Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Август
2021

Мен билген Султан Жумагулов

0
Мен билген Султан Жумагулов

Белгилүү публицист, журналист, мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов 2018-жылдын ортосунда Анкарага келип калды.

Көрсө ооруп, дарыланганы келген экен. Мен ал кезде Түркияда окуп жүргөм, кээде элчиликтин котормо иштерине кол кабыш кылчумун. Ошентип Султан Жумагулов менен ооруканага чогуу каттап жүрүп, өмүрүнүн соңку күндөрүнө жакындан күбө болуп калдым.

Баса, блогду жазардын алдында кызы Айгеримден тактап сурадым. Паспортунда башка дата жазылганы менен Султан агай жарык дүйнөгө келген күн 11-август экен. Жыл сайын ушул күндү үй-бүлөсүнүн кашында тосконун билдим.

Көрөгөчтүк

Ооруканада убакыт кеңири эмеспи. Агай айрыкча менин диний сабаттуулук тууралуу көз караштарымды жактырчу.

"Эй жигит! Бул ойлоруңду жазбайсыңбы? Мен өзүм бир көздөн өткөрүп, стилин оңдоп "Азаттык" радиосунун сайтына чыгарып берейин. Элге жетиш керек бул ойлор!", - деп калды бир ирет.

Ал учурда мен медиа менен кызматташууга маани бербепмин. Анын кажети барбы дегендей жооп кылсам, "Мунун күчүн кийин сезесиң" дегени эсимде. Бир-эки күн кашаңдык кылдым, агай кайра-кайра эске салып камчылап жатты. Анан мурда жарым-жартылай жазган макалаларымды таап, алып келдим.

Ошондо химиялык терапия алгандан кийин эки макаламды бириктирип бир блог чыгарды. "Азаттыкты" деле жаңы автордун диний маңыздагы макаласы чочутту окшойт башта. Агай редакция менен бир-эки жолу телефон аркылуу сүйлөштү. Ошентип диний темада жазган автор катары тушоом кесилген.

Султан агай коомдук маселелерге кайдыгер карабаган киши болчу. Өлкөдөгү диний маанайдын жаңылыш багытка бет алганын өкүнүч менен айтып калчу. Диний жааттагы агартуу иштерин азыртадан баштоо маанилүү деп эсептечү.

Өзү химиялык терапия алып, маанайы чөгүп, көңүлү айланып турганда да коомдук маселелерге маани берип, бышпай калган макалама бир канча саат убакыт бөлгөнү адамгерчилик эмей эмне?

Көрсө агай көрөгөчтүк кылган экен...

Операциядан кийин

Менимче, Султан агайдын ички дүйнөсү таза болчу. Бир ирет биопсия алды. Операциядан кийин жанына бардым. Наркоздун таасири тарабай жөөлүп жаткан экен. Догдурлар дагы бир 3-4 жаштагы баланы да алып келип, агайдын жанындагы керебетке жаткырышты. Ал дагы кээде ыйлап, кээде сооронуп чыдабай жатты. Ошондо агай:

- Ий, байкуш бала ай! Балдар оорубаса гана, баланын ооруганы жаман да, - деп башын чайкап, кейигени эсимде.

Операция жасаган догдур келгенде:

-Кыргыздардын органдары таза, узун өмүрлүү болот деп бир канча органымды алып калган жоксуңарбы?",- деп тамашалап койду. Догдур күлгөн бойдон кетти.

Наркоз тарап, өзүнө келген соң сүйлөшүп отуруп айтсам, андагы айткан сөзүнүн бирин дагы эстей алган жок. Мен ошондо агайдын өзү кыйналып жатса да балага боору ооруган алпейим мүнөзүнө баа бергем. Анткени операциядан кийин адамдын жүрөгүндө, көөдөнүндө эмне болсо ошол айтылат турбайбы. Агайдан болсо мээримге толгон сөз чыккан эле.

Мансапсыз жөнөкөйлүк

Мен котормочу болуп жүргөн үчүн эки тараптын тең оюн, маанайын билип турчумун. Бул киши ооруканага келгенде, түрк туугандар "министр келди" деп меймандостук кылды. Анын үстүнө Түркияда мамлекеттүүлүк деген түшүнүк бекем эмеспи, аткаминерлерге сый-урмат менен карашат.

Агайды келээри менен VİP палатага жаткырып, ден соолугун бир сыйра текшерүүдөн өткөрүштү. Эшигинин оозуна бир сакчы да дайындашты. Анан оорукананын ашканасынын ашпозчусу менен диетолог: "Бир топ күн бул жакта болосуз. Андыктан кандай тамактарды жактырганыңызды айтып койсоңуз, биз ошолорду бышырып берели",-деп келишиптир.

"Убара болбогула. Ооруканада эл жеген тамакты эле бергиле",- деп жооп узатты аларга. Башкы догдурдун катчысы келип:

"Кааласаңыз чачтарачыңызга чейин палатаңызга алып келип беребиз. Бир ооз сөзүңүз жетиштүү", - десе да көнбөй койду. Аларды убара кылбай өзү эле шаар жакка чыгып иштерин бүтүрүп жүрдү.

Оорукананын кызматтык унааларынан бирин сунуштаса, "уят, убара кылбайлы" деп менин жалпайган машинеме эле отуруп шаарга жөнөп кетчүбүз. Угушума караганда министр болгондон кийин да кызматтык унаадан баш тартып койгон экен.

Оорукананын эшигинде турган сакчылар менен сүйлөшүп калганда агай керек болсо Кыргызстанда да кызматтык унаадан баш тартканын айтсам, катуу таң калышты. Кыскасы, азыркы аткаминерлер арасында агайдай жөнөкөйлөр көп болсо коррупция мынчалык жайылбайт беле деп ойлойсуң.

Жашооң өзгөрдүбү?

Агай экөөбүз кээде Ат-Башыдан эт алдырып үйдөн манты түйдүрүп, кайнатма шорпо жасатып (үйдөн) жүрдүк. Кээде, мага карап туруп:

"Эй жигит, жигит. Азамат! Жолдо калбайсың! Мен сага жардам берем. Сени жакшы жерлерге көтөрөм, сендей жигиттерди колдош керек!",- деп калчу.

Бир күнү "манты жегим келди" дегенинен, бышырып алып бардым. Ошол күнү кезектеги химиялык терапиясын алган экен. Отуруп чогуу манты жеп, бир маалда узак убакытка ойлонуп туруп калды. Анан:

"Элмурат! "Азаттыкка" автор болуп сүйүнүп калдыңбы? Мага жолуккандан бери жашооң аз да болсо өзгөргөндүр ээ?", - деп сурады. Андан мурда "Сага рахмат, мага көп кызматың өттү!" дей берчү эле. Ошого жооп кылып, ошол абалында да мага жардам бергиси келген тура.

Агай, сиз менен тагдырым тогошкондон кийин жашоом жакшы жакка даана өзгөрдү. Мага окшогон бир канча адамдын жолун оң жакка буруп кеткениңизге ишенем. Сиздей адам кайдыгерликке жол бермек эмес.

Сиздин көрөгөчтүгүңүздөн улам Кыргызстанда миңдеген кишинин көз карашы жакшыга өзгөрдү десем болот. Анткени, мен жазган макалалардан улам канчалаган киши илим-билимге, акыл-эстик негиздерге таянган диний түшүнүктөр менен таанышты деп ойлойм. Албетте, азыр деле мага караңгы диний түшүнүктүн капканынан чыга албай ачуу жооп узаткандар да бар. Ошол эле маалда ыраазы болгон окурмандарым да жок эмес.

Өзүм дагы азыркы абалда ар бир жаран четте калбашы керек экенин, калемим менен болсо да Мекенге кызмат өтөө парз экенин билдим. Сиздин мага аманатыңыз ошол эмес беле...

Андыктан көңүлдү бош коюңуз. Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко, акыретиңиз абат болгон болсун! Тынч уктаңыз!

Элмурат Кочкор уулу, Түркия





Губернаторы России
Москва

Собянин рассказал, как москвичи исполняют заветные мечты детей-сирот





Москва

По делу «Крокуса» проходят 20 обвиняемых, 18 под арестом, двое под подпиской


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин поздравил победителей городского конкурса в сфере культуры и искусства



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Стас Пьеха

«Я полностью переосмыслил жизнь». Стас Пьеха поделился сокровенным




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Ролан Гаррос. Расписание 2 июня. Потапова и Швентек сыграют первым запуском, Синнер – последним

Американский боксер Глэнтон прогулялся по центру Москвы

Стали известны все участники РПЛ сезона-2024/2025


Ролан Гаррос

Бывшая российская теннисистка спела гимн Франции



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Сергей Собянин поздравил москвичей с Международным днем защиты детей



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России