Элчи Бакыт Аманбаев Дональд Лу менен жолукту
Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дональд Лу менен 8-декабрда жолугушту. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги маалымдады.
Анда Аманбаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Глазго шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) климаттын өзгөрүшү боюнча 26-конференциясында көтөргөн демилгеси жөнүндө маалымат берип, АКШны кыргыз президентинин 2022-жылды “Дүйнө тоолорундагы көп жылдык мөңгүлөрдү коргоо жана сактоо жылы” деп жарыялоо демилгесин колдоого чакырды. Жакынкы күндөрү БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын пленардык жыйынында Жапаровдун аталган демилгеси каралат.
Эки тараптын өкүлдөрү кыргыз-америка кызматташтыгын талкуулап, элчи 5-октябрдагы Пенсильвания штатында кыргыз жаранынын өлүмүнө байланышкан окуяны териштирүүнү тездетип берүүнү өтүндү.
Садыр Жапаров Шотландиянын Глазго шаарында өткөн климаттын өзгөрүшүнө арналган COP26 саммитинде 2-ноябрда сөз сүйлөгөн. Анда климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу үчүн Кыргызстанга 3 млрд. доллар керек экенин билдирген. Ал мөңгүлөрдү сактап калуу маселесин козгоп, Кыргызстан үчүн суу ресурстарын жана улуу тоолорду климаттын өзгөрүүсүнөн гана эмес, экономикалык абийирсиз ишмердүүлүктөн сактап калуу маанилүү экенине токтолгон. (TSh)