Президент чет өлкөлүктөрдү Кыргызстанда лыжа тебүүгө чакырды
Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды жана чет өлкөлүктөрдү Кыргызстандагы кышкы туризмге чакырды. Өлкө башчысы кайрылуусун Ысык-Көл облусундагы Каракол тоо лыжа базасында лыжа тээп жүргөн жеринен жасаган.
"Мен чет өлкөлүк досторду, конокторду кышкы туризмге чакырамын. Бардык шарттар бар, келип эс алып кетиңиздер”.
Жапаров Каракол тоо лыжа базасы дүйнөдөгү ондукка кирген база экенин, трассанын узундугу 4,5 чакырымды түзөрүн белгилеген. Андан тышкары Чүй өрөөнүндө Орловка, ЗИЛ, Нооруз, Кашка-Суу жана Чуңкурчак деген тоо лыжа базалары бар экенин айткан.
Кыргызстанда кышкы туристтик сезон 27-ноябрда расмий ачылган.
Өлкөдө 23 тоо лыжа базасы бар, учурда анын 17си иштейт. Кышкы эс алууга ылайыкташкан жайлар негизинен, Чүй жана Ысык-Көл облустарында жайгашкан. (МТа)