келүүгө уруксат берди. Ажылык амалдары 7-июлда башталат. Кыргызстандын жарандарына ажылыкка барууга 2766 квота бөлүнгөн. Читать дальше...



Орусиядагы элчилик мигранттарды этият болууга чакырды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул өлкөдөгү кыргызстандыктарга кайрылып, орус өкмөтү миграциялык көзөмөлүн күчөткөнүн, андыктан мыйзам бузбай, этият болууга жана бийлик өкүлдөрүнө урматтоо менен мамиле жасоого чакырды. Элчиликтин сайтына 1-июлда жарыяланган кайрылууда кылмыш жасагандар сөзсүз жазага тартыларын унутпоо керек экени, документ жасап берем деген ортомчуларга кайрылбай, жашаган жери боюнча 30 күндөн ашырбай миграциялык каттоого туруу, жумуш берүүчү менен эмгек келишимин түзүү, тийиштүү... Читать дальше...

Тажикстанда эки баласы менен дарыяга боюн таштаган келиндин өлүмү иликтенүүдө

Azattyk.org 

Тажикстандын Согди облусунда сөөктөрү Сырдарыянын жээгинен табылган келин жана анын эки баласынын өлүмү иликтенүүдө. Күбөлөрдүн айтымында, Санъат Гаффорова аттуу жергиликтүү аял алты жашар уулу жана беш айлык кызы менен сууга боюн таштаган. Окуя 30-июнда таңкы саат жетилерде болгонун Өзгөчө кырдаалдар комитети кабарлады. Келиндин жакындары жана кайындары журналисттер менен сүйлөшүүдөн баш тартышты. Маалыматтарга караганда Гаффорованын күйөсү жакында эле Орусияга иштегени кеткен. Тажикстанда буга чейин да ушуга окшош окуялар болгон. Читать дальше...

Равшан Жээнбеков аны милицияга алып кетишкенин билдирди

Azattyk.org 

Саясатчы Равшан Жээнбеков милицияга жеткирилгенин 1-июлдун кечинде "Азаттык" радиосуна билдирди. Ал төрт милиционер аны райондук ички иштер башкармалыгына алып барганын айтууда: "Бүгүн Таластан келгем. Келсем үйдүн жанында турушуптур. Азыр төрт милиционер мени Ленин райондук милициясына алып келишти", - деди ал. Саясатчынын айтымында, аны Фейсбукка жазган посту үчүн кармашкан.  Равшан Жээнбеков 2019-жылы Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, камакка алынган. 2020-жылы парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда бошотулган. Читать дальше...

Балдар омбудсмени зомбулук тууралуу айтылган интернатка барды

Azattyk.org 

Кыргызстандын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева балага зомбулук көрсөтүлгөнү тууралуу маалыматка байланыштуу Чүйдүн Беловодское айылындагы Балдардын психоневрологиялык стационарына барды. Бул тууралуу 1-июлда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Москва райондук милициясынын кызматкерлери медициналык экспертиза жүргүздүрүп, баланын денесине залака тийбегенин аныкташкан, мекеменин жамааты да зомбулук болбогонун айтып берген. ... Читать дальше...

Чүйдө жолдо тапанчадан атылган октон адам каза болду

Azattyk.org 

Чүйдө милиция автожолдо тапанчадан атылган октон адам каза болгон окуянын чоо-жайын териштире баштады. Облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, окуя бүгүн 1-июлда Бишкек–Торугарт автожолунун 69-чакырымында болгон. 47 жаштагы эркек киши “Тез жардам” барганча көз жумган.   Милициянын версиясы боюнча, эртең менен Токмок шаарында 33 жаштагы келин бараткан жерине жетип алуу үчүн аялдамага чыгып, жолдогу машиналардын бирине отурган. Машинанын айдоочусу ыдык көрсөткөнүнөн ал агасына телефон чалып... Читать дальше...



Келин образында таанылган блогерлер

Azattyk.org 

Кыргызстанда соңку кездери келин образы менен таанылган блогерлер пайда болду. Аларга күйөрман болуп, контентин күтүп көргөндөрдүн да катары калың. Айылдагы турмуш менен блогерликти айкалыштыруу түйшүкпү? Келин блогерлер интернеттеги аудиториясын кантип чогултту? "Азаттык+" бул суроолорго жооп издеди.

Зомбулукту ашкерелеген спектакль

Azattyk.org 

Зордук-зомбулукка кабылган аялдардын окуялары, алардын коомдон өз ордун табуу үчүн күрөшү дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө көйгөй бойдон калып келет. Түрк драматургу Тунжер Жүженоглу бул көрүнүштү баяндаган "Аялдар баш калкалоочу жай" спектаклин Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын жамааты сахналаштырды.

Жалал-Абад: ууланууга себеп болгон тез татымдар

Azattyk.org 

Жалал-Абад шаарында төрт күндө тез татым жайларынын тамагына ууланган элүүдөн ашуун жаран ооруканага түштү. Бейтаптардын ичинде кош бойлуу келин жана балдар бар. Жапырт уулануудан кийин шаардагы тез татым жасаган жайлар текшериле баштады. 28-июнда Жалал-Абад шаарындагы “Ага-ини" тез татым жайынан шаурма жеп, ууланган адамдардын саны 40ка жетти. Алардын бири Асылбек Нурланов учурда ооруканада жатат. Ал ушул жайдан 28-июнда шаурма жегенден кийин ден соолугу начарлап ооруканага кайрылган. "Дүйшөмбү күнү иним менен шаурма жегенбиз. Читать дальше...

Түркияда "Немис толкуну" жана "Америка добушу" медиаларынын сайттары блоктолду

Azattyk.org 

Түркияда «Немис толкуну» (DW) жана «Америка добушу» (VOA) медиаларынын сайттары блоктолду. Радио жана телевидение боюнча жогорку кеңеш түшүндүргөндөй, жыл башында кабыл алынган чечимге ылайык, Түркиядагы эл аралык маалымат каражаттары жергиликтүү лицензия алыш керек. Маалыматка караганда сөз болуп жаткан медиалар шарттарды аткарышкан эмес. 30-июнда Анкара соту бул чечимди бекемдеген. «Немис толкуну» буга каршы доо арыз менен кайрыларын билдирди. Медианын башкы директору Петер Лимбургдун айтымында... Читать дальше...

Орусияда коронавируска байланышкан бардык чектөөлөр алынды

Azattyk.org 

Орусияда коронавируска байланыштуу киргизилген баардык чектөөлөр толук жоюлду. Тиешелүү токтомго 1-июлда Роспотребнадзордун башчысы Анна Попова кол койду. Ага ылайык, бет кап тагынуу режими жоюлат, тамактануучу жайларга түнкүсүн да иштөөгө уруксат берилет. Ошондой эле жапырт иш-чараларды жана митингдерди өткөрүүгө болгон чектөөлөр алынат. Мекеменин маалыматына караганда, учурда коронавируска чалдыккандардын 93% оорунун жеңил көтөрүшүүдө. Орусияда пандемияда башталганы коронавирустан расмий 380 миң киши көз жумду. Читать дальше...

Төрөттөн кийин абалы начарлаган келин боюнча экспертиза бүтө элек

Azattyk.org 

Бишкек шаардык милициясы төрөттөн кийин ден соолугу начарлаган келиндин иши боюнча соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыга электигин билдирди. Бишкектеги №4 Төрөт үйүнүн операция жасаган дарыгерлеринин үстүнөн жазылган арыз Октябрь райондук милициясында каттоого алынып, кийин "кылмыштын курамы жок" деген негизде териштирүү токтотулган. Кийин жабыркаган тарап шаардык милицияга кайрылган. “Кылым шамы” укук коргоо борборунун кийгилишүүсүнөн кийин кайрадан кылмыш иши жанданып, иш прокуратуранын кароосуна алынды. Читать дальше...

Туйгунаалы Абдраимов тергөөчүнүн өтүнүчү менен үй камагына чыкты

Azattyk.org 

Бүгүн, 1-июнда Биринчи май райондук сотунда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мурдагы төрагасы, саясатчы Туйгунаалы Абдраимовдун баш коргоо чарасы каралып, үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу анын адвокаты Таалайгүл Токтакунова “Азаттыкка" билдирди. Адвокаттын айтымында, Абдраимовго козголгон эки кылмыш иши бириктирилип, УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен сот үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган. Туйгунаалы Абдраимов өзүнө козголгон кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшүндө 11,2 гектар жер тилкесин... Читать дальше...

Жапырт уулануудан соң Жалал-Абаддагы тез татым жайлары текшерилүүдө

Azattyk.org 

Бүгүн, 1-июлда Жалал-Абад шаардык мэриясы менен оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери , тиешелүү мекеме-ишканалардын өкүлдөрү калаадагы тез татым түйүндөрүндөгү санитардык абалды текшерип жатат. Текшерүүнүнүн жүрүшүндө бир катар тез татым жайларында санитардык эрежелер толук сакталбаганы, төрт түйүндүн кызматкерлеринин санитардык китепчелеринин жоктугу жана азык-түлүктөрдүн сактоо эрежелери талапка жооп бербегени аныкталды. Аларга 3 миңден 7,5 миң... Читать дальше...

Ош – Ысык-Көл аба каттамы жанданды

Azattyk.org 

Быйылкы жайкы сезондо Оштон Ысык-Көлгө каттаган алгачкы учак бүгүн 1-июлда Тамчы айылындагы «Ысык-Көл» эл аралык аэропортуна конгонун "Манас" аэропортунун басма сөз кызматы билдирди. Бүгүн Оштон 100 жүргүнчү көлгө учуп барды, 96 жүргүнчү Ошко учуп кетти. “Тез Жет” компаниясы Ош-Тамчы-Ош каттамы боюнча ишембиден тышкары башка күндөрү күн сайын каттап турары маалымдалды. Бул аба каттамы 2015-жылы июль айында башталган. Ошондон бери жыл сайын жайкы туристтик сезон учурунда - июнь-сентябрь айларында иштейт. Читать дальше...

Бишкектин мурдагы башкы архитектору кармалды

Azattyk.org 

Бишкектин башкы архитектура мекемесинин мурдагы жетекчиси жемкорлукка шектелип кармалганын 1-июлда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди. Комитеттин маалыматына караганда, борбор калаанын мурдагы башкы архитектору (кыскартылган аты-жөнү А.К.К.) «Бишкекбашкыархитектура» башкармалыгын жетектеп турганда кызмат абалынан пайдаланып, жеке кызыкчылыктарын көздөп, мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы келген чечимдерди кабыл алып, Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдү жана административдик... Читать дальше...

Тажикстанда "Комиссия 44түн" мүчөлөрү соттолду

Azattyk.org 

Тажикстанда “Комиссия 44” кыймылынын эки мүчөсү 18 жылга эркинен ажыратылды.  Хужамри Пирназаров менен Шафтолу Бекдавлатовдун үстүнөн мындай өкүмдү Дүйшөмбү шаардык соту 29-июнда чыгарды. Аларга “уруксат берилбеген митинг уюштурган” деген айып коюлганын санаалаштары билдирүүдө. Бирок сот дагы, прокуратура дагы азырынча комментарий бере элек. Аталган кыймылды Тоолуу Бадахшандагы окуяларды иликтөө максатында жарандык коомдун өкүлдөрү түзгөн.  Пирназаров менен Бекдавлатовдун 18 жылга камалганы тууралуу “Азаттыктын” тажик кызматы ... Читать дальше...


Музыкальные новости
Певец

Певец Андрей Губин дал интервью в маске и заявил, что стал очень плохо выглядеть





Rss.plus
Спартак

Тренер "Спартака" Слишкович заявил, что доволен ничейной игрой против ЦСКА




Против лидера группы «Автоспорт» Ванюкова возбудили дело о дискредитации ВС РФ

Из-за ливня в Москве возможны задержки наземного транспорта и изменения его маршрутов

В Московской области сотрудники Росгвардии задержали подозреваемого в незаконном обороте наркотиков

Минобрнауки: 12 университетов расторгли договоры с коммерческими партнёрами




«Талибандын» лидери алгачкы ирет Кабулдагы жыйынга катышты

Azattyk.org 

"Талибан" кыймылынын өкмөтүн жетектеген Мавлави Хайбуатулла Ахундзада 1-июлда Кабулда өтүп жаткан «Диниятчылардын чоң жыйынына» катышты. Ал баарын Ооганстандагы «жеңиш» менен куттуктады. Бул Ахунзаданын алгачкы жолу коом алдына ачык чыгуусу болуп калды. Октябрга чейин ал такыр элге көрүнчү эмес. Ахунзада «Талибандын» башына 2016-жылы келген. Үч күндүк жыйындын катышуучулары катаал тандоодон өтөт. Ал жакка этникалык жана диний азчылыктардын өкүлдөрү жана аялдар катыша алышпайт. Буга чейин өкмөт... Читать дальше...

Мектеп директорлоруна эмнеге сын көп?

Azattyk.org 

Учурда билим берүү тармагын реформалоо өкмөттүн да, коомчулуктун да көнүлүндөгү негизги маселелердин бири болууда. Бүгүн биз коомчулуктун назарын айрыкча буруп жаткан мектептеги билим берүүнүн жана мектепти башкаруунун оош-кыйыштарын “Азаттыкта” “Арай көз чарай” талкуулайбыз. Мектепте билим берүү тармагы кандай реформага муктаж? Мектеп директорлору эмне үчүн сынга кабылып жатат жана директорлор эмнеге нааразы? “Билим берүү жөнүндөгү” жаңы мыйзам долбоору коомчулуктун талабына шайкешпи? Биз ушул жана башка суроолорго жооп издейбиз.

Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө мыйзам кабыл алынды  

Azattyk.org 

30-июнда Жогорку Кеңеште Экономика жана коммерция министрлиги демилгелеген “Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралып, үч окууда добуш берилди. Жыйында баяндама жасаган экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекова белгилегендей, мыйзам долбоору креативдүү ишкердик менен алектенгендердин ишинин өзгөчө режиминин иштеши үчүн укуктук негиздерди түзүү максатында демилгеленген. Аталган мыйзам өкмөт менен жеке сектордун чыгармачыл өнөр жайды эл аралык рынокто алга сүрөшүнө көмөкчү болот. Читать дальше...

Өзбекстанда түрмөдөн чыккандарга 845 доллар берилет

Azattyk.org 

Өзбекстанда түрмөдөн жазасын өтөп чыккандарга мамлекет материалдык жардам көрсөтөт. Тиешелүү токтомго президент Шавкат Мирзиёев кол койгонун Юстиция министрлиги билдирди. Документке ылайык, социалдык-материалдык жардам жабык жайдан чыккан адамдын кадимки жашоого аралашып кетишине көмөк көрсөтүүгө багытталган. Ал 845 доллар өлчөмүндөгү каражатты өзүнүн бизнесин түптөп, өнүктүрүп кетүүгө сарпташы зарыл. Бул сумманы кимге беришти атайын түзүлгөн комиссия чечет. Ал үчүн каалоочулар бизнес-пландын долбоорун үч ай ичинде тапшырышы зарыл. Читать дальше...

ДСУ Кыргызстанга инсулин жеткирип берди

Azattyk.org 

Кыргызстанга гуманитардык жардам аркылуу инсулин жеткирилди. Бул маалыматты 1-июлда “Азаттык” радиосуна Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы тастыктап, жардам Дүйнөлүк саламаттык уюмунан келгенин билдирди. Азырынча анча көп эмес партия келгени, бирок жакында дагы жеткирилери, андыктан инсулин менен камсыздоо үзгүлтүккө учурабай турганы маалымдалды. Инсулин менен камсыз кылуу быйыл февраль айында тендер үзгүлтүккө учурагандыктан кармалып, көйгөй жаралган. Кант диабетинен жабыркагандар... Читать дальше...

Казакстан Африка мамлекеттерине тынчтыкты орнотуучу күчтөрүн жиберет

Azattyk.org 

Казакстандын парламенти Улуттар Уюмунун тынчтык орнотуучу миссияларындагы казакстандык аскерлерлин санын кеңейтүү тууралуу президенттин сунушун жактырды. Ага ылайык, Казакстанын куралдуу күчтөрү БУУнун Түштүк Африка республикасы, Мали, Конго жана Ливандагы миссияларына катыша алышат. Коргоо министри Руслан Жаксылыков билдиргендей, буга чейин деле Казакстандын аскерлери тынчтыкты жана коопсуздукту камсыздоо боюнча эл аралык милдеттенмелерин аткаруу максатында ар кандай миссияларга катышып келишкен. Читать дальше...



Москва

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: Москва взяла Гран-при премии «Умный город» за цифровизацию горхозяйства



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Александр Розенбаум

Певец Розенбаум похвастался возрождением сети советских пивных в Петербурге




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Команда подмосковного главка Росгвардии заняла призовое место на чемпионате Центрального округа по стрельбе из боевого ручного стрелкового оружия

Андрей Мидловец выиграл якутский финал на первенстве России

В Московской области прошел чемпионат Центрального округа Росгвардии по стрельбе из боевого ручного стрелкового оружия


Новак Джокович

Кто отец Дианы Джокович?



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Настроение

Тихий вечер...



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России