Эрика Марат: Кыргыз бийлиги мурункулардын катасын кайталоодо
Кыргызстандын азыркы бийлиги мурункулардын катасын кайталап жатат. Мындай пикирин "Азаттык" радиосуна курган маегинде АКШда жашаган саясат талдоочу, Вашингтондогу Улуттук коргонуу университетинин профессору Эрика Марат билдирди.
Ал Кыргызстанда болуп жаткан азыркы саясий кырдаал жаңы оппозициячыл жүздөрдүн пайда болушуна шарт түзөт деп үмүттөнөрүн кошумчалады.
Талдоочунун пикиринде, азыркы бийлик мурункулардын каталарын кайталап, мамлекеттик институттарды бекемдөө эмес, жеке мамилелерди териштирүү менен алек болууда.
Эрика Марат активдүү жарандык коом бийликтин бир колго топтолушуна жол бербеши керек деп эсептейт.
Жогорку Кеңеш 27-июндагы жалпы жыйынында Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын корутундусун жактырды.
Атамбаевге «кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушуна, Бишкек Жылуулук электр борборун оңдоп-түзөөдөгү коррупциялык иштерге аралашкан, баш калаага көмүр жеткирүүчү компаниянын кызыкчылыгын коргогон, мыйзамсыз жер алган» деген айыптар коюлууда.
Жогоруда аталган иштердин баары Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган. (EzK)