Акылбек Жапаров Кытайдын Евразия боюнча атайын өкүлү менен жолукту
![Акылбек Жапаров Кытайдын Евразия боюнча атайын өкүлү менен жолукту](https://gdb.rferl.org/08ef0000-0a00-0242-cb4b-08d9ca7e2ba0_cx0_cy10_cw0_w800_h450.jpg)
28-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытай өкмөтүнүн Евразия маселеси боюнча атайын өкүлү Ли Хуэй менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Анда кыргыз-кытай кызматташтык маселеси талкууланган. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстан биргелешкен инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга, өз ара сооданы өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилеген.
Жапаров "Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жолун куруу стратегиялык мааниге ээ экенин, "Бир алкак – бир жол" доктринасы алкагында кызматташууну мындан ары активдештирүү зарылдыгын белгилеген.
Кытай өкмөтүнүн Евразия маселеси боюнча атайын өкүлү Ли Хуэй Кытай мамлекети мындан ары да эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин айткан.
Кыргызстан менен Кытай 2022-жылы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилешет.
Кыргызстан 2020-жылы башталган коронавирус пандемиясынан кийин Кытай менен солгундап кеткен соода-алаканы жандантуу аракетин көрүүдө. (МТа)