Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Пакистанда адамдарга ВИЧ жуккан окуяны иликтейт
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун кызматкерлери Пакистандын түштүгүндөгү массалык ВИЧке чалдыгуу окуясын иликтөөгө киришти.
Бул тууралуу Синд провинциясынын ВИЧке каршы күрөшүү боюнча программасынын директору Сикандар Мемом «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна билдирди.
Аталган провинциянын Ларкана районундагы Ратодеро шаарчасында жергиликтүү дарыгердин айынан ВИЧке чалдыккандардын саны 725ке жетти, анын 590у балдар. Мемон апрель айынан бери дарыгерлер 25 миң адамды атайын текшерүүдөн өткөргөнүн кабарлады.
Бийлик жергиликтүү дарыгер Музаффар Гангаро бир ийнени ондогон бейтаптарга колдонгону үчүн вирус көп кишиге жайылып кеткенин билдирип жатат. Апрель айында бул шаарчада ондогон адамдарга вирус жукканы аныкталгандан кийин дарыгер камакка алынган. Полиция Гангаро вирусту атайылап жайылтканбы деген версияны да иликтеп жатат.
Пакистанда 23 миңдей киши СПИДге алып келүүчү ВИЧ вирусун алып жүрөт.