Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Август
2021

“Калыстардын чечимин сыйлайбыз”: Токиодогу делегациянын пикири

0
“Калыстардын чечимин сыйлайбыз”: Токиодогу делегациянын пикири

Токиодо өтүп жаткан Олимпиадада кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограмм салмакта мелдешке чыкккан Айпери Медет кызы алдыда (2-август) коло медал үчүн күрөшөт.

Кыргызстандык күйөрмандар арасында жарым финалдагы беттеште калыстык болбой калды деген нааразылыктар айтылды. Бул боюнча Токиодо жүргөн Кыргызстандын олимпиадалык делегациясынын башчысы, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин спорттогу жетишкендиктерди анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Марат Аскарбековдун пикирин сурадык.

- Марат мырза, саламатсызбы. Олимпиаданын сегизинчи күнүндөгү мелдештер кыргызстандык спорт күйөрмандарын бир топ ызалантып койду окшойт. Айпери Медет кызынын жарым финалдагы беттешине сиздердин реакция кандай болду?

-Негизи алгач бизде дагы ошондой сезим болду. Анан кайра башкы машыктыруучу челленж берип, кайра кайталоону көрүштү. Кайталоону көрүп, калыстар ал жерде упай жок экенин тастыктап, ошондой чечим чыгарышты. Биз эми калыстардын чечимин сыйлайбыз. Анткени, калыстар дагы бүт дүйнө жүзүнөн тартылып келген күчтүү калыстар.

- Ушундай кырдаал тузүлүп калса, жыйынтыкка нааразылык билдирип кайрылганга болобу?

- Жыйынтыкка нааразылык билдирип кайрылды да. Машыктыруучу челленж берип, кайрылды. Ошол нааразылык билдирүү. Аны карашты, бирок канааттандырышкан жок.

- Айпери кайра коло медал үчүн күрөшкө чыгат эмеспи. Сиз өзүңүз жолуккан жоксузбу, маанайы кандай экен?

-Мындай убакта биздин жолукпай эле койгонубуз туура. Машыктыруучулар өздөрү сүйлөшүп, маанайын көтөрүп, көрсөтмөлөрдү беришет да.

- Эртең, 2-августта кыргызстандык үч балбан мелдешке чыкканы турат. Албетте, эми жыйынтыкты беттештер көрсөтөт. Токиого баргандан кийинки машыгуулары кандай болуп жатат? Пандемия шартында өтүп жаткандыктан шарттар кандай болду экен деген суроо жаралбай койбойт тура.

- Күрөш өтө турган аренада жакшы шарттар түзүлүп, машыгуу залдары бар. Ал жерде 12 килем төшөлгөн. Аябай жакшы шарттар менен балдар машыгып жатат. Бүгүн дагы балбандарыбыз машыгууга келишти. Бул жакта балдардын машыгуусу, даярдыгы жакшы. Болгону балдарга ийгилик гана тилеп турабыз. Кандай болорун килем көрсөтөт.

Жарым финалга чейин Айпери эки беттеш өткөрдү. Алгач казакстандык Элмира Сыздыкованы 6:1 эсеби менен жеңди. Чейрек финалда олимпиада чемпиону, Орусиянын Олимпиада комитетинин атынан катышып жаткан Наталья Воробьеваны 12:0 эсебинде утуп алган.

22 жаштагы Айпери Медет кызы жаштар арасындагы дүйнө чемпиону (2017-ж.). Кыздар (кадеттер) арасында Азия чемпионатынын күмүш (2015-ж.), алтын (2016-ж.), дүйнө чемпионатында күмүш (2016-ж.) байгелерин алган.

23 жашка чейинки кыздар арасында дүйнө чемпионатынын коло медалын тагынган. Дүйнө кубогунда 3-орунду ээлеген (Белград, 2020-ж.).





Губернаторы России
Москва

Собянин: Проект "Давай друЖИТЬ" помогает исполнять заветные мечты детей





Москва

Как подобрать запчасти на китайские авто?


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: Проект "Давай друЖИТЬ" помогает исполнять заветные мечты детей



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Карди Би

Между Карди Би и рэпершей BIA начался биф




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Источник 360.ru: птенцов придавило тренажером во дворе дома в Москве

Ролан Гаррос. Расписание 2 июня. Потапова и Швентек сыграют первым запуском, Синнер – последним

"Евро-Футбол.Ру": "Спартак" не будет подписывать камерунского форварда Абубакара


Ролан Гаррос

Прямая трансляция матча Рыбакиной с победительницей четырех "Больших шлемов"



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Как подобрать запчасти на китайские авто?



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России