Судандын премьери каршылык акцияларынан кийин кызматтан кетти
Судандын премьер-министри Абдулла Хамдук бийликтин аскерлердин колуна топтолуусуна жана саясий кризиске каршы көчө жүрүштөрүнөн улам кызматтан кеткенин жарыялады. Соңку төңкөрүштөн кийин ал кызматка кайра келген болчу.
Reuters агенттиги анын телекайрылуусуна таянып, маалымат таратты.
"Мен жоопкерчиликти өз моюнума алып, премьер-министрлик кызматтан кеткенимди жарыялайм. Бул асыл өлкөнүн башка бир эркек же аял кишисине жарандык демократиядагы өлкөнү өткөөл мезгилден алып өтүүгө жардам берүү мүмкүнчүлүгүн берүүнү чечтим".
Хамдук Судандын толук демократияга өтүшүн аяктоо үчүн саясий күчтөрдү сүйлөшүүгө чакырды.
2021-жылдын октябрь айында Суданда кезектеги төңкөрүш болуп, аскерлер өлкөдө өзгөчө кырдаал киргизилгенин, министрлер кабинетин жана эгемендүү кеңешти таратканын жарыялашкан.
Өткөөл өкмөттүн бир нече мүчөсү, анын ичинде Хамдук да кармалган болчу. Бир айдан соң өлкөнүн иш жүзүндөгү лидери генерал Абдел Фаттах ал-Бурхан менен биргеликте премьер-министр Хамдук кайра кызматына кайтып келген.
Экөөнүн ортосунда саясий келишимге кол коюлган. Бирок Хамдук армия тараткан мурдагы өкмөттүн ордуна жаңысын түзө алган эмес.
Өкмөт башчынын кызматтан кетишин талап кылган Хартумдагы нааразылык акциялары учурунда кеминде үч адам набыт болгон.
2021-жылдын октябрынан бери Судандагы каршылык акцияларында жалпысынан 57 адамдын өмүрү кыйылган.
Ага чейинки аскердик төңкөрүш Суданда 2019-жылдын апрель айында болгон. Өлкөнү 30 жыл башкарган президент Омар ал-Башир отставкага кетип, аскерлер өлкөдөгү бийлик алар түзгөн кеңешке өткөнүн жарыялашкан.