Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Декабрь
2021

Баткенде чек арачы аскерлердин санын азайтуу сунушталды

0
Баткенде чек арачы аскерлердин санын азайтуу сунушталды

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандын Согд облусунун жетекчиси Раджаббой Ахмадзоданын жолугушуусунда кыргыз-тажик чек арасында чек арачы аскерлердин санын кыскартуу сунушталды.

Тажик тарап алардын ордуна чектеш аймактардагы коопсуздукту милициянын көзөмөлүнө өткөрүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу президенттин Баткендеги өкүлүнүн орун басары Маруфхан Туллаев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтуусунда, мындан тышкары чек арадагы аймактарга курулуштарды экинчи тараптын макулдугу менен гана куруу сунушу айтылды.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандын Согд облусунун жетекчиси Раджаббой Ахмадзода 3-декабрда "Кулунду" өткөрмө бекетинде жолугушту. Анда тараптар кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуяларды талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында чагымчыл аракеттерге бөгөт коюу үчүн чектеш аймактын тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү макулдашылды. Мындан сырткары, чек арачы, милиция жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, чек арадагы терс көрүнүштөрдүн алдын алуу жана болтурбоонун ыкчам аракеттерин көрүү боюнча тапшырмалар берилди.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 1-декабрда Баткен облусунун Баткен районунун Дахма аймагында ок атылганын билдирген. Ага ылайык, шаршембиде кечки саат 9дан өткөндө мамлекеттик чек аранын шарттуу тилкесинде Тажикстан тараптан белгисиз кишилер болжол менен аңчылык мылтыгынан 7-8 жолу ок аткан. Окуя болгон жерге эки өлкөнүн чек ара бекеттеринин жетекчилери келип, мылтык аткандарды чогуу издөө тууралуу сүйлөшкөн. Күч органдарына да кабар берилген. Тараптар аталган аймакта биргелешкен кайгуул уюштурууну да макулдашкан.

Ушул күнү Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургунун кошуна өлкөнүн жарандары сабап, ооруканага түшкөнү, кыргызстандыктар да бир тажик жаранын кармап алып, кийин бошотушканы кабарланган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган аймактардын айынан тез-тез жаңжал чыгып турат. 2021-жылдын жазындагы куралдуу кагылышта эки тараптан ондогон тургундар, аскерлер көз жумган.(ZKo)





Губернаторы России
Москва

Собянин рассказал об интеграции Мневниковской поймы в городскую транспортную сеть





Москва

Кавер-группа MOONPORT выступит на сцене фуд-корта ТРЦ «Нора»


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин рассказал, каким будет летний сезон волонтерского проекта «Время добра»



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Песня

Радио Русский Шансон. Русский шансон слушать. Песни русского шансона.




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Подведены Итоги Национальной Премии «Спорт и Россия - 2024»

Спортсмены из Мытищ победители на соревнованиях по акробатическому рок-н-роллу

Контрольный матч. "Спартак" обыграл "Торпедо".


Арина Соболенко

В Беларуси отреагировали на неожиданное решение Арины Соболенко



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Гроссмейстер из ЯНАО сразится за крупный денежный приз на турнире шахматных звезд



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России