Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Декабрь
2021

Текебаевге ким кол салган?

0
Текебаевге ким кол салган?

Милиция "Ата Мекен" партиясынын лидери, оппозициячыл саясатчы Өмүрбек Текебаевге кол салгандардын бирин кармап, ишти “адамды тоноо” беренеси менен тергей баштады. Ал эми Текебаевдин тарапташтары бул жөн эле тоноо эмес, коомдук ишмерге кол салуу жана "саясий буюртма" деп баалашты. Ал арада саясатчыга кол салгандардын арасында Токмок шаардык кеңешинин депутаттарынын изи көрүнө баштады.

Милиция "тоноо", оппозиция "саясий террор" катары баалаган кол салуу

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салгандардын бири 2-декабрга караган түнү кармалды. Ал Токмок шаарынын 23 жаштагы тургуну Ыбыш Эшпаев экени белгилүү болду. Шектүү милицияга жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга камалган. Эми баш коргоо чарасы аныкталышы керек. Шаардык милиция Жазык кодексинин 201-беренеси (“Адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан тоноо”) боюнча кылмыш ишин козгоду.

Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматкери Бактыгүл Акматалиева мындай маалымат берди:

“Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун 1998-жылы туулган Э.Ы. аттуу тургуну кармалган. Азыркы учурда аталган кылмыш иши боюнча башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам иш-аракеттер уланууда”.

Милиция бул окуяны “адамды тоноо” фактысы катары бааласа, Өмүрбек Текебаев өзү "саясий террор" деп баалап, окуяны ишмердиги жана шайлоого байланыштуу позициясы менен байланыштырып жатат. Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Наталья Никитенко парламентте окуяны "саясий буюртма" катары сыпаттады. Депутат бул иштин чоо-жайын билүү үчүн парламентте тиешелүү мамлекеттик органдардын маалыматын угууну сунуш кылды.

"Күч органдары телефон уурдаган кылмышкер кармалганын билдирүүдө. Алар бул окуяны уурулук катары көрсөткүлөрү келип жатат. Бирок биз бардыгыбыз кеп саясий буюртма, саясий ишмер жөнүндө болуп жатканын жакшы түшүнүп турабыз. Эртең бул ар бириңиздерге тийиштүү болуп калышы ыктымал. Сиздердин позиция жакпаганы үчүн 70тей беткапчан "азаматтар" чак түштө курчап алып, уруп-согуп атса, ал үчүн парламент, күч түзүмдөрү реакция жасабаса, анда биз бандиттик өлкөгө айланып баратканыбызды моюнга алганыбыз. Бул башаламандыкка чекит коюшубуз керек", - деди Никитенко.

Текебаевдин ишин парламентте кароону Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов да көтөрдү.

"Ата-Мекендин" лидерине 1-декабрда Бишкектеги Park Hotel мейманканасынын алдында кол салуу болгон. Саясатчынын айтымында, үч кичи автобус менен 70ке жакын адам келген жана аны алып кетүүгө аракет кылышкан. Акырында Текебаевдин телефонун жана көз айнегин тартып алышкан.

Окуя катталган учурда Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбагандардын нааразылык акциясы болуп жаткан. Өкмөт үйүнүн жанында болсо бийликти колдогондор, шайлоо таза өттү деп эсептегендер чогулуп жатканы айтылган. Бирок алардын митинги белгиленген убакытта (14:00) болбой калган.

“Кактус Медиа” сайты жарыялаган сүрөттөрдөн жоон топ адамдардын өкмөт үйү тараптан Park Hotel мейманканасын көздөй баратканын көрүүгө болот. Ал жерден Текебаев тамактанып жаткан жерге чейинки аралык 200 метрден ашпайт. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Асия Сасыкбаева жоон топ адамдар боюнча буларды айтты:

“Биз БШКнын алдындагы митингден “Ата Мекен” партиясынын штабына келе жатканда өкмөт үйүнүн жанындагы балдарды көргөнбүз. Алар Орозбеков көчөсү менен ылдый түшүп бара жатышкан. Баары спорттук кийим кийген жаш жигиттер болчу. Мен алардын Өмүрбек Текебаевге кол саларын билген эмесмин. Бул Ак үйдүн жетинчи кабатынан түшкөн буйрук. Анткени окуя болгондон кийин президент Садыр Жапаров өзүнүн "Фейсбуктагы" баракчасында Текебаев боюнча жалган маалыматты бөлүшүп, дароо өчүрүп салды. Андыктан Өмүрбек Текебаевге кол салгандар толук жазаланбайт деп ойлойм".

Президент Садыр Жапаров окуя катталган 1-декабрь күнү оппозициялык саясатчыга кол салууну көзөмөлүнө алып, Ички иштер министрлигине бул факты боюнча бардык жагдайларды иликтеп чыгууну тапшырган. Ал Өмүрбек Текебаевге карата орун алган аракеттерди жасаган адамдарды аныктоо максатында тыкыр ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүүнү жана тиешелүү чараларды көрүү керектигин айткан.

Текебаевге кол салгандар менен "Чемпиондун" байланышы

Өмүрбек Текебаев сабалган 1-декабрда Токмок шаарынын жүздөй тургуну видео кайрылуу жасап, шайлоонун жыйынтыгын тааныбай жаткан оппозициянын митингине каршы экенин билдирген. Видео Токмок шаарындагы “Мегаполис” ресторанынан тартылган. Ресторан парламенттик шайлоого Чүй-Кемин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер болгон Медербек Саккараевге таандык. Ал БШКнын баштапкы жыйынтыгы боюнча жеңишке жетти.

Токмоктуктар түшкө маал өкмөт үйүнүн жанына чогулуп, 15:30дарда болсо алардын арасында жүргөндөр "Ата Мекен" партиясынын лидерине кол салып жатат.

Токмок шаардык кеңешинин депутаты Чолпон Сыдыкова Өмүрбек Текебаевге кол салгандар Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Токмок шаарынын мэри Урмат Самаевдин балдары экенин айтып жатат. Ал Текебаевге кол салуу учурунда тартылган видеодон Токмок шаардык кеңешинин эки депутаты - Кайрат Чокеев менен Анарбек Маликовду тааныган.

"Мен видеону көргөндө өзүмдүн кесиптештеримди дароо эле тааныдым. Кайрат Чокеев деген депутат Өмүрбек Текебаевдин артында турду. Ал Токмоктун мэри Урмат Самаевдин оң колу жана шаардык кеңештеги көпчүлүк коалициянын лидери болуп эсептелет. Ал жерде дагы бир депутат Анарбек Маликов да жүргөн. Мындан тышкары Урмат Самаевдин Мики деген классташын көрө алдым. Ал дайыма жанында жүрөт. Милиция кармаган Ыбыш Эшпаев Самаевдин айдоочусу экенин айтып жатышат. Ал дагы Токмок шаарында жашайт".

Чындыгында эле Текебаевге кол салуу учурунда тартылган видеого түшүп калган Кайрат Чокеев "Бирге-Вместе" партиясы менен Токмок шаардык кеңешке шайланып келген. Анарбек Маликов болсо "Эл Биримдиги" партиясынан депутат. Экөө тең токмоктуктардын оппозицияга кайрылуусу тартылган "Мегаполис” ресторанынын ээси, бир мандаттуу округдан шайлоого катышкан Медербек Саккараевдин үгүт иштерине катышып жүргөн.

Кайрат Чокеевдин айтымында, оппозициянын митингине каршы болгондор өкмөт үйүнүн алдына жарандык позициясын билдирүү максатында келишкен.

"1-декабрда "БШКнын алдында митинг болот" деген маалыматты уккандан кийин ызы-чуу болуп кетпесин, элдик кошуун бололу деп Бишкекке келгенбиз. Өкмөт үйүнүн алдында турганыбызды көрсөңүздөр керек. Биз ал жерде элдик кошуун экенибизден кабар берген белгини күтүп жатканбыз. Аны бизге өкмөт үйүнөн алып чыгып беришмек. Анан эле өкмөт үйүнөн костюм кийген бир байке чыгып "элди чочутпай Consul деген ресторан тарапта туруп турбайсыңарбы" деди. Атайын белгини ошол жерге алып келип беребиз деди. Мындан тышкары пандемия болуп атканын айтып, медициналык беткап тагынып алышыбызды суранган. Биз макул болуп ылдый түшүп кеттик".

Бул боюнча президенттин басма сөз кызматына кайрылдык. Азырынча жооп алууга мүмкүн болгон жок.

Кайрат Чокеев өкмөт үйүнөн чыгып атайын кошуундун (ДНД) белгисин бере турган адамды тааныбай турганын айтып жатат. Анткени ал киши медициналык беткапчан болгон. Ал эми Consul рестораны менен Текебаевге кол салуу болгон Park Hotel мейманканасы бет маңдай жайгашкан. Токмок шаардык кеңешинин депутаты элдик кошуун болууну каалаган 100 адамдын ичинде чагымчылдар жүргөнүн билдирди.

"Биз чогулганда эле чоочун адамдар жүргөн. Алар Park Hotel мейманканасынын ичине кирели деп калды. Анан биз ушул жерде күтөт окшойбуз деп кирип кеттик. Кирсек эле баягы балдардын бирөө Өмүрбек Текебаев менен жакалашып кетти. Анан биз эшикке чыгып кетти. Анан эле чоочун адамдардын бирөө Текебаев менен урушуп кетип, аны уруп жиберди. Биз "тийбегиле" деп токтотуп калдык. Аны видеодон деле уксаңыз болот. Бир кезде чагымчылдар жоголуп кетти. Биз тынчтык үчүн келип Текебаевди сабап салмак белек? Ошону менен тарап кеттик".

Токмок шаардык кеңештин депутаты Кайрат Чокеев мэр Урмат Самаев менен жакын дос экенин танган жок.

“Чемпион” каймана аты менен таанымал Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Урмат Самаев 2021-жылы 26-августта Токмок шаарынын мэри болуп шайланган. Анын талапкерлигин шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция көрсөткөн. Анын лидери жогоруда айтылгандай - Кайрат Чокеев. Мэрди шайлоо дээрлик үч саат кечигип башталган. Буга депутаттар чогулбай, кворум жок болуп жатканы себеп болгон эле. Кайра Чокеев Токмоктогу мэр шайлоону чагылдырганы барган "Азаттыктын" кабарчысына пикирин билдирип, Урмат Самаевге ишенерин, анын крим чөйрө менен байланышы жок экенин айткан.

Депутат Аида Касымалиева 2020-жылы 10-октябрдагы премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровду дайындоо боюнча кезексиз жыйында Урмат Самаев депутаттарды коркутканын билдирип чыккан. Самаев Касымалиеванын билдирүүсүн төгүндөгөн.

Мэр Самаев Өмүрбек Текебаевге кол салган адамдар менен байланышы жок экенин айтат.

“Мен Токмок шаарындагы жаштардын 80% тааныйм. Ыбыш Эшпаев менен чогуу бизнес кылып, чогуу иштеген эмеспиз, саясатта чогуу жүргөн эмеспиз. Көрүп калчумун, жүрчү. Шайлоочулардын бири да. Менин айдоочум дагы эмес, өкүл балам дагы эмес. Ал үйлөнгөн дагы эмес. Азыр ар ким ар кайсыны айта беришет. Эми алар мыйзамдуу жооп беришсин. Мен ал видеону көргөн деле жокмун. Каралоо үчүн сотко кайрылам. Ошол учурда силерге кабарлап коем", - деди Самаев.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Өмүрбек Текебаевге кол салуу болгонуна байланыштуу пикирин "Твиттердеги" баракчасына жазып, "Кыргызстанда саясий зомбулукка орун жок", - деп жазды. Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов болсо “Текебаев эле эмес, жөнөкөй жаранга дагы кол тийбестик сакталышы керек. Биздин мамлекетте мыйзам иштеши керек”,- деп айтты.

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу боюнча NUR-TV каналына пикирин билдирди. Ал саясатчыга кол салуу болбогонун, кимдир бөрөөлөр менен урушуп кеткенин билдирген.

"Текебаевге кол салынган эмес, аны менен кимдир бирөөлөр урушуп кеткен. Ал жерде атайын келип кол салып, кандайдыр бир каршылык көрсөткөн эмес. Азыр Ички иштер министрлиги иликтеп жатат. Текебаевге кол көтөргөндүгү боюнча бир киши кармалды, бардыгы мыйзам чегинде жоопко тартылат. Биздин мамлекетте эч кимге кол салууга жол бербешибиз керек", - деди Ташиев.

Укук коргоочулар Азиза Абдирасулова менен Динара Ошурахунова Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин (УКМК) саясатчы Өмүрбек Текебаевдин сабалышына байланыштуу ишти териштирүүгө аралашпоого чакырышты.

Алар Текебаев кабылган жагдайды Ички иштер министрлиги териштирип жатканына карабай, УКМКнын жетекчилиги тарабынан басым болуп жатат деп эсептешерин билдирди. Ошондой эле Текебаевге кол салган топтун арасынан милиция бир эле кишини кармаганына тынчсыздануу билдирип, окуяга катышы бар башкаларды да кармоону сунуш кылышты.

Өмүрбек Текебаев - парламенттик башкарууну жактаган жана анын калыптанышына салым кошкон саясатчылардан. Ал Кыргызстандын алгачкы президенти Аскар Акаевге, андан кийин Курманбек Бакиевге оппозиция болуп, Алмазбек Атамбаев учурунда камакка алынган. Кийин ага козголгон кылмыш иши кыскарып кеткен. Азыркы учурда Өмүрбек Текебаев 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, бийликке кескин сын айтып келет.





Губернаторы России
Москва

Собянин поздравил победителей городского конкурса в сфере культуры и искусства





Москва

Ролан Гаррос. Расписание 2 июня. Потапова и Швентек сыграют первым запуском, Синнер – последним


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: Проект "Давай друЖИТЬ" помогает исполнять заветные мечты детей



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Анастасия Волочкова

«Это конец артистки»: Зверев уверен, что проблема Волочковой не в алкоголизме




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Стали известны все участники РПЛ сезона-2024/2025

В Москве презентовали медали и экипировку VIII игр «Дети Азии»

Ролан Гаррос. Расписание 2 июня. Потапова и Швентек сыграют первым запуском, Синнер – последним


Australian Open

Синнер повторил уникальное достижение Джоковича и Надаля на турнирах «Большого шлема»



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Желдорреммаш

Уссурийский ЛРЗ расширяет форматы промышленных экскурсий на предприятие



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России