Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Декабрь
2021

Европа соту колдору балталанган аял үчүн Орусияны 370 миң евро айыпка жыкты

0
Европа соту колдору балталанган аял үчүн Орусияны 370 миң евро айыпка жыкты

Адам укуктары боюнча Европа соту Орусиянын өкмөтүн 2017-жылы күйөөсү колунун манжаларын балталап салган Маргарита Грачевага медициналык жардам көрсөтүүгө кеткен чыгымдары үчүн 330 миң 660 евро жана моралдык зыян үчүн дагы 40 миң евро кенемте төлөөгө милдеттендирди.

Сот мындай чечимди үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган орусиялык аялдардын жамааттык доо арызынын алкагында кабыл алды.

Адам укугу боюнча Европа соту Орусияны кыйноолорду, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге мыйзамдуу жаза колдонууну бузганы үчүн күнөөлүү деп тапты.

Калган арыз ээлери – Наталья Туникова, Елена Гершман жана Ирина Петракова – 20 миң евродон моралдык зыян үчүн компенсация жана ар бири беш миң евро өлчөмүндөгү соттук чыгымдар үчүн кенемте ала турган болушту.

Соттун аныктамасында Орусиянын укуктук тутумунда "үй-бүлөлүк зомбулук" деген түшүнүктүн болбогону жана жабырлануучуларга жакындоого убактылуу тыюу салган коргоо ордери жок экени айтылат.

"Бул аялдарга карата жасалган зордук-зомбулуктарды токтотууга Орусиянын бийлиги  аракет кылбаганын жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарды коргоо үчүн эч кандай чара көрбөгөнүн көрсөттү", -деп жазылган Европа сотунун аныктамасында.

Доо арызды кароодо Орусиянын Юстиция министрлиги "арыз ээлерине карата жасалган зордук-зомбулук үчүн мамлекет жоопкерчилик тартпайт" деген турумду карманды. Анын укуктук жүйөсү боюнча "жабырланган аялдарга кызмат адамдары тарабынан эмес, жеке адамдардын иш-аракеттердин натыйжасында зыян келтирилген".

Маргарита Грачева  күйөөсү Дмитрий Грачев сабаганы тууралуу арыз менен полицияга кайрылган. Бирок полиция ага кылмыш ишин козгоодон баш тарткан. Анын ажырашуу ниетин билген күйөөсү аялдын эки колунун тең манжаларын балталап салган. Дарыгерлердин жардамы менен бир колунун манжалары  жарым-жартылай калыбына келген.

Грачева Орусиянын сотторунда сабалганы тууралуу кылмыш ишин козгоодон баш тарткан ишти талашкан. Жыйынтык чыккан эмес.

Натыйжада бул окуя манжа балталоого чейин жетип, Дмитрий Грачев 14 жылга эркинен ажыратылган.

Укук коргоочулар жабырлануучуну коргоо боюнча мыйзам долбоору 2019-жылдын ноябрында Орусиянын Федералдык Кеңешинин сайтына жарыяланган.

Орус парламентинин жогорку жана төмөнкү палаталары аны жактырган. Бирок коомдук уюмдар документте бардык жагдайлар толук эмес деген негизде ага жакындоого тыюу салган жобону алып салышкан.

Бул мыйзам долбоорун талкуунун "бардык тараптары" жактырмайынча Мамлекеттик Думанын кароосуна киргизбөө чечими кабыл алынган.

Европа сотунун жабырлануучу Маргарита Грачевага 370 миң евро өндүрүү боюнча Орусияга каршы доо бир адамга чегерилген эң ири кенемте.  Мындай кенемтени Адам укуктары боюнча Европа соту 2014-жылы дайынсыз жоголгон чечендердин иши каралган учурда койгон.  Анда акчалай кенемтенин өлчөмү 23 миңден 300 миң еврого чейин болгон.





Губернаторы России
Москва

Собянин: В этом году в ТиНАО будет благоустроено несколько больших зон отдыха





Москва

Преподаватель музшколы из Реутова принял участие в шествии баянистов на ВДНХ


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: Москва всегда поможет молодежи в покорении новых вершин



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Рэпер ST

Рэпер ST пожелал выпускникам на «Алых парусах» действовать смелее




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Многие краснодарцы к 25 годам имеют несколько высших образований, семью и бизнес

29 июня на играх «Дети Азии» состязания пройдут по десяти видам спорта

Медальный зачет Игр «Дети Азии» 28 июня: по-прежнему впереди Узбекистан


Евгений Кафельников

Жертва абьюза? В сети разнесли бросившую свою дочку Алесю Кафельникову



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


ТНТ

«Вы приехали на год раньше»: телеканал ТНТ, студия SVERDЛOVSK и Централ Партнершип представляют первый тизер-трейлер фильма «Беляковы в отпуске»



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России