Сары-Моголдогу жайма базар
Алай районунун Сары-Могол айылында ар бейшемби күнү жайма базар болот. Ал айылдын так ортосунда жайгашып, Ош шаарынан да соодагерлер барышат. Базарда турмуш тиричиликке пайдаланган буюм-тайымдардан тарта азык-түлүккө чейин сатылат.